Маркум Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

Жамал Сейдакматова.

Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-февралда саат 10:00до Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.

Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары кабарланды.

16-февралда түнкү саат үчтө Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан көз жумган.

Дагы караңыз Жашоонун образы - Жамал

Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында туулган. 1957-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген. Киного 1958-жылдан тартып тартыла баштаган.

Актриса 1989-жылы биринчи болуп "Туңгуч" жеке театрын ачып, анын көркөм жетекчиси катары ишин ырааттуу уланткан.

1970-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты Жамал Сейдакматова 1986-жылы алган.

Ал эми 2003-жылы үчүнчү даражадагы, 2019-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.

Дагы караңыз Жамал Сейдакматованын сыры

Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип кирип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.

Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» сыяктуу бир катар кинотасмаларда, жүздөгөн спектаклдерде ар түрдүү ролдорду жогорку чеберчиликте жараткан. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумду