Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:54

Курал менен паспорт берүүнүн "сыры"


Киевде кармалган Алексей Комаричев менен Тимур Дзортовдун жанынан Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген адамдарга таандык кыргыз паспорттору табылган.

Аскер прокуратурасы 2010-жылдан бери чет элдик жарандарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сыйлык катары мыйзамсыз берилген куралдар боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын күч түзүмдөрү аркылуу Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчаларды Австриядан сатып алып, бирок кайра түз эле Орусиянын жарандарына сыйлык катары каттап берген күңүрт схема бар экени айтылып келген.

Германияда кылмышкерлер кыргыз паспортун колдонгон жагдай Кыргызстанда паспорт жана куралдарды тартуу кылган кыңыр иштер боюнча маселени кайрадан күн тартибине чыгарды. Буга байланыштуу парламентте чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берүү көмүскө кирешелүү ишкердикке айланганы айтылды.

Ачыкка чыккан курал сатуу

Аскер прокуратурасы Кыргызстандын күч түзүмдөрү ТТ, CZ-75, Ярыгин («Викинг») жана Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчаларды чет өлкөлөрдүн жарандарына белек, тартуу катары мыйзамсыз каттап берген фактылар боюнча эки кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

Буга чейин өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев мына ошол иштердин бирине шек саналып кармалганы жарыяланган.

Бирок бир топ убакыт ичинде бир да укук коргоо органы аталган маалыматты расмий ырастаган эмес. Маалымат каражаттары ал учурда негизинен өздөрүнүн тергөө органдарындагы жеке булактарына таянуу менен гана маалымат таратышкан.

Ошентип, ал кармалгандан бир канча убакыт өтүп, 24-сентябрда гана Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымат чыгарып, Егор Скобеевдин камакка алынганын ырастаган.

Егор Скобеевге кайсы кылмыш эпизоду боюнча иш козголгону такталбай, анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган башка кылмыш ишине байланыштуу кармалганы гана маалымдалган. Анда Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылы премьер-министр кезинде орусиялык жарандарга мыйзамсыз курал белек кылганы боюнча шек саналганы көрсөтүлгөн.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев чет элдик жарандарга мыйзамсыз курал ыйгаруу боюнча эки факты тергелип жатканын билдирди:

- Кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Бирок бул фактылар боюнча кылмыш иши кийин козголду. Анткени бул иштер парламент Башкы прокуратурага жиберип, башкы прокурор Атамбаевге айыптоо корутундусун колдогон тизмедеги фактылардын арасында жок болчу. Бирок бул жерде бардык иштер толугу камтылып жатат. Азыр бардык фактылар иликтенип, текшерилип жаткан учур. Тергөө аяктаганда жыйынтыгын жарыялайбыз. Эми ал жерда белекке берилген тапанчалар көп. Бир эле Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчалар эмес, башка үлгүдөгү тапанчалар да бар. Тергөө бүткөндөн кийин козголгон эки кылмыш ишинин жагдайларын толук айтып беребиз.

Атамбаевге коюлган айыптоонун бири

Тергөөнүн материалдары боюнча, Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде 2010-жылы "Решала" деген ылакап ат менен белгилүү орусиялык кримтөбөл Максим Каганскийге жана анын жубайына ТТ, CZ-75 жана «Викинг» үлгүсүндөгү үч тапанчаны белекке берүү тууралуу буйрукка кол койгону көрсөтүлгөн.

Бул кылмыш эпизоду Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болчу жагдай катары депутаттык комиссиянын жыйынында көтөрүлүп, ал кезде материалдар чогултулуп, бирок тергөө амалдары баштала электигине байланыштуу бул факты ага коюлган айыптоолордун тизмесинен алынып салынган.

