«Bellingcat»: Берлин киллери ФСБга баш ийген

Берлиндеги киши өлтүрүү үчүн шектүү Вадим Красиков.

«Bellingcat» иликтөөчүлөр тобу чечен жикчилдеринин мурдагы командири Зелимхан Хангошвилини Берлинде өлтүрүү операциясын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурганын билдирди. Москва мындай маалыматтарды четке кагып келет.

«Bellingcat» иликтөөчүлөр тобунун, германиялык «Der Spiegel» журналынын жана орусиялык «The Insider» басылмасынын 17-февралда жарыяланган иликтөөсү Берлиндеги чуулгандуу киши өлтүрүүгө байланыштуу жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

«Bellingcat» уюму баштапкы иликтөөсүндө да Красиковдун орус атайын кызматына байланышы бар экенин билдирген.

Бул жолу муну кошумча далилдер менен ырастап чыкты. Ал үчүн иликтөөчүлөр Красиковдун жубайынын телефон номурун табышкан. Ал аркылуу Красиков Берлиндеги кылмышка чейин кимдер менен сүйлөшүп, кайсы жерлерге барганын аныктай алышкан.

Зелимхан Хангошвилинин жакындарынын Грузиядагы немис элчилигинин алдындагы акциясы. Тбилиси, 10-сентябрь, 2019-жыл.

«Bellingcat» уюмунун талдоочусу Христо Грозевдун айтымында, иликтөөчүлөр Красиковдун СИМ-картасы кайсы мобилдик станцияга кошулганын изилдеп отуруп, ал Европага сапар алардан мурда ФСБга таандык борбордо машыкканын таап чыгышкан.

«Ал ФСБга түздөн-түз байланыш бар жерлерге тез-тез барып турган. Алардын ичинде ФСБнын террорчулукка каршы борбору бар. Ошондой эле абдан катуу кайтарылган эки мекемеге да барган. Алардын бири Балашихада жайгашкан атайын операциялар боюнча борбор. Ал жакка чыныгы спецназдар гана кире алат. Бул борбордун Москвадан 60 чакырымдай алыс жайгашкан машыгуу жайы бар. Красиков төрт күн бою бул жайдан чыккан эмес», - деди Грозев.

Ушундан улам иликтөөчүлөр Красиков Берлиндеги операцияны ишке ашыруу алдында ушул жайда машыккан деген бүтүмгө келишти.

Бул иликтөө боюнча Эдуард Бендерский үн ката элек.

Андан тышкары Красиков Берлиндеги киши өлтүрүүгө чейин ФСБнын атайын даярдыктагы мурдагы офицерлеринин башын бириктирген «Вымпел» бирикмесинин башчысы Эдуард Бендерский менен тез-тез байланышып турган.

Бендерский өзүн ФСБнын мурдагы офицери жана мурдагы спецназдарды кызматка алган жеке менчик коопсуздук фирмасынын жетекчиси катары тааныштырат. Бирок Орусиянын мамлекеттик телеканалдарында кезинде КГБнын «Вымпел» тобунун ордун баскан ФСБнын «В» департаментинин иш-жүзүндөгү басма сөз катчысы катары сүйлөп жүрөт.

Айтор, Красиков былтыр февраль айынан Хангошвили киши колдуу болгон август айына чейин Эдуард Бендерский менен кеминде 20 жолу телефон аркылуу байланышкан. Акыркы жолу Европага сапар алардан үч күн мурда же 13-августта сүйлөшкөн. Ушундан улам иликтөөчүлөр Зелимхан Хангошвилини өлтүрүү операциясын ФСБнын атынан дал ушул Бендерский тескеп турган деген тыянакка келишти.

Дагы караңыз Европадагы кылмышкердин кыргыз паспорту

Айтмакчы, «Bellingcat» уюмунун баштапкы иликтөөсүндө Красиков 2007- жана 2013-жылы Орусиядагы эки киши өлтүрүү үчүн шек саналып, кийин ага каршы кылмыш иштери ың-жыңсыз жок болуп кеткенин таап чыккан.

Уюмдун талдоочусу Христо Грозевдин пикиринде мунун баары Красиковдун ФСБ менен байланышын ашкерелеп турат жана Хангошвилини өлтүрүүгө өч алууну көздөгөн кылмыштуу топтор же чечен лидери Рамзан Кадыров буюртма берген деген жоромолдор суу кечпейт.

«Себеби, бир да уюм мындай жабык жайларга өз алдынча кире алмак эмес. Алар бардык документтери менен Вадим Соколов аттуу адамдын тек-жайын түзүп чыга алышмак эмес. Бир да жеке менчик уюм киши өлтүрүү боюнча бардык мамлекеттик реестрлердеги маалыматты өчүрүп чыга албайт болчу. Мунун баары Берлиндеги киши өлтүрүү атайын пландалганын, бери дегенде ФСБнын жетекчилеринин макулдугу менен ишке ашырылганын көрсөтүп турат. Алар да бул ишти Кремлдин санкциясы болмоюнча кыла алышпайт болчу», - деди талдоочу Грозев.

Хангошвили Берлиндин Моабит районунда киши колдуу болгон. 23-август, 2019-жыл.

Кантсе да Берлиндеги чуулгандуу окуя Германия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык араздашууга себеп болду. Былтыр декабрь айында немис бийлиги Орусияны Зелимхан Хангошвилинин ишин иликтөөгө көмөктөшпөй жатат деп сынга алып, Германиядагы орус элчилигинин эки кызматкерин «персона нон-грата» деп жарыялаган. Москва да ушуга окшош эле чечим кабыл алган.

Андан көп өтпөй орус президенти Владимир Путин Хангошвили «Москвадагы метродо болгон жардырууларды уюштурганын» айтып, анын айынан жүздөй адамдын өмүрү кыйылганын билдирген. Путин Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттен кийинки басма сөз жыйынында Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын кошумчалаган.

Кезинде чечен жикчилдеринин сап башында жүргөн Хангошвили үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин террорго каршы бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операцияга катышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​