"13-14 жашында эне болуп жатышат..." Акыйкатчы коңгуроо какты

Иллюстрация

18ге чыга элек кыздардын кош бойлуу болуп, төрөп, боюнан алдырып, ден соолугунан ажырап, билим албай, өнүкпөй калып жатканы Кыргызстанда курч көйгөй экенин адистер айтууда. Былтыр, мисалы, 327 өспүрүм кыз кош бойлуу болуп, алардын 315и көз жарган. Төрөгөндөр арасында 13 жана 14 жаштагылар да бар.

"13-14 жашында төрөп жатышат"

2025-жылы Кыргызстанда балакат куракка жете элек 327 кыз кош бойлуу болуп, каттоого алынган. Алардын 315и төрөгөн. Төрөгөндөрдүн төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Дагы 39 өспүрүм кыз бойдон алдырган.

Бул маалыматтарды Акыйкатчы институту жарыялап, эрте нике жана эрте кош бойлуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын көрсөттү. Изилдөө өлкөдө балакатка жете электердин никеге турушуна жана кош бойлуу болушуна байланышкан мыйзамдардын аткарылышын баалоого багытталган.

Мониторингдин жүрүшүндө чогултулган расмий маалыматтар өспүрүм кыздардын арасында кош бойлуулук дагы эле олуттуу көйгөй бойдон калганын көрсөтүп турат. Андан да маанилүүсү, бул фактылар көбүнчө кыздар кош бойлуу болгондо же төрөт учурунда гана ачыкка чыгып жатканы белгиленди.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Ошого карабастан, эрте нике фактылары өлкөнүн бардык аймактарында кездешет.

Жамиля Жаманбаева

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга чейин Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында эрте никени алдын алуу боюнча укуктук база жетиштүү болгону менен мыйзамдар сакталбай жатканын билдирген.

Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарындагы мектеп окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 52 пайызы өз чөйрөсүндө эрте никеге күбө болгонун айткан. Ал эми 40 пайыздан ашууну өспүрүм кыздар боюна бүткөн окуяларды кездештиргенин билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр өлкөдө жашы жете электердин никеге турушунун 340 фактысы аныкталган. Бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон.

Мониторинг жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин көрсөткөн. Айрым райондордо эрте никени алдын алуу боюнча иш-чаралар билим берүү бөлүмдөрүнүн пландарына да киргизилген эмес. Ошондой эле турмушка чыккан өспүрүм кыздардын окуусун улантуусу жана мектепти аякташы көзөмөлдөнбөй турганы белгиленген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районунда, мисалы, 2025-жылы берилген 10 жана 2026-жылдагы беш арыздын баарында, Кочкор районунда эки жыл ичинде төрт өспүрүм кызга никеге турууга уруксат берилгени аныкталган. Социалдык кызматтар алардын бардыгы кош бойлуу болгонун билдирген.

Мониторинг мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу жетишсиз экенин да көрсөткөн.

Жети-Өгүз райондук төрөт үйүнүн маалыматы боюнча акыркы бир жарым жыл ичинде, мисалы, жашы жете элек эки кыз төрөгөн. Бирок райондук ички иштер бөлүмү 2025-жылы эрте нике катталган эмес деген маалымат берген.

Дагы караңыз

"Оку, өнүк, күйөөгө шашпа". Өзбекстан эрте нике көйгөйүн чечүү аракетинде

Маселе парламентте да көтөрүлгөн

Бул маселе жакында Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Мирлан Жээнчороев эрте никеге байланыштуу коомдук пикирди өзгөртүүгө аракет кылган көрүнүштөрдү сынга алып, мындай саясатка жол бербөө керектигин айткан.

Анын пикиринде, кыздардын билим алуусу чектелип, алар турмуштук чечимдерди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Депутат эрте нике жана эрте төрөт кыздардын репродуктивдүү ден соолугуна да олуттуу зыян тийгизерин белгилеген:

Мирлан Жээнчороев

"Өспүрүмдөрдү эрте күйөөгө берүү маселеси, бул "Овертондун терезеси" (Окно Овертона), 18ден төмөндөтүү саясатына чек коюп, токтотушубуз керек. Эгер азыр биз кыздарга 18ге чыккандан кийин билим, тарбия бербесек, кийинки жашоосуна даярдабасак, генофондго таасирин тийгизет. Аялзатына бүгүн кол салынса, билим берүүгө чек коюлса, эртең улут жоголот. Генофондго залалын тийгизет, бул боюнча изилдөөлөр бар. Канчалык эрте күйөөгө тийсе, репродуктивдүү ден соолугуна зыян келип, генофонд бузулат".

Соцтармактардын кыргыз тилдүү сегментинде «адеп-ахлакты сактоо» же диний түшүнүктөрдөн улам кыздарды эртерээк (16–17 жашында) күйөөгө берүү керек деген видеолор жана талкуулар улам чыгып турат.