Ошол кездеги депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев жагдай тууралуу буларга токтолгон:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Алмазбек Атамбаев мурда премьер-министрдин кызматында иштеп жатып, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн тикелей көзөмөлү жана тапшырмасы менен Орусия Федерациясынын жүздөн ашуун жаранына ок атуучу куралды сыйлык катары тапшырган. Аталган курал-жарактар Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн деген негиздеме менен берилиши кажет эле. Бирок аталган адамдардын токсон пайыздан ашууну Кыргызстанда эч качан болгон эмес. Өкмөт башчысынын буйругу менен сый куралдар тапшырылган адамдардын арасында чет элдик уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү да болгон. Бул фактыларды азырынча тергөө иштери жүрө электигине байланыштуу айыптоо корутундусуна киргизе албайбыз. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча укук коргоо органдарында жагдай тууралуу тиешелүү материалдар бар.

Орусиянын тергөө комитети 2015-жылы мүлктү рейдерлик менен басып алууга шек саналган Мамлекеттик Думанын ошол кездеги депутаты Денис Вороненковдун жанынан Glock-19 үлгүсүндөгү тапанча табылганын жарыялаган.

Тергөөдө бул тапанча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылы 9-июндагы буйругунун негизинде депутатка сыйлык катары ыйгарылганы аныкталган. Мына ушундай эле тапанчалар элүүдөй огу менен Орусиядагы ишкер Виталий Качурга жана Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго "Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн" деген негизде сыйлык катары ыйгарылган.

“Коммерсант” басылмасынын маалымдашынча, ошол учурда документ жүзүндө Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчаларды Австриядан сатып алып, бирок курал-жарак министрликке кабыл алынбастан орусиялык жарандарга сыйлык катары ыйгарылып кеткен. Орусиянын тергөө комитети берилген тапанчалардын баасы 150 миң долларга барабар экенин аныктаган. Орусиянын тергөө комитети тапанчалардын алдамчылык жол менен сыйлык катары катталганы аныкталса, алардын ээлерине кылмыш иши козголорун белгилеген. Бирок аталган депутат кийин Украинага чыгып кетип, Киевде белгисиз жагдайда каза тапкан соң, кылмыш иши аягына чейин иликтенбей калган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде 123 чет элдик жаранды курал менен сыйлоо тууралуу буйрукка кол койгону аныкталган. Алардын арасында чет элдик саясатчылар, ишкерлер жана уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү да болгону көрсөтүлгөн.

Адвокат: Атамбаев бул айыптоону тааныбайт

Мурдагы президент Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тапанчаларды сыйлыкка берген эпизоддор боюнча айып тагууга негиз жок деп эсептейт:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Егор Скобеев куралдардын берилгени тууралуу кармалганда Алмазбек Шаршеновичке барып айткам. Бирок Атамбаев "аппарат кызматкеринин ал ишке кандай тиешеси бар? Ал болгону кагаз ташып жүргөн адам болгон" деп айткан болчу. Алмазбек Атамбаев бардык айыптоолор ойдон чыгарылган деп эсептейт. Ошондуктан куралдарды белекке берүүгө байланыштуу ишти да айыптоо катары кабыл алат. Бул жерде эч кандай кылмыш иши болгон эмес. Өкмөт башчысы болгондон кийин куралдарды белекке берүү боюнча тиешелүү өтүнүчтөрдүн негизинде буйруктарга кол койгон.

Калыптанган коррупциялык схема

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө чет элдик жарандарга куралды сыйлык катары берген өнөкөт 2010-жылга чейин эле күчөгөн. Буга далил катары 2010-жылдан бери "Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн" деген негиздеме менен айрым чет элдик жарандарга тапанчалар сыйлыкка берилип турган.

