Апрель ыңкылабына 13 жыл болду. 2010-жылы 6-апрелде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.
Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, соңку тарыхтагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабагы – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу деп айтты.
"Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды. Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган. Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди. Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу. Биз Ата мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз", - деген президент Садыр Жапаров.
Дагы караңыз Элдик ыңкылап – карапайым жана каарман элдин жалпы мээнетиБишкекте Апрель ыңкылабынын катышуучулары, бул каргашада жакынын жоготкондор чогулуп, 7-апрель курмандыктарын эскерди. Алар 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы монументке гүл коюп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин айрым студенттери ыр окуду.
“Биздин максат жарым-жартылай максатына жетти. Биз сот адилеттигин, милициянын так ишин, прокуратуранын өз милдетин аткарышын талап кылып, кландык башкарууга каршы чыкканбыз. Алар бийликтен кетти, бирок эски саясатчылар ошо бойдон саясатта жүрөт. Өзгөчө азыркы бийлик кан төгүп кеткен Бакиевдерди актоо аракетин көргөнү бизди өкүндүрөт. Биз демократиялуу өлкөдө, билимдүү илимдүү жаштардын болушун каалайбыз. Илимдин докторлорун, академиктерди, профессорлорду уккан, ошолорду карап түздөлгөн жаштар өсүп жетилгенде гана өнүгөбүз. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат”, - деди Апрель окуясынын катышуучуларынын бири Конушбек Дөөлөталиев.
Чогулгандар Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Апрель окуясында курман болгондорго багыштап куран окушту.
Президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскеришти. Ага Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана башка кызмат адамдары катышкан.
Алар 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту.
Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Калгангандарына сот өкүмү чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.
Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Алардын дээрлик бардыгы ар кандай жагдайда, айрымдары жазасын өтөп чыкты. Элмурза Сатыбалдиев ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты. 2019-жылы анын соттуулугу жоюлган.
Дагы караңыз Апрель окуясы: Бакиев сотко онлайн катышуу ниетин билдирдиКурманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабы аркылуу бийликке келген. Ал бийликте турганда саясатчы Медет Садыркулов, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болгон.
Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири болгон.
Башкы прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети көрүлүп жатканын билдиргени менен майнап чыга элек. Курманбек Бакиев 2010-жылы болгон кандуу окуяда эч кандай күнөөсү жоктугун кайталап келет.
Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген.
Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бул күндүн статусу өзгөрбөй, бийликке эскертүү болуп турушу керек деген ойдо.
“Өткөндөрдүн жашоосу кийинкилерге сабак. Бийлик алмашып турат. Бул (ред: - 7-апрель) майрам күнү эмес. Бирөөлөр үчүн аза күтүү, башкаларга кайгы, эскерүү күнү. Эң негизгиси, кайсы гана бийлик келбесин, бул күн аларга эскерүү жана эскертүү болушу керек”.
Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы кайрылуу жолдоп, “2010-жылдын апрелинен убакыт бизди канчалык алыстатса, ал окуялардын өлкөнүн демократияга жана укуктук мамлекетке карай бет алууга мааниси канчалык зор болгондугун түшүнгөн жарандардын саны да ошончолук өсөт деп ишенем” деди.
"Азаттыктын" архиви: Апрель окуясынын унутулган каармандары