Беларус парламенттик шайлоого камынууда

Аскер кызматчылар эртелеп добуш бере баштады. 19-сентябрь, 2012-жыл.

23-сентябрда Беларуста парламенттик шайлоо өтөт. Батыштык баяндамачылар бул саясий өнөктүктү “тандоосуз”, “эң кызыксыз” шайлоо катары мүнөздөшүүдө. Оппозиция шайлоону бойкоттоого чакырса, расмий Минск Европанын кеминде эки байкоочусун өлкөгө киргизүүдөн баш тартты.
Беларус парламенти кош палатадан турат. Ушул жекшембиге мерчемделген добуш берүү менен эки палата тең жаңыдан куралып жатканы менен шайлоо деген түшүнүк 109 орундуу төмөнкү палата үчүн гана колдонулууда.

Анткени жогорку палатаны жалпы эл шайлабайт. Бирок калк добуш берген төмөнкү палатаны деле беларус оппозициясы “шайланбастан дайындалат” деп эсептейт.

Оппозициянын бойкоту

Оппозициянын эки ири саясий партиясы апта башындагы билдирүүсүндө беларус калкын жекшембиде добуш берүүгө эмес, "балык уулоого же ата-энелердин үйүнө” барууга үндөдү:

Беларус Элдик майданынын төрага орун басары Григорий Костусев мындай дейт:

- Биз шайлоого аягына дейре катышабызбы же жокпу, талапкерлерибизди чакыртып алабызбы, бийлик үчүн бул чоң деле мааниге ээ эмес. Андыктан биздин бүгүнкү максат - беларус коомчулугуна, Европа коомчулугуна, журналисттерге Беларуста шайлоо жоктугун көрсөтүү. Бул жерде нукура шайлоо өнөктүгү жок. Иш жүзүндө эч нерсе чечпеген мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарын жөн гана дайындап коюу.

Беларус Элдик майданы менен Бириккен Жарандык союз өз талапкерлерин жарыштан чыгарып, шайлоону бойкоттоосун добуш берүү жыйынтыгы баары бир бурмаланары, абакта али саясий айыпкерлер калып жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Визасыз байкоочулар

Расмий Минск болсо добуш берүүнү утурлай ЕККУнун кеминде эки депутат байкоочусуна виза берүүдөн баш тартты.

Уюмдун айтымында, Минск Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын германиялык Марилуизе Бек (Marieluise Beck) жана литвалык Эмануэлису Зингерису (Emanuelis Zingeris) ысымдуу мүчөлөрүнө визаны эч түшүндүрбөстөн эле бербей койгон.

Беларус Тышкы иштер министрлиги алар кара тизмеге киргизилгендер экенин ишара кылды. Бул кадам Германиянын нааразылыгын жаратты. Немис тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Берлиндеги басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Мен буга терең өкүнөм. Бул европалыктар коңшу өлкөлөрдө адам укуктары сакталышына катышуубуздун канчалык маанилүүлүгүн көргөзүүдө. Мен Беларус элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырдым. Анда өз турумубузду дагы бир жолу ачык айтабыз.

Байкоочуларга виза берилбешин Евробиримдик да сынга алды. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун басма сөз катчысы Майя Кочиянчичтин айтымында, Брюссел беларус бийликтери ЕККУ байкоочуларынын иштөөсүнө шарт түзөт деп күтөт.

Мүмкүнчүлүк чектелүү

Өзү ЕККУ добуш берүү күнү Беларуста 300дөй байкоочусун жайгаштырганы жатат.

Бирок талдоочу, БелаПАН агенттигинин аналитикалык долбоорлорунун башчысы Александр Класковскинин баамында, байкоочулар үчүн жергиликтүү болобу, чет элдик болобу бурмалоолорду далилдөө кыйынга турат:

- Маселе бийлик бул жараяндын ушунчалык ачык-айкынсыз кылгандыгында. Бурмалоо жөнүндө көп айтылганы менен байкоочулар үчүн колдон кармап калуу кыйын болот. Оппозиция парламент депутаттарынын тизмеси күн мурунтадан эле түзүлүп коюлган, бийлик иргеген адамдарды Лукашенко депутаттыкка бекитип койгон деген ишенимде. Бирок массалык бурмалоолор жасалып жатканын далилдөө кыйын, анткени шайлоо комиссияларында оппозиция жок. Байкоочулар дээрлик эч нерсени көрө алышпайт. Аларды аралыкта кармашат, ар бир бюллетенди кароого мүмкүнчүлүктөрү жок.

Талдоочу Александр Класковски “Азаттык” менен маегинде шайлоо соңунан кандайдыр бир нааразылык акциялар күтүлбөсүн кошумчалады:

- Бул шайлоонун жыйынтыгы менен кандайдыр бир сюрприз, элдик толкундоо болбойт. Анткени көз карандысыз социологиялык сурамжылоо көрсөткөндөй - эл кайдыгер. Адамдардын көпчүлүгү шайлоонун адилеттигине ишенбесе деле, мурдагы советтик адат боюнча өзгөчө улгайган кишилер добуш берүүгө барышат. Ал эми аскер кызматкерлерин, студенттерди жана башкаларды эртелеп добуш берүүгө мажбурлашат. Башкача айтканда административдик ресур колдонулат.

Беларустагы акыркы шайлоо 2010-жылы декабрда болгон. Президент Александр Лукашенка кайра шайланган ал саясий өнөктүк оппозицияны айоосуз жазалоо менен аяктаган.

Кыш ызгаарда добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылык билдирип, борбордук аянтка чыккандарды бийлик күч менен тараткан. Анда 600дөй кишини, анын ичинде президенттикке талапкерлерди камакка алган. Бул өз кезегинде Беларустун эл аралык коомчулуктан обочодо калышын күчөткөн.