Жээнчороев соңку кезде мына ошол социалдык түйүндөр аркылуу коомдук аң-сезимге таасир этүү аракети жүрүп жатканын белгилеген:

"...Бул боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге, прокуратурага дагы кайрылат элем. Ушундай чакырык жасагандарга, акырын блогерлерге айттырып, аны эптеп мыйзам кылып алып келүү бул "Овертондун терезеси". Ошондуктан бул биздин саясат эмес, биздин мыйзамдар эмес деп ачык айтышыбыз керек".

Кыздар жетиштүү корголгонбу?

Акыйкатчынын баяндамасында нике тууралуу чечим көп учурда кыздардын өз эркинен тышкары, үй-бүлөнүн таасири менен кабыл алынары айтылган. Мындай көрүнүш кыздардын билим алуу жана коопсуздук укуктарын чектеп, зомбулукка, ар кандай басым-кысымга кабылуу коркунучун күчөтөт.

Айрым аймактарда кыздар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо алардын 63% зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылганын айтып беришкен.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 369 кылмыш катталган.

Дагы караңыз

"Кыздарга гинекологго барганды, гигиенаны үйрөтүү керек"

Алардын арасында 137 зордуктоо, 16 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук фактысы жана сексуалдык аракеттерге мажбурлоонун 20 фактысы бар. Бул кылмыштардан жалпы 288 бала жана 77 аял жабыркаган.

"Азаттык" эрте никенин себептери жана кесепеттери тууралуу атайын макала даярдаган. Анда адистер Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда туррын айтып беришкен.

«Светтик өлкөдө жашагандан кийин мыйзамга таянышыбыз керек. Мыйзам боюнча кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыгышы керек. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк учурда ага жеткирбей эле куда түшүп, кыздарын турмушка берип жатышат. Бул жерде эң оболу үй-бүлөдөгү тарбия маанилүү. Кыз менен эне, эже иштеши керек. Албетте, мындай учурлардын айрымдары зордук-зомбулуктун кесепетинен да болот. Бирок көп учурда күнөөлүүлөр жоопко тартылбай калгандыктан, мындай көрүнүштөр кайталана берет. Бул маселе комплекстүү мамилени талап кылат. Маселен, Өзбекстанда жаш түгөйлөр үй-бүлө куруунун алдында медициналык кароодон өтүшөт. Казакстанда өспүрүмдөр үчүн атайын кабинеттер жана борборлор бар. Ал жакта дарыгерлер менен психологдор кеңеш беришет. Ал эми бизде кыздардын өзү дарыгерге кайрылуудан уялат, ата-энеси да түшүндүрүп бере бербейт. Өспүрүмдөрдүн төрөт маалындагы өлүм көрсөткүчү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда экинчи орунда турат. Ошондуктан бул маселени өкмөт деңгээлинде көтөрүү зарыл», - деген Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева.

Акушер-гинекологдордун айтымында, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болушу жана эрте нике көйгөйү негизинен үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздигине байланыштуу. Дарыгерлердин белгилешинче, кыздардын жыныстык жана репродуктивдик саламаттык боюнча сабаттуулугун жогорулатуу, үй-бүлөдө жана мектепте түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл.

Дагы караңыз

"350дөн ашуун секелек, беш көкүл көз жарды". Кыздар көргөн зомбулук, эрте төрөттүн кесепети

Эрте никенин жазасы кандай?

Кыргызстанда жашы жете электер, тагыраагы, 18 жашка чейинкилер менен никеге турууга мыйзам тыюу салат жана бул үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесине ылайык, эгерде 18 жашка толо электерге диний ырым-жырым аркылуу нике кыйылса, ага катышкан бир нече тарап кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Тактап айтканда, никеге турууга уруксат берген же аны уюштурган ата-эне, нике кыюу ырым-жырымын аткарган молдо же башка диний кызматкер, ошондой эле жашы жете элек менен турмуш куруп жаткан 18 жаштан жогорку курактагы жаран.

Ал эми эрте нике башка оор кылмыштар менен коштолгон учурда, мыйзамдагы жаза чаралары дагы да катаалдайт. Мисалы, Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинде көрсөтүлгөндөй, адамды никеге турууга же чогуу жашоого мажбурлоо үчүн 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин айып пул салынат же 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы берилет. Мындан тышкары, кодекстин 172-беренесине ылайык, никеге туруу максатында 18 жашка толо элек кыз баланы ала качуу 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Үй-бүлө кодексине ылайык, расмий нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Болгону өзгөчө жүйөлүү себептер болгон учурда гана, мисалы, кош бойлуулук сыяктуу жагдайларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий уруксаты менен нике курагы бир жылга, башкача айтканда, 17 жашка чейин кыскартылышы мүмкүн. Бирок, акыйкатчынын соңку маалыматында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай учурдагы айрым чечимдери канчалык жүйөлүү дегени боюнча суроо жаралганы жана тийиштүү органдар көңүл бурушу керектиги белгиленди.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алган. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалаган.

“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деген президент.