Дилмурат Акбаров: “Үрүмчү окуясы унутта калбайт”

Жай айларында Үрүмчү шаарында болгон башаламандыктарга байланыштуу кыргызстандык “Иттипак” уйгурлар коому кырдаалды талкуулап, өздөрүнүн позицияларын билдиришкен. Бул окуяга айрым Кыргызстандын укук коргоочулары да баасын берген эле.
Учурда Шаңхай Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн адам укуктары маселесине мамилеси кандай болуп жатат? Ушул жана башка суроолорго “Иттипак” уйгурлар коомунун жетекчиси Дилмурат Акбаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Дилмурат мырза, жайында Үрүмчү шаарында болгон башаламандыктан кийин сиздер “Кытай элчилигинин алдында нааразылык акциясын уюштурабыз же тегерек үстөлдө талкуулар болот” дедиңиз эле. Аракеттериңиздер канчалык деңгээлде ишке ашты? Учурда сиздин уюм бул жаатта эмне кылып жатат?

Дилмурат Акбаров: Митинг өткөрдүк. Башаламандыкта каза тапкан уйгур жарандарын эскерип куран окуттук. Башка бир иш-чараларды өткөрөлү десек уруксат берилбей жатат. Азыр эч кандай аракет жок. Анын үстүнө азыр бул боюнча эч ким, эч нерсе айта алган жок. Анткени маалымат жок.
ШКУга кирген бир да мамлекет бул окуяга байланыштуу адам укуктары маселесин козгогон жок.


Үрүмчүдөгү нааразылык акциясы. 7-июль, 2009-жыл
“Азаттык”:
Ошол учурда кыргыз укук коргоочулары да окуяга өз бааларын берип, Кытайдагы кандуу окуяны кескин айыпташкан эле. Бирок акыркы учурда бул окуя көз жаздымда калып бараткандай түр калтырат. Деги эле азыр Шаңхай Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн адам укуктары маселесине мамилеси кандай болуп жатат?

Дилмурат Акбаров: Бул уюмга кирген бир да мамлекет бул окуяга байланыштуу адам укуктары маселесин козгогон жок. Орусия болсо Кытайды колдоп койду. Кытай болсо маалыматты бууп, бир жактуу гана көрсөтүп жатты. Бир гана Түркияда бул маселеге көңүл бурулду. Түркиянын премьер-министри “уйгурлар геноциди” тууралуу катуу сүйлөдү. Алардын сыналгыларынан тасмалар көрсөтүлүптүр.

Эми Кыргызстанда болсо абал түшүнүктүү болуп жатпайбы. ШКУга киргенден кийин алардын милдеттери бар. Аларды аткарыш керек. Колу буулуп калды да. Ошондуктан бүгүнкү күндө эч бир маалыматы жок олтурабыз.

Кытай - Үрүмчүдө уйгурлар менен кытайлыктардын кагылышуусу. 5-июль, 2009-ж.
“Азаттык”:
Бул окуя, сиздин көз карашыңызда, дүйнө коомчулугунда кандай маанайды жаратты?

Дилмурат Акбаров: Албетте бул кандуу окуяны дүйнө эли көрдү. Көп балдар атылып кетти, камалды. Бирок бир чети бул окуя дүйнө элине уйгурлар бар экенин тастыктады. Кытайда кытайлар гана эмес, уйгурлар да бар экенин, Уйгур курултайы бар экендиги белгилүү болду. Бирок бул окуя унутта калбайт. Бул окуя бир күнү кайра көтөрүлөт. Муну менен эле унутулуп калат деп айтуу кыйын. Эл көрдү бизди.
Биз боштондукка тынчтык жолу менен гана умтулабыз. Биздин позиция ошондой.


“Азаттык”: Айрым кыргыз саясат таанучулары уйгурлар Кытайдан боштондук алуу үчүн демократиялык жол менен да, куралдуу каршылык көрсөтүү жолу менен да аракет кылып келгенин айтышат. Бирок алар бул эки жол менен тең азыркы шартта ийгиликке жетүү татаал дешет. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Дилмурат Акбаров: Биз баары бир демократиялык жол менен тынчтыкта максатыбызга жетебиз деп ойлойбуз. Кытайда түбөлүктүү коммунисттик идеология жашай бербейт да. Аларда да демократияны эңсегендер бар. Менимче, алар көп эле болуш керек. Советтер союзу деле кулап, анын курамындагы өлкөлөр эгемендик алат деп ким ойлогон? Биз боштондукка тынчтык жолу менен гана умтулабыз. Биздин позиция ошондой.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" архивинен: Рабия Кадыр: "Биз террорчулукту айыптайбыз"

Бүткүл Дүйнөлүк Уйгурлар Курултайынын төрайымы Рабия Кадыр айым азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (тарыхый Чыгыш Түркстандагы) соңку кырдаал жана аймактын эгемендиги үчүн күрөш тууралуу "Азаттык" үналгысына маек куруп берди. 11.09. 2009. TT.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз