"Айыбымды түшүнбөйм". Абактагы Тилекмат Кудайберген уулу сотко өтүнүч келтирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тилекмат Кудайберген уулун сотко алып келе жаткан учур. 10-июль, 2026-жыл.

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө козголгон кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну суранды. 10-июлдагы соттук жараянда активист абакта негизсиз отурганын айтты. Кудайберген уулунун ишине жакында экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин маегинен соң кайрадан көңүл бурулуп жатат.

Бишкектин Ленин райондук сотунда саат 10:30га белгиленген отурум убактысынан өтүп башталды.

Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусу жараянда видео тартууга макулдук сурап, судья анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Отурум башталганга чейин айыпталуучу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагы активист соттон ишин кайра карап чыгууну өтүндү

"Мага төрт берене боюнча айып тагылып жатат. Бирөөсүн дагы моюнума албайм. Күнөөм жок деп эсептейм. Себеби, бийликке койгон талаптарымдын көбү аткарылды. “Кемпирабадчылар” акталды, Ташиев узурпация кылганы далилденди, кызматтан кетти. Азыркы тапта менин күнөөм эмнеде экенин түшүнбөй турам. Мени камап алып, бирок талаптарымды аткарып жатышпайбы", - деди Тилекмат Кудайберген уулу.

Активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши ушул жылдын февраль айында сотко өтүп, карала баштаган. Бирок ишти карап жаткан судья Болотбек Абдуллаев каза болгонуна байланыштуу ишти судья Уланбек Туманбаев карап, учурда айыптоо актысы окулуп жатат. Кудайберген уулунун жактоочусу коюлган айыптар боюнча макул эместигин билдирди.

Адвокат Асел Аргымбаева. Бишкек. 2025-жыл.

"Ага соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, видео чыгарганы үчүн айып тагылууда. Басымдуу далилдер Фейсбуктагы скриншоттор. Коюлган айып талаштуу. Анын сөздөрүндө "бийликти күч менен басып алууга же массалык башаламандыкка чакырык" болгон эмес. Ал Кыргызстандын жараны катары Конституциядагы өз укугун колдонуп сүйлөгөн", - деди Аргынбаева.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүшүнө нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, өз позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылардан турган топтун отуздай мүчөсүн кармаганда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына келген. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкенден кийин паспорту жоголуп кеткенин айтып чыккан.

Ушул окуядан кийин Кудайберген уулу 2025-жылы апрель айында Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга жеткирилип, камакка алынган. Ага "Массалык башаламандыктар" жана Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен айып тагылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев жакында жергиликтүү медига маек куруп, Тилекмат Кудайберген уулунун паспортунун жоголуп кетиши боюнча түшүндүрмө берген.

"Тилекмат Кудайберген уулу кармалыптыр деп угуп калдым. Андан кийин мени тергөөчү аны менен тактай турган суроолор бар экенин айтып жолуктурду. Мен Куран китеп алып бардым. “Куранды кармап, паспортуңду уурдады деген сөзүңдү кайталап кой” дедим. Ал “Жок, байке, мен аны так билбейм, бир аз ачууга алдырдым” деген".

Бирок Тилекмат Кудайберген уулу Жамгырчиевдин билдирүүсүн толугу менен жокко чыгарып, экс-депутатты жалган маалымат таратты деп билдирүүдө.

Тилекмат Кудайберген уулунун абактан жазган каты.

Ал тапта айрым саясатчылар Кудайберген уулу сыяктуу "билйикти күч менен басып алууга аракет кылды" деп айыпталгандардын иши кайрадан каралашы керектигин айтышууда. Алар буга жакында дал ушундай берене менен айыпталган УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын пробация аркылуу эркиндикте калтырылышын себеп катары көрсөтүүдө.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов адам жарандык пикири үчүн соттолбошу керек дейт.

Жеңиш Молдакматов.

"Салыштыра келгенде, "75чилерди" пробацияга коё бергени эркиндикке чыгарганга барабар. Тилекматтын иши боюнча сот өкүм чыгарар алдында маанилүү чечим кабыл алынышы керек. Ташиев коркунучтуубу же Тилекматпы деген суроо туулат. Ташиевдин кыймыл-аракеттери болсо, Тилекматтын айткандары жөн гана пикир. Тилекмат өзү акыркы жолу“Эмоцияга алдырып, жекеликке өткөн сөздөрүм үчүн кечирим сурайм. Менин айткандарым боюнча "кемпирбадчылар" акталсын жана Ташиев кетсин” деген. Демек, Тилекмат акталышы керек".

Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу тергөө амалдары узакка созулуп, ушул жылдын февраль айында гана иш сотко өткөн. Анын иши боюнча кийинки сот отуруму 7-августта Ленин райондук сотунда уланмай болду.