Марат Казакбаев: Эл лидерге ишенип добуш берет

Кыргызстанда парламенттик шайлоо учурунда, андан кийин да жаңжал, ал эмес жарандык согуш чыгуу мүмкүнчүлүгү айтылууда. Бул маселе канчалык негиздүү? Саясат таануучу Марат Казакбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- 30-августта эгемендүүлүктүн алдында Бишкекте болгон тегерек үстөл жыйынында Кыргызстан жарандык согушка жакын абалда деген баалар берилди. Сиз буга кошуласызбы, негиз барбы?

Марат Казакбаев: Мен айтып коеюн, жарандык согуш болбойт. Билесиздер, акыркы каттоо 30-августта эле бүттү, мен азыр так билбейм канча партия катышат. Буга чейин эч бир чыр, конфликт болгон жок. Сезип атабыз, аябай курч саясий күрөш болот, шайлоо 10-октябрда сөзсүз болот. Биздин эл түшүнөт, жаңы согуш, жаңжалга жол бербейт.

- Саясий партиялардын жаңжалдардын алдын алуу үчүн этикалык кодекске кол коюшу ошол чатактарды четке кага алабы?

Марат Казакбаев: Ооба. Менин оюмча бул инструментти туура эле кылышты, себеби шайлоого карата абал аябай күчөп атат. Бул кодекс керектүү иш. Азыр көп партия кол коюшту, каттоодон өтүштү. Ушул кодекс жөнөкөй, формалдуу механизм болбойт, менин оюмча ушул кодекске кол койгондо башка партиялар компроматка кирбейт.

- Бир партиянын лидери шайлоо учурунда бурмалоолорго жол бербеш үчүн бюллетендерге ар бир партия өзүнүн мөөрүн коюш керектигин айтты. Бул техникалык жактан мүмкүнбү?

Марат Казакбаев: Мүмкүн, мен ушундай көз карашка кошулам. Менин оюмча маркировка деле, мөөр деле керек. Жаңжал болуп кетпеши үчүн шайлоо болгонго ушундай инструменттер баары бир керек.

- Сиз айткандай тизмелерди тапшырган партиялардын саны 10-15 эмес, 25ке жеткенин бизге кабарлаган. Алардын ичинен баары эле шайлоого баралабы, же 10-октябрга чейин азайып калабы?

Марат Казакбаев: Жок, кечээ акыркы күн болбодубу, 20дай партия өтсө өтө берсин, буларды эч ким түшүрө албайт. Бирок абалга карап өтүшөт да, 5 пайыз бул аябай оор. Муну мурда мен деле, башка эксперттер деле айтып аткан, 4-5 партия өтөт, «Ата мекен», СДПК, «Ак шумкарда» мүмкүнчүлүк көп, анан “Ата журт”, “Бүтүн Кыргызстан” өтүшү мүмкүн. Ошон үчүн, менин оюмча, реалдуу карасак 4-5 эле партия өтөт.

- Ушул партиялардын программаларын сиз байкай алдыңызбы, же сиз да саясий жакты иликтеген адис катары, же лидерлерге карап эле добуш бересизби, азыр көпчүлүк калк айтып аткандай?

Марат Казакбаев: Көбүнчө ушундай эле болуп атпайбы, партиялардын программаларын карап атабыз, бирок ал программалар иштеген деле жок. Мына 19 жылдын ичинде идеологиялык багыты чабал болуп атат, көбүнчө лидерге ишенип эл добуш берет.

- Ушул шайлоонун адилет, таза өтүшүнө азыркы кезде өкмөт тарабынан кандайдыр бир шарттар, негиздер түзүлдүбү? Мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмалуу болот?

Марат Казакбаев: Мен мындай деп айтып коеюн, мурда Акаев, Бакиевдин учурундай аябай чоң административдик ресурс болбойт, эл дароо көтөрүлөт. Ошон үчүн азыр бийлик, эң биринчи Отунбаева өлкө башчысы катары эч бир административдик ресурс жүргүзбөшү керек. Ошон үчүн мен ушул шайлоо аябай таза өтөт деп ишенип атам. Албетте жер-жерлерде кичинекей мыйзам бузуулар болот, аны эсептеш керек. Бирок мурунку Акаев, Бакиев учурундай катуу ресурс болбойт.

- Рахмат.