Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Берлин менен Москвага жик салган өлүм


Немис канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Владимир Путин «Чоң жыйырманын» Осакадагы саммитинде. 29-июнь, 2019-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Владимир Путин «Чоң жыйырманын» Осакадагы саммитинде. 29-июнь, 2019-жыл.

Орусия Германиянын эки дипломатын өз аймагынан чыгарууну чечти. Өткөн аптада расмий Берлин да ушундай эле кадамга барган. Эки өлкөнүн мындай дипломатиялык жүрүштөрүнө Берлинде чечен улутундагы грузин жараны өлтүрүлгөнү себеп болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 12-декабрда Германиянын Москвадагы элчиси Геза Aндреас фон Гейрди чакыртып, эки немис дипломатына өлкөдөн чыгып кетүүгө жети күн берилгенин билдирди.

Өткөн аптада Германия эки орус дипломатын өз аймагынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Буга август айында Берлинде киши колдуу болгон чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин ишин иликтеген немис прокурорлорунун тыянагы себеп болгон. Ал тыянакта Хангошвилини өлтүрүүгө Орусиянын мамлекеттик агенттиктери же Чеченстандын аймактык бийлиги буйрук бергенине «жетиштүү далилдер бар» экени жазылган.

Орус президенти Владимир Путин бул маселе боюнча апта башында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин үн катып, Хангошвилини «канкор» деп атаган.

- Ал катышкан бир окуяда эле 98 адамдын өмүрү кыйылган. Ал Москванын метросундагы (2010-жыл) жардырууну уюштуруучулардын бири эле. Ага эмне болгонун билбейм. Кылмышкерлердин чөйрөсүндө баары болушу мүмкүн, - деп билдирген Путин.

Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнүн иликтенишин талап кылган акция, Тблиси. 10-сентябрь, 2019-жыл.
Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнүн иликтенишин талап кылган акция, Тблиси. 10-сентябрь, 2019-жыл.

Германияга келгенге чейин Грузиянын Ички иштер министрлигинде иштеп, экинчи чечен согушунда орус аскерлерине каршы согушкан бөлүктөрдүн биринин командири болгон чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини быйыл 23-августта Берлинде эки жолу башка атып кетишкен.

Бул кылмышка шектүү катары «Вадим Соколов» деген ысым жазылган паспортту көтөрүп жүргөн орус жараны кармалган. «Bellingcat» иликтөөчүлөр тобу, «Der Spiegel» жана «The Insider» сайттарынын иликтөөсү ал шектүүнүн чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экенин, ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылганын көрсөткөн.

Өткөн жумада немис канцлери Ангела Меркел орус тарап Хангошвилинин өлүмүн иликтөөгө кол кабыш кылбай жатканын ишарат кылган. 11-декабрда да немис өкмөтүнүн өкүлдөрү Орусияны кызматташууга чакырышты.

- Биз орус тарапты кызматташууга, колундагы маалыматы менен бөлүшүүгө үндөйбүз, - деп билдирди немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберт.

Хангошвилини Берлиндин Моабит районунда атып кетишкен.
Хангошвилини Берлиндин Моабит районунда атып кетишкен.

12-декабрда Германиянын Тышкы иштер министрлиги Москванын немис дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимин «негизсиз» деп мүнөздөдү.

Айтмакчы, «Bellingcat», «Der Spiegel» жана «The Insider» сайттары биргелешип жүргүзгөн иликтөө Хангошвилинин өлүмү үчүн айыпталган Вадим Красиков Орусияда да киши өлтүрүү боюнча шектүү болгонун аныктады. Ага ылайык, Красиковго 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмү үчүн шектүү катары издөө жарыяланган.

Бирок кийин издөө жарыялоо тууралуу маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Ошондон кийин Красиков Вадим Соколовдун наамына жаңы паспорт алган. Иликтөөдө Орусиянын атайын кызматы Берлиндеги кылмышка шектүү болгон Красиковду жалданма киши өлтүргүч катары колдонгону, мындай жалданма адамдар Украинада да иш алып барганы, алар кыргыз паспортторун алып жүргөнү айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG