"Хизб-ут Тахрир" ишин жанданттыбы?

Тыю салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун баракчалары.

Кыргызстандагы быйылкы жылдагы окуялар, саясий бейстабилдүүлүк айрым тыю салынган диний уюмдардын жандануусуна шарт түзгөнү айтылууда.
Алардын арасында зомбулуксуз максатта иш алып барган “Хизб-ут Тахрир” уюму үчүн өлкөдөгү акыркы 15 жылдык саясат ыңгайлуу учурду шарттап жатат. Мунун себебин адистер президенттик бийликтин авторитаризми жана паламенттик башкаруунун алгачкы тирешүүлөрү халифат куруу идеасын алдыга сүрөгөнгө кыйла орундуу негиздөө экендигин айтышууда.

Көптөн күткөн учур келдиби?

“Дин, саясат жана коопсуздук” деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Орозбек Молдалиев парламенттик башкаруу саясаты тирешүүлөр менен башталышы “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу уюмдардын тарапкерлерин күчтөндүрүүгө зор курал болуп берүүдө деген пикирде:
Орозбек Молдалиев

- “Хизб-ут Тахрир” уюмунун биздин өлкөдө активдешкенге аябай жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Айрыкча идеологиялык жактан. Себеби, президенттик башкаруунун убагында хизбутчулар айтып жүрүшкөн, “бул башкаруу элди калыстыкка алып келбейт, адилеттик болбой жатат” деп. Эми парламенттик формага өтөбүз деп, ортодо талаш-тартыш чыгып турган кезде, “мына көрдүңөрбү демократия деген нерсе эч убакта адамдарды адилеттүүлүккө жеткирбейт, баягы эле бийлик талашуу жүрүп жатат” деген негиздөөлөрүн элдин арасында таратууда. Бул алардын он жылдап күткөн мүмкүнчүлүгү.

“Хизб-ут Тахрир” уюмунун жанданышы болгондо да жаңыча ыкмаларды колдонуу менен күч алышы Ош облусунда кайра байкалганын Ош облустунун казысы Сүйүн ажы Калыков айтат:

- Хизбуттахрирчилер учурда жаңыча план менен иш алып барууда дегенден кабарым бар. Мисалы, мурда булар баракчаларды, дисктерди таратышып иш алып барышса, учурда жаңыча бирок азырынча бизге так, ачык боло элек ыкмаларга өткөнүн билем. Кыргызстанда, анын ичинде Ош облусунунун аймагында жүрүп жатат булардын аракети. Муну жашырыштын деле кереги жок.

Дин багытында иш алып барган Орозбек Молдалиев бул диний партиянын максаты Кыргызстандын аймагынан алда канча алысты көздөп жатканын, учурда уюмга болгону мүчөлөрдү гана топтоо процесси жүрүп жатканын ачыктады:

- Халифат курмайынча адилеттик, калыстык болбойт деген идеологияны тынч таратуу иши жүрүп жатат. Бир топ жыл илгери Өзбекстандан качып чыгып Ош облусунда жашап жүргөн жаштар арасында мүчөлөр арбын болсо, учурда кыргыз улутундагы жаштар да массалык түрдө мүчө болуп өтүүдө. Алар азыр “Хизб-ут Тахир - Кыргызстан” деген аталыштагы таркатмаларды чыгарып жатышат. Азыр бир топ эле түндүктүн жаштары анын арасында Ысык-Көлдүн, Нарындын, Чүйдүн жана Бишкектин жаштары да бул партиянын катарына өтүп кетип жатышпайбы.

Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрирдин” канча мүчөсү бар?

Расмий эмес булактарда бул сан 5 миңден 20 миңге чейин деп айтылып жүрөт. 2009-жылдын май айында АКШнын мамлекеттик департаменти өзүнүн отчетунда Кырызстандагы “Хизб-ут Тахрир” мүчөлөрү 15 миңге жеткенин жазып чыккан.

Ошондуктан бул уюмга Кыргызстанда расмий макам берип, каттоого алуу зарыл дейт Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов:
Чубак ажы Жалилов

- Негизинен ушул сандарды так билүү үчүн биз “Хизб-ут Тахрир” уюмуна расмий макам берүүбүз зарыл. Же болбосо ачыкка чыгарсак болмок. Ошондо гана учурда божомолдоп, шекшип жаткан сөздөр азаймак. Чындап эле алар кандай максатты көздөп жатат, алардын расмий пикирилерин биле алмакпыз. Азыр болгону имиштер же кандайдыр бир туура эмес агым катары кармалып, суракта айтып жаткан бирин-экин дурус маалыматы жок өкүлдөрдүн жупуну көрсөтмөлөрү жагдайды анык көрсөтө албайт.

Аталаган диний партияга расмий макам берүүнүн өзү ишке ашпай турган маселе экендигин совет мезгилинен бери диний агымдардын үстүнөн иштеп келе жаткан адис Шамшыбек Закиров түшүндүрмө берди:

- Биринчиден, бул партия өз ыктыяры менен катталууну каалабайт. Экинчиден, светтик мамлекетти тааныбайт. Үчүнчүдөн, Кыргызстан Конститутциясында диний максатты көздөгөн партиялардын катталуусуна тыюу салынган.

Деген менен 2008-жылы Кыргызстанда Хизб-ут Тахрир диний уюмуна каршы активдүү күрөш жүргөн. Ошол кезде бир катар укук коргоочулар Курманбек Бакиевдин бул саясатын катуу сынга алып, тынч элдин арасында диний агымдардын мүчөсү деп оңду-солду камоолор жүрүп жатканын айтып чыгышкан.

Ошондо камакка алынган ноокаттык Лобар аттуу келин алигүнчө өзүн кандайдыр бир экстремисстик уюмдун өкүлү катары эсептебейт. Ал болгону динге берилген адамдарга каршы саясат жүрдү деп баа берет.



Лобар 2008-жылы Ноокатта мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирген жана кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү деп адегенде шектелип, кийинчерээк соттолуп, камалган 32 адамдын арасында болгон. Ушул жылдын 13-майында Убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде боштондукка чыгарылган.
"Хизб-ут Тахрир" уюмуна тиешеси бар делип айыпталгандардын соту. Ош, 2008-жылдын 26-ноябры.

Бирок 2010-жылдын башынан тартып аталган диний партиянын мүчөлөрүнө аңчылык кыйла басаңдап кетти. Анын бир көрсөткүчү катары ички иштер башкармалыгындагы атайын экстремисттик күчтөргө каршы иш алып барган “9-бөлүмдүн” жоюлушун эске алса болот.

Деген менен жакын арадан бери жогоруда аталган бөлүмдүн кайра ишин баштаганын ИИМдин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов “Азаттыкка” маалым кылды.