29-ноябрда Александр Лукашенкону бийликтен кетирүүнү талап кылган нааразылык жүрүштөрүнө катышкан 130дай демонстрант Минск шаарында жана Боровляны жергесинде коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалганын «Весна» укук коргоочу уюму саал мурдараак маалымдаган. Андан ары Брест, Гродно сыяктуу шаарларда да окуя өнүгүп, жалпысынан өлкө боюнча 300дөн ашуун демонстрант кармалып кеткенин аталган уюм билдирди.
Беларус оппозициясы ушуну менен экинчи апта бою «Коңшулар жүрүшү» деп аталган тактиканы колдонууда.
Ага ылайык, нааразылык чаралары бир жерде эмес, шаардын жана өлкөнүн улам башка аймактарында бир учурда уюшулгандыктан, коопсуздук күчтөрүнүн аларды таркатуусу жана кармоосу кыйынга турууда.
Жекшембиде коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана кулак тундурчу гранаталарды колдонгонун «Азаттыктын» Беларус кызматы маалымдады.
Минск шаарында уюкфон аркылуу колдонулчу Интернет иштебей калды. Борбор шаардын айрым метро бекеттери жабылды. Катаал коопсуздук чараларына жана кысымга карабастан, борбордун дээрлик бардык райондорунда жана башка бир катар шаарларда нааразылык жыйындары, жүрүштөр өткөрүлдү.
Кошмо Штаттар менен Евробиримдик быйыл 9-августтагы президенттик шайлоодо Лукашенконун кайра шайлангандыгы тууралуу жыйынтыкты тааныган эмес. Беларус оппозициясы кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат.
Президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери болгон Светлана Тихановская шайлоо өткөн соң бийликтин кысымынан улам бозгунга кеткен жана азыркы тапта Литвада баш калкалоодо.
Every week the regime claims that the protests are subsiding. Every week the regime sends its forces with tear gas, stun grenades to beat & scare the Belarusian people. Yet they gather every week to protest peacefully against Lukashenka%27s regime. Жыве Беларусь!Video: MotolkoHelp pic.twitter.com/RWtqAidRoa
— Sviatlana Tsikhanouskaya (@Tsihanouskaya) November 29, 2020
Тихановская ар аптада Лукашенконун режими нааразылык чаралары азайып калды деп жарыялап жана беларус элин коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугу аркылуу коркутуп-үркүтүүгө далаалат кылып келгенин, бирок иш жүзүндө өлкөдө калайык тынч жол менен жыйылып, режимге каршы ырааттуу айбат кылып жатканын “Твиттердеги” баракчасына жазды жана демонстранттарга тилектештигин билдирди.
Лукашенко болсо өлкө Баш мыйзамы өзгөргөн соң гана кызматтан кетерин билдирген. Ал 17-ноябрдагы өкмөттүк чогулушта күч органдарына борбор шаарды тартипке салууга, нааразылык иш-чараларын токтотууга буйрук берген.
2020-жылдын 9-августундагы “президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды” деп эсептеген Беларус калайыгынын көпчүлүк бөлүгү ар кыл нааразылык чараларды дээрлик 113 күндөн бери ырааттуу уюштуруп келет.