Бул схемага ылайык, тапанча алууну каалаган чет элдик жаран акчалай же техникалык жардам катары салымын кошуп, анын ордуна тапанчаны сый курал катары каттатып алган учурлар болгон. Ошол эле кезде чынында сыйлыкка берилген тапанчанын жең ичинен сүйлөшүлгөн баасы 20 миңден 50 миң долларга чейин бааланары мына ошол учурда белгиленген.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев 2010-жылга чейин берилген сый куралдар боюнча фактылар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, иликтене турганын белгиледи:

- Азырынча курал-жарактарды белекке берүү иштери боюнча 2010-жылдан берки фактылар каралып жатат. 2010-жылга чейинки фактылар дагы өзүнө өндүрүшкө алынып, аларды дагы өз алдынча иликтеп, укуктук баа беребиз. Азыр 2010-жылдан берки тартуу катары курал-жарактардын мыйзамсыз берилгени боюнча эки кылмыш иши иликтенип, тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2005-жылдан 2012-жылга чейин Ички иштер министрлиги аркылуу эле 287 чет элдик жаранга курал-жарак сыйлыкка ыйгарылганы айгине болгон. Бирок анын баары өкмөттүн буйругунун негизинде мыйзамдуу берилгени, курал алгандар министрликке мына ошол аралыкта 100 млн. сомдон ашуун каржылык жардам көрсөткөнү жарыяланган.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тапанчаларды сый катары мыйзамсыз ыйгаруу мамлекеттин беделине көлөкө түшүрө турганын айтты:

- Мамлекеттер аралык кызматташтык болуп, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө салым кошкон кызмат адамдарына курал берилсе бир жөн эле. Ар кандай күңүрт жолдор менен эч кандай пайдасы жок адамдарга курал-жарак берилгени туура эмес. Бул мамлекеттин беделине шек келтире турган көрүнүш.

Паспорт сатуу "ишкердиги"

Ошол эле кезде кыргыз паспорту чет элдик жарандарга, анын ичинде кылмышкерлерге мыйзамсыз берилген учурлар дагы аныктала баштады.

"Bellingcat", "Der Spiegel" жана орусиялык "The Insider" сайтынын иликтөөсүндө буга чейин Германияда 40 жаштагы чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө шектүү адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылганы, буга чейин дагы бир кишини өлтүрүүгө айыпталганы жана анын кыргыз паспортун колдонгонун иликтеп чыгышкан.

Иликтөөдө быйыл жазында Украинанын аскер чалгын кызматынын офицерине кол салуу учурунда Киевде кармалган Алексей Комаричев менен Тимур Дзортовдун жанынан Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген адамдарга таандык кыргыз паспорттору табылганы көрсөтүлгөн.

Анда Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттор жасалма экенин жарыялаган. Бирок Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Орусияда кыргыз паспорту көмүскө бизнеске айланып калган жагдай тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Орусияда жасалма эмес, бирок мыйзамсыз берилген кыргыз паспорттору башка өлкөлөрдүн жарандарына сатылып жатканын айткан:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Орусияда Москва менен Питерде кыргыз паспортторун кадимкидей эле даярдап берип, башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жаткан фактылар тууралуу айтып жатышат. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси «бул 1994-жылы берилген паспорт экен» деп актанды. Андай эмес. Мына, кыргыз паспорту ар кайсы жактан чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт кандай чара көрүлүп жатканы, эмне иштер аткарылганы боюнча толук жоопту бериши керек.

Бирок ошол эле кезде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги депутаттын дооматын четке кагып, чет элдик жарандарга кыргыз паспортун жасалма эмес, бирок мыйзамдан тышкары жол менен берүүгө жол бербей турган механизмдер бар экенин айткан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов азыр кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып, ага биометриканы талап кылуу чарасы каршы турарын билдирген.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалып, анын жанынан кыргыз паспорту табылганын жарыялаган.

Иликтөөдө ага мыйзамсыз түрдө берилген паспорт 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмү тарабынан берилгени аныкталган.

"Азаттыктын" паспорт мафиясы тууралуу иликтөөсү. 2018-жыл

2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов да 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы тууралуу маалымат чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан дагы кыргыз паспорту табылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG