"Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашуу

Максат Асаналиев жана Жумгалбек Шабданбеков. "Азаттыктын" коллажы

мазмуну

  • Кыргызстандын коомчулугунда негизги күч түзүмдөрүнүн башчыларынын алмашуусу талкууга түштү. Айрым талдоочулар бул жараянды алдыда боло турган президенттик шайлоого да байланыштырып жатат.
30-июнда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Жумгалбек Шабданбековду кызматтан алды. Анын ордуна бир жылдан бери баш прокурор болуп иштеп келген Максат Асаналиев дайындалды.

Жумгалбек Шабданбековдун кызматтан алынышы башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп гана түшүндүрүлдү. Бирок анын кайсы кызматка барары айтыла элек. Ал эми атайын кызматтын башына баш прокурор кызматын ээлеп турган Максат Асаналиев келди. "Ынтымак Ордо" эки күч органынын жетекчилеринин алмашуусу боюнча кенен түшүндүрмө берген жок.

Шабданбеков бул кызматка жыл башындагы күч алган саясий окуялардын фонунда – Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагалыгынан алынгандан кийин жана атайын кызматтын дарегине сын-дооматтар көбөйгөн учурда келген.

Анын жарым жылга жетпей кайра жумуштан алынышы талкууланып жатат.

Журналист Адилет Айтикеев мындай өзгөрүү болору күтүлгөн деген пикирде.

“Бул күтүлгөн өзгөрүү болчу. Жумгалбек Шабданбеков амбициялуу пландарды койгондур, балким. Ал президенттин күзөтүндө иштеген киши. Күзөт кызматын башкаруу менен атайын кызматты жетектөө – эки башка нерсе. Анын кесиптик деңгээлине шек келтирүү эмес, ал кишинин иштей турган тармагы башка дегеним. Ташиев кызматтан алынгандан кийин анын ордуна кырдаалга жараша шашылыш дайындалган фигура болду деп ойлойм. Негизи бул кызматка дасыккан, тармакты терең билген, айрыкча тергөө жагында тажрыйбалуу адам келиши керек болчу. Максат Асаналиевди туура тандалган фигура деп эсептейм”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадрдык жүрүш: УКМК жетекчиси, баш прокурор алмашты

Өткөөл кырдаалда кызматка келген Шабданбеков УКМК саясий курал болбошу керектигин белгилеп, алдыда реформалар болорун, коркутуп-үркүтүүлөр токтотуларын айткан. Андан бери мурда атайын кызматтын курамына кирген Мамлекеттик чек ара кызматы, Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө бөлүндү. Кызматынан аша чапкан жана мыйзамсыз аракеттерге барган кызматкерлер аныкталып, тазалоо жараяны жүрүп жатканы айтылып келе жатат.

Дагы караңыз

Асаналиев УКМКны, Бектурганов Башкы прокуратураны жетектейт. Кадр алмашуунун себеби эмнеде?

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков кызматтан кеткен жетекчинин айрым ийгиликтерин санады.

“Өзгөчө 6-башкармалыктын аймактык, айрыкча Чүй жана Бишкектеги кызматкерлердин ыплас иштегендерин аныктап, ал боюнча 70тен ашык кишиге чара көрүлүп, айрымдары кызматтан кетти. 20дан ашык кишиге кылмыш иши козголду. Кээ бирлери кызматтан төмөндөтүлдү. Айтор, тазалануу жана өзгөртүү иштеринен тышкары терроризм, экстремизмге каршы аракеттер жүрүп, Баткен облусунда терракт жасайбыз деген топ кармалып, татыктуу чара көрүлдү”.

Шабданбеков кайсы ишке барары айтыла элек. Кээ бир серепчилер бийликтин ага карата мамилесин анын бара турган кызматына карап бааласа болорун айтышат. Эгер жогору кызмат берилсе, бийлик үчүн дале ишенимдүү киши катары кала бериши мүмкүн.

Чукул кадрдык жүрүштү алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштыргандар да бар.

Дагы караңыз

"Жапаровго дагы 10 жылдык мандат берүү керек". Акаевдин айтканы талкууга айланды

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков буларга токтолду:

“Бийликтин жогору жагындагы бардык алмашуулар жылдын негизги окуясы – президенттик шайлоого байланыштуу. Ошондуктан кадрдык өзгөрүүлөрдү ушул өңүттөн караган туура. Бул кокустук эмес. Бул кызматтын жетекчисинин алынып жатышына келсек, ал өзүнө коюлган тапшырманы аткарды деп түшүнсөк болот. Ал кызматта төрт айдай болду. Бул убакыт аралыгында ал УКМКда кескин реформаларды жүргүзө алган, алдыда бийлик үчүн күтүлүп жаткан чакырыктарга туруштук бере алган киши эмес экени аныкталды. Ошол үчүн аны алмаштырды. Акыркы күндөрү өз ой-пикирин айткандар көбөйүп, блогерлердин жанданганы буга чейин жетекчинин көзөмөл ишин аткара албаганын көрсөтөт. Жаңы жетекчиге мындай эркин ойлонууну айрыкча шайлоо маалында чектөө талабы коюлат”.

48 жаштагы Максат Асаналиев 2024-жылдын июнунан бери Башкы прокуратураны жетектеди.

Эмгек жолун УКМКда тергөөчү болуп баштап, 2010-жылга чейин иштеген. Кийин прокуратура тармагына өткөн.

Анын мурдагы орун басары Малик Бектурганов баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.