Консулдук департаменттин экинчи катчысы Эсенбек Эргешов айрым кыргыз жарандары аскердик аракет күчөп турган аймактарга ашпоз, айдоочу, кароолчу болуп барып, андан ары согушка тартылып жатканын маалымдады. Мындан улам Эргешов кыргыз жарандарын жети өлчөп, бир кесүүгө чакырды.
- Алгачкы суроо согуштук аракеттерге тартылган жарандардын окуяларынын айланасында болсун. Согушка тартылган, бирок Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктарга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, анын ичинде Консулдук департамент кандай жардам көрсөтүп жатат?
Эсенбек Эргешов.
- Орусиянын жарандыгын алган адамдар Орусиянын аймагында ошол өлкөнүн гана жараны деп эсептелет. Ошондуктан ал жаран аскерге барса, согушка катышса же кылмыш жасаса, ал маселени Орусия өзү чечет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын жараны катары кызмат өтөп жатса ал маселелерге кийлигишүүгө укуктуу эмес.
Кош жарандуулук деген маселе бар. Эки өлкөнүн жарандыгын алган адамдарды биз Кыргызстандын мыйзамына ылайык, өз жараныбыз деп эсептейбиз. Аларга консулдук жардам көрсөтүп, мыйзамда жазылган бардык аракетибизди жумшайбыз.
Атап айтканда, Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу аларга консулдук жардам көрсөтүп, укуктарын коргоп жана дайынсыз кеткен, жарадар болгон же каза болгон жарандарды издөө боюнча маалыматтарды тариздеп, тактап бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Дагы караңыз
Борбор Азия Орусияга жооп береби? Кремлдин НАТО боюнча талабыАндан тышкары, оор кырдал учурларында жарандарыбызга консультация бергенге жана Орусиянын компетенттүү органдары менен байланышып түзүп бергенге жардам көрсөтөбүз. Белгилей кетчү жагдай, Орусиянын жарандары тууралуу федералдык мыйзам бар. Ошого ылайык, кош жарандыгы бар адамдар Орусиянын гана жараны болуп эсептелет.
- Орусиядагы кыргыз жарандары мыйзамдуу жүрүү, иштөө үчүн, иш берүүчүлөр менен мыйзамсыз келишим түзүп, алданып калбаш үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек? Департамент өз жарандарына кандай кеңеш берет?
"Азаттыктын" кабарчысы Гүлжан Эшбаева Эсенбек Эргешов менен маектешүүдө
- Кыргызстандын жарандары Орусияга барганда миграциялык мыйзамдарды так сакташ керек. Орусияга киргенден кийин миграциялык каттоого туруп, тиешелүү мыйзамдарынын чегинде дактилоскопиядан, медициналык кароодон өтүп, жазуу түрүндө келишим түзүү керек.
Көпчүлүк анчейин көңүл бурбай, туура эмес келишимге кол коюп алган учурлар болуп жатат. Ушул жерде көңүл бурчу жагдай, эмгек келишимине кол коёрдо ар бир жаран сөзсүз ар бир пункту менен таанышып чыгышы зарыл. Жумуш берүүчү жөнүндө толук маалымат алыш керек.
Азыр интернет, ачык булактар бар. Ар бир компания, уюм, жетекчи тууралуу кеңири маалымат алса болот. Келишимге экинчи тараптан ким кол коюп жатат? Жада калса ал иш берүүчүнүн паспортундагы кол тамга келишимдегиге дал келеби, жокпу, текшерсе болот. Келишимде жумуш шарттары көрсөтүлгөн болушу керек. Мөөнөтү, иштин сааты, кайсы жерде иштейт, ушунун баарын кунт коюп кароо зарыл.
Дагы караңыз
Согуштан кайткандар: Борбор Азияга жеткен коркунучМына, өзүңүздөр да чагылдырып жүрөсүздөр, айрым жарандар жакшы карабай эле аскердик келишимдерге кол коюп алып жатышат. Кээ бирлери маянасына кызыгып, ашпоз, айдоочу, кароолчу болуп, аскердик кырдаал күчөп турган аймактарга барууга макул болууда. Андан ары согушка тартылып кетип жатат. Ошондуктан биз жарандарыбызды кылдаттык менен терең ойлонууга, дыкат көңүл бурууга, жети өлчөп, бир кесүүгө чакырабыз.
Чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орношом десе, атайын ыйгарым укуктуу органдар бар. Бул багытта Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору иштеп жатат жана алардын migrant.kg сайтында ыкчам линиялар көрсөтүлгөн.
Борбор жеке менчик агенттиктерге лицензия берет. Лицензия алган агенттиктер мыйзамдуу түрдө Орусияда, дагы 25 өлкөдө жумушка орноштурат. Чет өлкөдө иштейм деген жарандарыбызды мыйзамдуу жолдор менен кетүүгө чакырабыз.
Ошондой эле, Москвадагы консулдук бөлүмдүн ыкчам линиясы бар. Телефону +7 925 285 50 47 WhatsApp. Орусияда кыйын кырдаалга туш болгон ар бир жаран ушул номерге кат жазса болот.
Дагы караңыз
"Кароолчу болосуң деп алдаптыр". Орусия кан майданга айдаган мигранттар- Кыргызстандыктар кылмыш жообуна тартылып, Орусиянын жабык жайларында жаза өтөп жатканы дайыма көңүл борборунда болуп келет. Быйыл Кыргызстанга Орусиянын абактарынан канча жаран экстрадиция болду? Өткөн жылы канча жаран бул жактагы түрмөлөргө которулган? Учурда канча жаран орус абактарында кармалып турат жана канчасы которулуу жараянын күтүп жатат?
- 2025-жылы жазасын улантуу үчүн Орусиядан Кыргызстанга 232 адам которулган. 2026-жылдын 11 айынын ичинде (ноябрга карата) 295 жаран мекендеги абактарга которулду. Андан тышкары, дагы 65 жаран которулууну күтүп жатат.
Ал эми Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандар 2026-жылдын тогуз айынын ичинде (1-октябрга карата) 963 кишини түзүүдө. Андан тышкары 502 жараныбыз учурда тергөө абагында, соттун чечимин күтүп жатат. Алар соттун чечими менен бошотулушу мүмкүн же бул жакка которулушу ыктымал.