АКШда кыргыздар иштеткен трак компаниялар толук жабылабы?

Трактарды текшерүү

Кошмо Штаттарда Бекжан Бейшекеевдин катышуусунда болгон автокырсыктан кийин кыргызстандыктар иштеткен Tutash Express жана Sam Express Inc трак компаниялары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Американын транспорт министри Шон Даффи билдирди.

Федералдык автотранспорт коопсуздугу башкармалыгы (FMCSA) айдоочуну жумушка алган AJ Partners компаниясынын ишин толук токтоткону маалым болду. Андан тышкары айдоочуга коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берген Aydana Trucking School мектебинин сертификаты дагы жокко чыгарылды.

Шон Даффи текшерүүлөр улантыларын жана мыйзам бузууларга тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартыларын белгиледи.

Буга чейин Америкадагы иликтөөчү журналисттер кыргызстандыктар иштеткен Sam Express Inc компаниясын "хамелеон" ишкана деп атап, анын ишмердүүлүгүндө ар кандай эреже бузууларды аныкташкан. "Азаттык" алардын бири Роб Карпентер менен байланышып, маек курду.

- Сиз АКШдагы трак индустриясын жана ага байланышкан системалык көйгөйлөрдү көптөн бери иликтеп келесиз. 3-февралда кыргызстандык айдоочунун катышуусу менен болгон жол кырсыгы коомчулук буга чейин толук түшүнө элек бул система тууралуу кандай жагдайларды ачыкка чыгарды?

- АКШнын трак индустриясында бир нече олуттуу көйгөй бар жана бул кырсык ошолорду дагы бир жолу ачык көрсөттү. Ар бир жолу ири авария болгондо бул маселелер кайрадан күн тартибине чыгат. Бирок бир аз убакыттан кийин коомчулуктун кызыгуусу кайра басаңдап кетет.

Айдоочулар трак айдоого кантип жеткени негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул үчүнчү тарап аркылуу экзамен тапшыруудагы маселелер, мыйзамсыз же жасалма окуу жайлар болушу мүмкүн. Андан кийин мындай айдоочуларды жумушка алып, рулга отургузган компаниялар бар.

Дагы караңыз "Жолдо сак болгула". АКШда кыргыз жигит кырсыкка кабылды

Көйгөй көп. Айдоочунун лицензияны кантип алганынан баштап эле суроолор жаралат. Ошондуктан "хамелеон" компанияга байланышкан бир эле учурга көңүл буруу кыйын. Анткени мындай кырсыктардын түпкү себептери ар кандай.

- Учурда федералдык тергөөчүлөр кыргызстандык компанияларды текшерип жатканы маалым болду. Алар толук жабылып калышы мүмкүнбү? Алдыда дагы эмнени күтсө болот?

- Муну так айтуу кыйын, кээде мындай текшерүүлөрдөн кийин такыр эле эч нерсе болбой калышы мүмкүн. FMCSA'дин максаты мыйзам бузуу барбы же жокпу, ошону аныктоо.

Мындай текшерүүлөр адатта кылмыш иши менен аяктабайт. Көп учурда алар айыппул же компаниянын коопсуздук рейтинги (CSA- Compliance, Safety, Accountability) жана (SMS-Safety Measurement System) коопсуздукту баалоо системасына таасир эткен мыйзам бузуулар менен чектелет.

Башка жагы да бар. Маселен, болжол менен 13 жыл мурда болгон Beam Brothers"тин ишин эске алсак, ал жерде жол кырсыгы да болгон эмес, иш сааттарына байланыштуу мыйзам бузуу чыккан. Бирок ага АКШнын Юстиция министрлиги аралашкан. Ал учурда федералдык маршалдар трак компанияларга рейд жүргүзгөн.

Бул таптакыр башка деңгээлдеги сценарий. Анткени Юстиция министрлиги катышканда жыйынтык FMCSA жүргүзгөн текшерүүдөн кескин айырмаланат.

Бирок эмне болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Анткени ким, кайсы ыйгарым укук менен жана кандай негизде барганын азырынча билбейбиз. Бул маалыматтар коомчулукка ачык эмес.

