Алтын Ордо мураскерлери: өтмүш жана империялык дымак

Коллаждын автору Тимур Тимаев

Казакстан соңку жылдары Жуучу хандын тарыхына көбүрөөк кайрылып, аны мамлекеттүүлүгүнүн негизги башаты катары карай баштады.

Өлкөдө атайын илимий институттар түзүлүп, изилдөөлөр каржыланып, Алтын Ордодон калган табериктерди кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошол эле маалда коңшу Өзбекстан ондогон жылдардан бери улуттук тарыхты Аксак Темирдин айланасында өнүктүрүп келет. Чөлкөмдөгү өлкөлөр эмне үчүн орто кылымдагы хандыктарга көп кайрылууда жана бул аракеттер учурдагы саясатта кандай роль ойнойт?

Алтын Ордо кимдин мурасы?

2021-жылы Казакстандын өкмөтү Жуучу хандыгын изилдөөчү улуттук институт түзүү токтомун кабыл алган. Расмий түрдө максат - Алтын Ордонун жана Казак хандыгынын тарыхтагы ак тактарын жаап, орто кылымдагы булактарды которуу жана академиялык форматка өткөрүү болгон.

Алтын Ордонун мурасы жөнүндөгү идеяны президент Касым-Жомарт Токаев өзү сүрөп, Жуучу хандыгы казак мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы экенин бир канча жолу кайталаган.

"Алтын Ордонун доору Казакстан үчүн ата мекендик тарыхтын эң маанилүү бөлүгү гана эмес, өнүгүп-өсүү эволюциясынын жолу. Мен жогоруда айтып өткөндөй, көпчүлүк элдердин тарыхый эсинде реформаторлордун жана заманыбыздын залкар ойчулдарынын бир калыптагы талыбаган эмгегине караганда, өкүмдарлардын жана таланттуу кол башчылардын басып алуучулук жортуулдары көбүрөөк жана ачык сакталып калган", - деген Касым-Жомарт Токаев "Алтын Ордо талаа цивилизациясынын модели катары: тарых, археология, маданият, иденттүүлүк" аттуу эл аралык симпозиумда.

Дагы караңыз

Фолк-хисторинин кесепети. Тарыхты кимдер бурмалайт?

Мунун негизинде Жуучу хандын Улуу-Тоодогу күмбөзү реставрация болуп, Астанада атайын илимий борборлор түзүлгөн. Токаевдин доорунда бул тема биринчи жолу масштабдуу түрдө мамлекеттик жана институционалдык колдоо тапты.

Назарбаевдин этияттыгы жана Крым окуясынын таасири
Советтик тарыхта Алтын Ордо негизинен басып алуучулардын жана "татар-монголдордун мурасы" катары каралып келген.

Казакстан эгемендик алган алгачкы он жылдыктарда негизги басым 1465-жылдан башталган Казак хандыгынын тарыхына жасалып, Жуучу хандын жана Ордонун өзүнүн тарыхына көңүл аз бурулган.

Бирок өлкөнүн экинчи президентинин тушунда Жуучу хандыгына мамиле байкаларлык өзгөрдү. Казакстан барган сайын өзүн Жуучу түптөгөн хандыктын мураскорлорунун бири катары көрсөтүүдө, эксперттик чөйрө бул идеяга казактардын "төрдүн ээси" концепциясынын негизинде карай баштады.

Дагы караңыз

Чокан Валиханов жана кыргыздар

"Казакстан - Жуучу хандыгын (Алтын Ордонун) мураскору деген тезиске иш жүзүндө бир дагы окумуштуу күмөн санабайт. Бул маселенин айланасында айрым саясатчылар, блогерлер же башкалар талаш-талкууга түшүшү мүмкүн. Бирок бул тема менен алектенген кесипкөй илимпоздор муну толугу менен колдошот. Муну менен бирге Казакстан биз жалгыз же башкы мураскорбуз деген жери жок, мураскорлордун бирибиз деген гана турумда. Бул дүйнөдө болуп келген кадимки тажрыйба", - деп белгилейт Жуучу хандыгын илимий изилдөө институтунун жетекчиси Жаксылык Сабитов.

Жаксылык Сабитовдун айтымында, эгемендиктин алгачкы жылдарында жаш республиканын Алтын Ордонун мурасы тууралуу идеяны көтөрүп чыкпаганынын бир нече себеби болгон.

