Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Евробиримдик Беларустагы элчилерин чакыртууда


Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон
Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон шаркетке кирген бардык 27 мамлекет Беларустагы элчилерин чакыртып жатканын билдирди. Анын алдында расмий Минск Польша жана Евробиримдиктин элчилерине өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кылган.

Беларус ошондой эле Варшава жана Брюсселдеги дипмиссия башчыларын кеңешүү үчүн чакыртып алууну чечти.

Мындай кадам Европа кеңеши президент Александр Лукашенконун өкмөтүнө каршы жаңы санкцияларды жактыргандан кийин жасалган. Шейшембиде жактырылган чараларга ылайык, Лукашенко режиминин дагы 21 аткаминери санкцияларга туш болду. Буга чейин Беларустун 200дөй расмий адамына биримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынып, шаркеттеги банк эсептери тоңдурулган.

Жазалоочу чаралар өлкөдө оппозицияны куугунтуктоо, адам укуктарын бузуу токтобой жатканына байланыштууу кабыл алынган. Куугунтуктоолор 2010-жылдын аягында президенттик шайлоого туташ өткөн массалык өкмөткө каршы демонстрациялардан кийин өзгөчө күчөгөн. Лукашенко жеңген шайлоо, оппозициянын ырастоосунда, көптөгөн бурмалоолор менен коштолгон.
Нааразылык акциялары учурунда жана андан кийин 700дөй киши, арасында президенттикке 7 талапкер камакка алынган.

Беларустун тышкы иштер мекемеси шейшембиде жасаган билдирүүдө "санкциялардын кеңейтилиши Евробиримдик ачык кысым көрсөтүү саясатын улантып жатканын көрсөтүүдө" деп белгиленет.

Министрлик Брюсселди бирин-бири урматтоо жана теңдик принциптерине негизделген диалогду өнүктүрүүгө үндөдү.

Лукашенко бийлигин тайманбай сындап келаткан өлкөлөрдүн бири – Польша өкмөтү Минсктин чечимин биримдикке каршы багытталган достукка жатпаган кадам катары сыпаттады.

Европа парламентинин төрагасы Мартин Шулц эл аралык коомчулуктан обочолонуу саясатын тандоонун ордуна Беларус бийлиги өз элинин кызыкчылыгына дал келген жолго түшүп, демократиялык өзгөрүүлөргө ачык болууга тийиш деди.

Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Майя Коцианчич шаркеттин элчилерин чакыртып алуу чечимин жарыялады:

- Тилектештик жана биримдик билдирүү иретинде Евробиримдиктин мүчө-мамлекеттери Минскидеги элчилерин кеңешүү үчүн өз өлкөлөрүнө чакыртып алуу чечимин кабыл алышты. Ошондой эле 27 өлкөдөгү Беларустун элчилери Тышкы иштер министрликтерине комментарий берүү үчүн чакырылат.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт экономикалык каатчылыктын сазына баткан өлкө жетекчилиги туңгуюкка такалганда биримдикке ушундай жол менен кысым көрсөтүүгө аракеттенүүдө деп чечмеледи:

- Лукашенко бизди ар кандай жолдор менен манипуляциялоого, сес көрсөтүүгө аракеттенип келди. Анын оюнда бул кадам бизге чоң кысым болмокчу. Биз болсо муну чабалдык жана айласы кеткенде жасалган кадам деп түшүнөбүз. Ал азыр өтө кыйын абалга кептелди. Мындай аракеттер өтө терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Еврошаркеттин жана Польшанын элчилерин чыгарып жиберүү менен изоляцияда калган Беларус абалын андан ары начарлатууда деп комментарийледи.

Мамдептин басма сөз катчысы Марк Тоунердин айтымында, АКШ Европадагы өнөктөштөрүнө кошулуп, Беларус бийлигин жарандык коомду жана демократиялык оппозицияны куугунтуктоону токтотууга чакырат.
Беларус 2008-жылы АКШнын Минскидеги элчисин чыгарып жиберген.

XS
SM
MD
LG