Аскат акын: "Токтогул көргөндү мен да көрдүм"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абактан бошоп чыгып Улуттук филармонияда чыгармачыл кечесин өткөнгөн Аскат Жетигендин “Зарыкканда” ыры элдин Аскатка, Аскаттын элге болгон зарыгуусу болуп жаңырды. Арзуу ыры болгону менен көрөрмандардын көбү аны эркиндикке болгон зарыгуу катары кабыл алды. Ырасында эле эки жарым жылдан бери абакта жаткан ырчы буулугуп, зарыгып чыгып, чоң концерт берди. "Азаттык" акындын чыгармачылыгы, абакта өткөн күндөрү, балалыгы жана кыял-максаты тууралуу баяндайт.