- Сиз кыргызстандыктар иштеткен Sam Express компаниясын «хамелеон» ишкана катары мүнөздөйсүз. Бул эмнени билдирет?

- Хамелеон-операция бул жашыруун иш жүргүзүү дегенди билдирет. Бул көзөмөл органдарынын текшерүүсүнөн жана жоопкерчиликтен качуу үчүн атайын түзүлгөн өз ара байланышкан компаниялар тармагы. Маселен, ар бир тракка же 17 белгиден турган уникалдуу идентификациялык номер VIN берилет. Аны автоунаанын “паспорт номери” десек болот.

Бир автоунаада бир гана VIN болот жана ал өзгөрбөйт. Ал эми DOT номер бул АКШда жүк ташуучу компанияга же коммерциялык транспорт операторуна берилген уникалдуу каттоо номери.

"Хамелеон" компанияларда бир эле трак ар кайсы компаниянын DOT номери менен чыга берет. Адатта мындай кырдаал коопсуздук көрсөткүчтөрү начарлап кеткенде пайда болот. Мисалы, компаниянын CSA рейтинги түшүп, жол кырсыктары көбөйүп, текшерүүлөрдө мыйзам бузуулар катталып, аудит коркунучу жаралганда, айрым ишкерлер бизнесин “жапкандай” кылып, жаңы аталыш, жаңы DOT номер менен кайра каттатышат.

Дагы караңыз "Кыргыздар бир нече райондо турабыз". Лос-Анжелес мигранттын көзү менен

Документ жүзүндө бул таптакыр башка компания болуп көрүнөт, бирок артында ошол эле адамдар, ошол эле трактар жана ошол эле иш ыкмасы калат.

Мындай схемада бир нече белгилер кайталанып турушу мүмкүн. Бир эле автоунаанын VIN номери ар башка DOT номерлерге катталып чыгышы, бирдей дарек же терминал колдонулушу, окшош телефон номерлер, бир эле камсыздандыруу брокери же бухгалтердик кызмат көрсөтүүчү, ошол эле айдоочулар - мунун баары формалдуу түрдө өзүнчө компаниялардай көрүнгөнү менен, иш жүзүндө бир тармак экенин көрсөтүшү мүмкүн.

Дагы караңыз АКШнын Кыргызстанга виза боюнча жаңы талабы: 15 миң долларга чейинки күрөө

Айрым учурларда эски компаниянын авторитети токтотула электе эле жаңы компания катталып калат. Бул алдын ала пландалган кадам экенинен кабар берет. Sam Express компаниясы дагы ошондой компания экенин далилдөө оор болгон жок.

- АКШ мыйзамдары мындай жашыруун же кайра атын өзгөрткөн операцияларга жол береби?

- Кээ бир учурларда мындай түзүлүштөр мыйзамдуу да болушу мүмкүн. Мисалы, мен мурда жеке инвестициялык компанияда (private equity) иштегенде, бир эле даректе, бир эле жетекчинин аты менен, бир эле телефон номери аркылуу катталган 20 ар башка DOT номери бар компаниялар болгон. Көп адамдар муну көрүп эле «Роб хамелеон иштетип жатат» деп ойломок.

Бирок чындыгында бизде жеке инвестициялык компания бар эле, ал көптөгөн биригүүлөрдү жана сатып алууларды (mergers and acquisitions) жүргүзгөн. Биз ошол компаниялардын бардыгын бир жерге топтоп, борборлоштурганбыз.

Ошондуктан хамелеон компанияларды аныктоодо эң негизги маселе, алар чындап эмне менен айырмаланат деген суроо. Негизи, маселе эмнени жашырып жатканыңда. Эмнени ачык айттың? Эмнени айткан жоксуң? Ушул факторлордун баары роль ойнойт. Айрым учурларда, дагы бир жолу айтам, мындай түзүлүштөр толугу менен мыйзамдуу болот. Мисалы, лизинг келишимдери туура түзүлүп, туура катталып, бардык талаптар сакталса.

