Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов 16 жашка чыга элек жарандарга электр чыгырыктарын тебүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитети 23-ноябрдагы отурумунда биринчи окууда карады.
Депутат Чотонов мындай чектөөгө соңку жылдары электр чыгырыктары жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көбөйгөнү себеп болуп жатканын айтууда. Мындай талап бузулган учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салуу каралган.
Депутат Рахат Жунушбаева дароо эле тыюу салуу чарасын карабай, шарт түзүп берүү жагына көңүл бурууну сунуштады.
“14-15 жаштагы балдар да электр чыгырыктарын тээп жүрөт. Такси менен шаардын бир четинен экинчи жагына баруу 500-600 сом. Жол тыгындарын, автобустардын жетишпегенин көрүп жатабыз. Балким, башкача жолун карап чыгарбыз. Мэрияга электр чыгырыктары жүрө турган өзүнчө тилкелерди ачуу сунушун берели”, - деди Жунушбаева.
Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев мэрия электр чыгырыктарын ижарага берген компанияларга ылдамдыкты чектөө боюнча талап койгондон кийин кырсыктар азайганын белгиледи. Мисал катары 2025-жылы 78 учур, 2026-жылы чектөө киргенден кийин 32ге азайганын келтирди.
Алиевдин пикиринде, мындай чектөөлөр бул тармакта иштеген компанияларга иштегени менен өзүнүн жеке чыгырыгын же электр велосипеддердин алган тургундар көбөйдү. Аларды көзөмөлдөө жана чектөө кыйынга турарын кошумчалады.
Соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.