Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Кыргызстандык диний качкындар баш паанек издөөдө


Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары соттун жанында. Ноокат, 14-май, 2009-жыл.
Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары соттун жанында. Ноокат, 14-май, 2009-жыл.

Ноокат окуясынан кийин кысымга кабылып, үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун бири - Салика айым Москвадан "Азаттыкка" үн катты.

- Салика айым, сиздер Кыргызстандан качан, эмне себептен чыгып кеттиңиздер?

- Биз Кыргызстандан 2008-жылы 2-октябрда чыгып кеттик. Себеби милиция биздин артыбыздан түшүп алды. 1-октябрда Ноокатта айт болду. Аким мусулмандардын майрамында аш таратканга уруксатын берген эле. Бирок эртеси күнү майрамдаганы көчөгө чыксак, көчөлөргө ОМОНдорду жайып салган экен. Элди урдуруш үчүн Кызыл-Кыя шаарынан спортчу балдарды алып келишиптир. Мунун баарын бийликтегилер уюштуруп коюп, анан аны кайра “Хизб-ут Тахрир” кылды деп айтып чыкты.

- Ошол Ноокат окуясынан кийин сиздерге кандайдыр бир кысымдар көрсөтүлдүбү?

- Ооба. Биздин артыбыздан милиция кубалады. Майрамга чейин бир эки күн мурун эле милициялар жоолук оронгон аялдардын артынан түшө баштаган болчу. Бирдеме болсо эле “Хизб-ут Тахрир” кылды дешет. Биз бул партияга тиешебиз жок болсо деле кубалай башташты. Үйүбүзгө үч жолу издеп келишти. Жолдошум болсо диний көз карашы үчүн 2 жолу камалган. Анан дагы бизди камайбыз дегенинен качып кетүүгө мажбур болдук.

- Учурда сиздер Москвада кандай күн көрүп жатасыздар, бир жерде иштейсиздерби?

- Москвага келгени бир жылдан бери эч жерде иштей элекпиз. Миграция боюнча кызматка барып жумушка орношууга уруксат алалы десек, бизди кармап берип коюшат. Анткени Кыргызстан бизге издөө салган да. Башка жактарга да чыгып кете албайбыз. Көчөгө чыксак көрүнгөндөн коркобуз.

- Бир жыл аралыгында сиздер жашап жаткан жериңиздерге бирөө жарым издеп келдиби? Ошондой бир көрүнүштөрдү байкадыңыздарбы?

- Издеп эле жатышат. Бир эле биз эмес, бизге окшогондор Москвада өтө көп. Ноокат окуясынан кийин молдолор, жоолук оронгондор бул жакка келип алып, жумушсуз жүрүшөт. Селсаяктардай эле жашап жатабыз.

- Анан кантип күн кечирип жатасыздар. Балдарыңыздарды кантип багып жатасыздар?

- Орустарга рахмат айткым келет. Кээ бир орус кемпирлер нан, тамактарын берип, “силер өз ишенимиңер үчүн жабыр тартып жатасыңар” деп бизди туура түшүнүп жатышат. Биз үйлөрдүн подъезддеринде жашап жатабыз. Балдарыбыз өзүбүз менен бул жакта. Баламды Ноокаттан мектептен “атаң вахабист” деп чыгарып салган, кызыма болсо ушул себептүү паспорт бербей койгон. Эптеп жасалма документ алып жүрөбүз.

- Сиздер Москвадан укук коргоо борборлоруна кайрыла алдыңыздарбы?

- Биз көп уюмдарга кайрылдык. Баары эле “жардам беребиз, күткүлө” дегени менен эч бир жыйынтык жок. Жакында ооруп операция болдум. Акчаны бул жердеги мусулмандар чогултуп беришти. Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына кайрылган элек. Алар бизге “Силерди өзүбүздүн коргоого алдык. Москвада тура турсаңар, анан башка бир мамлекетке жиберебиз” деп справка берген. Бирок бир айда болот дегени менен, мына бир айдан өтүп бара жатат андан башка эч кандай жооп жок. А эгер биз Кыргызстанга кайтып барсак, бизди камап коюшат. Себеби биз хижаб киебиз, намаз окуйбуз, кудайдын бардыгын, кыямат болоорун билебиз. Муну өкмөт түшүнбөй жатат да.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG