"Борбор Азия Шенгени": Туризм чөлкөмдү байытабы?

Амантай Шакиров жасаган коллаж

Кыргызстан Борбор Азияга келген чет элдик туристтер үчүн бирдиктүү виза киргизүүнү сунуштап келет. Бул демилге соңку ирет Чолпон-Атада 31-июлда өткөн Борбор Азия лидерлеринин бейформал саммитинде да көтөрүлдү.

Адистер "Борбор Азиянын Шенгени" чөлкөмгө кызыгууну арттырып, беш өлкөнүн казынасына салым эле болбостон, ички интеграцияга, кызматташтыкка да өбөлгө болмок дешет.

"Бизден ары коңшу өлкөлөргө өтүп кетишет"

Жунусбек Каразаков “Борбордук Азия турлары” агенттигинин жетекчиси. Ал мындан он жылдай мурда Баткенде туристтерди кабыл ала баштаган. Учурда өзбек, тажик турагенттиктери менен кызматташат.

“Менин туристтерим мисалы Кыргызстанга келип, андан ары Өзбекстан менен Тажикстанга өтүп кетет. Же Өзбекстанга келет да андан ары Тажикстанга барып, анан бизге келишет. Бул эки өлкөдөгү турагенттиктер менен кызматташтабыз. Алдын ала бир ай мурда макулдашабыз. Мен маданий туризм анан альпинизм багытында иштейм. Альпинисттер 21 күнгө, трекинг турлар 11 күн. Кардарларыбыз негизинен Европадан келет. Баа 1200 доллардан баштап, 10 миң долларга чейин барат”.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2025-жылы өлкөгө 10 миллион турист келип, казынага 1 млрд доллардан ашуун киреше түшкөн. Быйыл июль айында президент Садыр Жапаров 2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө 2-3 млн турист келсе, соңку жылдары 13 миллионго жеткенин, бул ИДӨнүн өсүшүнө 4-5% салым кошуп жатканын айткан.

Дагы караңыз

"Табият көп кишини көтөрө албайт". Туризм саясатын өзгөртүү керекпи?

Туристтердин агымынын көбөйүшүнө байланыштуу мурда бул тармакка маани бербеген аймактарда да конок үйлөр ачылып, тейлөө сапатын жакшыртуу аракеттери жүрүүдө.

Муну менен катар туризм тармагында жеке ишкердик кылгандардын катары көбөйгөн. Акыркы эсеп боюнча өлкөдө 129 миңдей адам алектенет, бул катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 87,1% түзөт.

Маркетолог Бермет Турсалиева дагы соңку эки жылдан бери Талас облусунун аймагында жөө жүрүштөрдү уюштуруп келет. Өрөөнгө отуздай компанияны тарткан адис этнотуризмге кызыккандардын көбү ички туристтер экенин белгиледи.

Бермет Турсалиева

“Мындан бир жыл мурда эле Беш-Ташта, Таластын өзүндө да абал башкача эле. Бир жыл ичинде кадимкидей жылыш бар. Жатаканалардын шарты, тейлөө жакшырып, тамак-аш сапаты оңоло баштады. Биздики эми археологияны, этнографияны камтыган өзгөчө турлар да. Ага кызыккандардын көбү ички туристтер болууда. Эгер коңшу өлкөлөрдөгү туроператорлор менен кызматташсак, интеграция болсо, этнотуризм дагы өнүкмөк. Андай болсо Борбор Азиянын бардык аймагына Талас аркылуу эле этнотурларды уюштурмакпыз. Беш-Таштын ичи менен Чычканга, андан ары Ошко өтсө болот. Оштон Өзбекстанга кирсе болот, же ары Баткенге барып, Тажикстанга кирип кетмек. Баткендеги Зардалы айылынын өзү эле туристтерге көргөзүүгө татыктуу аймак. Тарыхый жерлер, мазарлар Өзбекстандын Анжиян облусунда, Самаркандда бар, Тажикстанда да бар, Казакстанда бакшылар бар, ошолордун баарын көргөзүп келмекпиз”.

"Борбор Азия Шенгени" эмне үчүн керек?

Борбор Азияда Шенген аймагындай чөлкөмдө бирдиктүү виза режимин киргизүү идеясы узак жылдардан бери айтылып келген. Бирок беш өлкө ортосундагы башкаруу системасындагы айырмачылыктар жана чек арага байланыштуу маселелер демилгени ишке ашырууга жолтоо болгон.

31-июлда, Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин бейформал саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бирдиктүү виза режимин азырынча Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери колдоп жатканын белгилеп, башкаларды дагы кызматташууга чакырды.

Дагы караңыз

Чолпон-Ата саммити: энергетикалык коопсуздук, аймактык алака-катыш

Муну менен катар Борбор Азия жана Азербайжан дүйнөгө байыркы шаарлары, Улуу Жибек жолунун эстеликтери, тоо жана көл ландшафттары, улуттук каада-салттары жана маданий ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн уникалдуу мурасты сунуштай аларын эске салды.

Кыргыз бийлиги бирдиктүү виза режимин түзүү демилгесин 2025-жылы, Тажикстан менен чек ара маселеси чечилгенде да көтөргөн. Анда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын лидерлери Хожент шаарында түбөлүк достук тууралуу декларацияга кол койгон.

Туризмди өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов чек ара маселелери чечилгенден бери коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин агымы көбөйгөнүн белгиледи.

Дагы караңыз

Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү агенттигине жетекчи болду

“Былтыркы, 2025-жылдын статистикасын алсак, Өзбекстандан бизге 6,5 миллион турист кирген. Алардын жарымы өзбек жарандары болсо, жарымы бул өлкө аркылуу келген чет элдиктер. Казакстандан же Казакстан аркылуу Кыргызстанга 2,5 миллионго чукул турист келди. Чек ара маселеси чечилгенден кийин Тажикстандан да туристтер келип жатат. Ошондуктан бирдиктүү виза режимин киргизүү бул абдан туура жана өз убагында көтөрүлгөн демилге. Айта кетүүчү нерсе, учурда Өзбекстанга 95 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат. Казакстанга 83 өлкө. Бизде болсо визасыз режим 63-64 өлкөгө гана киргизилген. Биз дагы визасыз кирген өлкөлөрдүн санын 80ге жеткиришибиз керек. Бул Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбор Азиянын бирдиктүү туристтик аймакка айланышы үчүн чоң кадам болмок. Ошондуктан бирдиктүү туристтик виза түзүү - Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн эң туура жана объективдүү чечимдердин бири. Экинчиден, Борбор Азиянын экономикалык, социалдык жана маданий интеграциясын бекемдеп, чек арадан коопсуз өтүүгө шарт түзөт. Азыр биз Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар колдоого даяр. Казакстан жана Тажикстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”.

Чолпон-Ата саммитинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтү 15 күнгө чейин узарган.

Кубатов бул эки өлкө ортосундагы абдан күчтүү чечим болгонуна токтолуп, бардык процесстер жакын арада бирдиктүү туристтик виза түзүүгө алып келиши керек дейт.

Туризм жаатындагы адис Максат Чаки "Борбор Азия Шенгени" чөлкөмгө туристтердин кызыгуусун жогорулатып, инфраструктураны, тейлөөнү жакшыртат деген пикирде.

Максат Чакиев

“Европага, мисалы Берлинге барсак, андан ары Париж баштаган бир нече шаарларды көрүп кеткенге аракет кылабыз. Бул дүйнөдө иштеген ыкма. Борбор Азияга келген турист дагы бир канча шаарды көргүсү келет. Туроператорлорго ошондой талап койгондору да бар. Бирок андай тур уюштуруу туроператорлор үчүн түйшүктүү иш. Убакыт кетет, чыгымы көп дегендей. Ар бир мамлекеттик органдарынан виза, уруксат алыш керек. Эгер визасыз режим кирсе мунун баары жоюлмак. Туристтерди көбүрөөк чакырууга шарт түзүлөт. Туристтер көбүрөөк келсе, ошого жараша тейлөө, шарттар жакшырат. Сырткы туристтерге да ыңгайлуу, бир виза менен өздөрү келсе деле болот. Казакстанга келген турист Кыргызстанга же Өзбекстанга тоскоолдуксуз кирет. Бул мультипликативдүү экономикалык эффектти жаратат. Шенген визасы ушундай негизде кабыл алынган. Эгер ушундай система кирип калса, Борбор Азиянын беш өлкөсүнө тең пайдалуу болмок”.

Бирок Борбор Азияга бирдиктүү виза режимин киргизүү демилгесине туризм жаатында обочо саясатты карманган Түркмөнстандын жообу кандай болору белгисиз. Андыктан бул идеянын жакын арада ишке ашарынан күмөн санаган адистер дагы жок эмес.

Туризм боюнча казакстандык эксперт Еркин Тикенов чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн коопсуздук жана укук коргоо кызматтарынын ортосунда кызматташтык болбосо, "Борбор Азия Шенгени" идеясын ишке ашыруу кыйын экенин айтты:

Еркин Тикенов.

“Дүйнөдө бул тажрыйба бар жана ал жакшы иштейт. Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине (GCC) кирген Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү акыркы бир-эки жылда ушундай виза киргизди. Эгер сиз бул өлкөлөрдүн бирине бара турган болсоңуз, визаңыз же кирүүгө берилген уруксатыңыз экинчи тарап тарабынан дароо таанылат. Башкача айтканда, атайын кызматтар маалыматтар менен бөлүшөт. Эгер кабыл алуучу тараптын атайын кызматы адамды кылмыштуулук же соттуулугу боюнча текшерсе, экинчи тарап кайра аны текшерип отурбайт. Ошол эле Европа Биримдигинин тышкы чек араларында бирдиктүү чек ара кызматы, бирдиктүү виза жана бирдиктүү коопсуздук системасы бар. Борбор Азияда бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келет, ковидге чейин дагы айтылган. Президенттер оозеки түрүндө "ооба, макул" дегени менен, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана атайын кызматтары муну анча каалабай жаткандай көрүнөт. Алар "Бул мүмкүн эмес, коркунучтуу элементтер өтүп кетет" дешет. Бирок саясий эрк болсо, демилгени ишке ашырса болот. Бирдиктүү виза киргизүү жакшы идея. Ал белгилүү бир маркетингдик эффект берет жана чөлкөмгө келгендердин чыгымдарын азайтат. Анткени бул жакка келген адамдар адатта эки же үч "станды" бир убакта кыдыргысы келет. Борбор Азия дүйнөлүк ири туристтик борборлордон ыраак жайгашкан, чөлкөмгө жетүү үчүн көп убакыт кетет. Ошончо убара болуп келген турист кыска убакытта көп нерсени көргүсү келгени логикага сыярлык иш”.

Акыркы аптада Борбор Азиянын бир катар медиа каражаттары Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин (WTTC) маалыматына таянып, 2025-жылы Борбор Азиянын экономикасы туризмден 20,1 млрд доллар тапканын, бул чөлкөмдүн ИДӨнүн 4,3%ын түзөрүн жазышты. Кеңештин прогнозуна ылайык, 2026-жылы туризм чөлкөмдүн экономикасына 21,7 млрд долларга чейин салым кошору күтүлүүдө.

Аймакка келгендердин жалпы чыгымы 15,4 млрд долларды түзгөн, анын 9,9 млрд доллары же 64,3% чет элдик саякатчыларга таандык. Ички туристтер 5,5 млрд доллар же 35,7% сарпташкан. Чыгымдардын 84,5% эс алуу жана көңүл ачуу менен байланыштуу. 15,5% ишкерлик сапарлар.

Маалыматта Борбор Азиянын ичиндеги туристтер көбүнчө Өзбекстанга (жалпы агымдын 25%) жана Казакстанга (23%) саякаттары көрсөтүлгөн. Кыргызстандын үлүшү 18% түзүп, үчүнчү орунда.