"Биринчиден, 90-жылдары Казакстандагы кырдаал абдан оор эле. Улуттук аң-сезимдин өсүшүнө багытталган ар кандай аракеттер атүгүл жарандык согушка алып келиши мүмкүн болчу. Буга жигердүү романтикалык улуттук идеядан баштап, кийин жарандык кагылышууларга өтүп кеткен Молдова, Грузия жана башка өлкөлөрдүн мисалында күбө болдук. Ал кезде казактардын саны анчалык көп эмес эле. Башкы максат - Казакстанды улуттар аралык кагылышуулардан аман-эсен алып өтүү болгон. Андан сырткары, 90-жылдары мамлекеттин кандайдыр бир тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаты да жок болчу", - деп түшүндүрдү илимпоз.

Дагы караңыз

Казак тарыхчылары: Жаңы табылгаларыбыз арбын

Сабитов Казакстандын узак убакыт бою Алтын Ордонун мурасы темасына басым жасабаганынын дагы бир себеби катары эгемендиктин алгачкы он жылдыктарындагы саясий кырдаалды атайт. Анын айтымында, Нурсултан Назарбаевдин тушунда азыркы эгемен Казакстанга тарыхта жаңы гана түптөлгөн мамлекет катары көңүл бурулчу.

Бирок 2010-жылдардын экинчи жарымында мамлекетте тарыхка болгон кызыгуу күчөгөн. Сабитов бул процессти өзгөргөн геосаясий кырдаалдарга, анын ичинде 2014-жылы Орусиянын Украинага таандык Крым жарым аралын аннексиялап алганына байланыштырат. Бул окуялар казактарды байыркы тарыхка башкача көз караш менен кароого мажбур кылган.

"Саясий элитада Нурсултан Абишевичти гана мамлекеттин негиздөөчүсү деп билүү - абдан кооптуу тарыхый концепция экенин түшүнө башташты. Ошондуктан Крым аннексиясынан кийин Назарбаевге чейинки тарыхка болгон кызыгуу абдан өстү. 2019-жылы тарыхый адилеттүүлүк калыбына келтирилди. Алтын Ордого көңүл бурула баштады. Анткени ал Казак хандыгынан мурун курулган жана ансыз Казак хандыгынын тарыхын түшүнүү мүмкүн эмес", - дейт Жаксылык Сабитов.

Борбор Азиядагы эки "империялык амбиция"

Өткөн тарыхты кайра таразалоо боюнча ушундай эле процесс коңшу Өзбекстанда да байкалган. Казакстан бүгүн Жуучу хандын мурасына басым жасап жатса, Өзбекстан отуз жылдан ашуун убакыттан бери улуттук тарыхый баяндардын олуттуу бөлүгүн Аксак Темирдин жана Тимурийлер доорунун тегерегинде куруп келет.

СССР тарагандан кийин Тамерлан (Аксак Темир) башкы мамлекеттик символдордун бирине айланды: борбордук аянттарга анын эстеликтери тургузулуп, анын ысымындагы мамлекеттик орден пайда болду, окуу китептеринде ал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана кол башчы катары сүрөттөлөт.

Дагы караңыз

Т. Өмүрбеков: Тарыхты уламышка айланткан учурлар бар

"1993-жылдан тарта Өзбекстан Темирдин идеологиясын алдыга жылдыра баштаган. Муну менен Борбор Азиянын лидерлери өзбектер болсо, Аксак Темир - улуу кол башчы деген идея чагылдырылган. Дал ушул империялык аң-сезимдин кайра жанданышы Борбор Азиянын интеграциясына жолтоо болду. Ал убакта коңшуларда мындай дымак жок эле. Мындай дымак Өзбекстанда гана бар болчу. Ал эми азыр Казакстан дагы ушундай "дартка" чалдыкты. Казакстандын өзүн Алтын Ордонун мураскору жана улантуучусу деп жарыялашы албетте чөлкөмдө чыңалууну жаратат. Анткени азыр бири-бирине окшош эки империялык амбиция пайда болууда. Эми алар өз ара атаандаша баштайт", - деп эсептейт өзбекстандык антрополог, саясий философ Бахтиёр Алимжанов.

Жаңы улуттук иденттүүлүк

Совет доорунда биринчи кезекте Рустун, Орусия империясынын жана СССРдин тарыхына басым жасалса, Чыңгызхандын жана Темирдин урпактары негизинен басып алуулар катары сыпатталып келген.

Дагы караңыз

Тегат жаратууда “тегин” сөзү да алгылыктуу

Советтер Союзу тарагандан кийин жаңы эгемен мамлекеттер азыркы улуттук иденттүүлүктүн (өзүн таануунун) негизи катары кызмат кыла турган доорлорго жана инсандарга кайрылып, өз өтмүшүнө кайрылып, аны кайрадан талдоого өттү. Совет доору тарых барактарында калган сайын, Евразия мейкиндигинде "улуу кол башчылар", "улуу жеңиштер" жана Улуу Талаа тууралуу көбүрөөк эскериле баштады.