FMCSA мунун баарынан кабардар болуп, эч нерсе жашырылбаса, бул мыйзам бузуу эмес.

- Жөнгө салуучулар мындай алдамчылык схемаларды эрте аныктай алышса керек. Бирок эмне үчүн ушундай тармактар жылдап иштеп, жабылбай келет?

- Мына ушул нерсе маселени татаалдаштырат. Көп учурда мындай тармактарга кырсык болгондо гана көңүл бурулат. Анткени ага чейин көп нерсе көзгө илинбей келет.

Бул конкреттүү компаниянын жетекчилери АКШ боюнча өткөн көптөгөн конференцияларга катышып жүрүшкөн. Айрым учурларда алар менен кошо алдамчылык боюнча иштерди жүргүзгөн тергөөчүлөр да катышып, аралашып жүрүшөт. Бул абдан кызык көрүнүш. Башкача айтканда, маселе таптакыр белгисиз болгон эмес. Биз социалдык тармактарга жайылган видеолорду да көрдүк, аларда автоунаалардагы белгилердин, аталыштардын алмаштырылышы чагылдырылган. Дал ушул видеолор көптөрдүн көңүлүн бурган.

Дагы караңыз Чикаго: "Трак айдаган кыргыздар кыйналды"

2013-жылы FMCSA Конгресстин талабы менен ARCHI деген система түзгөн. Ал жаңы жүк ташуучу компания катталганда, бардык жүк ташуучулардын маалыматтарын кайчылаштырып салыштырып текшериши керек болчу.

Бул система курулганын билебиз. Ал иштеп, текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн да билебиз. Бирок акыркы 10 жылдан бери бул программа тууралуу эч кандай коомдук маалымат жок.

Өткөн жылы, болжол менен жай айларында, министр Даффи же FMCSA ошол эле сыяктуу системаны кайра курабыз деп жарыялаган. Бирок чындыгында мындай система буга чейин эле 12 жыл мурда курулган. Анын кайда экени, иштеп жатабы же жокпу белгисиз.

ARCHI системасына болжол менен 3–4 миллион доллар кеткен. Биз, коомдук тармакта иштеген иликтөөчүлөр, көптөрдө жок же жеткиликтүү эмес системаларга кире алабыз. Мисалы, Genlogs сыяктуу платформалар. Ал автоунааларды реалдуу убакытта көрүүгө мүмкүндүк берет.

Мисалы, кечээ автоунаа XYZ деген белги менен жүргөнүн көрө алабыз. Анан анын мамлекеттик номерин алып, эртеси күнү ошол эле автоунаа, ошол эле номер менен, бирок такыр башка аталышта жүргөнүн аныктай алабыз. Андай платформаларды өкмөт да колдоно алат. Маселе маалымат менен иштөөдө. Себеби, FMCSA кадр жагынан катуу чектелген. 700 миң трак компаниясын көзөмөлдөш үчүн миңге жетпеген кызматкери бар. Бул өтө чоң жүк.

- Коммерциялык айдоочулук лицензия (Commercial Driver’s License) алууга даярдаган окуу борбор кантип иштейт? Компания айдоочуларды кантип ишке киргизет?

- Бул ар бир компанияда ар башка. Бирок "хамелеон" компанияларда байкалган тенденция, алар алсызыраак топтогу адамдарды ишке алганга аракет кылышат. Бул иммигранттар, башка тандоосу жок адамдар.

Алар көп учурда жеңил келишимдерди түзүшөт. Мисалы, мага жакында бир айдоочунун айлык кагазы келди. Ал 7 миң долларлык жүк ташыган, бирок колуна 600 доллар гана тийген. Ар кандай төлөмдөр, кармоолор менен дээрлик акчасыз калган. Компаниялар мындай адамдар полицияга арызданбастыгын, сотко бербестигин билишет. Анткени бул өздөрү үчүн дагы чоң коркунуч. Бул коомго зыян алып келип, айрым учурларда адамдардын өмүрүн алып жаткан гана эмес, ошол айдоочулардын өзүн да эксплуатациялаган цикл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ: Абактагы Бекжандын иши, трак-компания жабылды