Борбор Азия: Улуу Жибек жолун кайра куруу дымагы

Иллюстрация сүрөт. Кыргызстан.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдө жол-транспорт, соода катышын күчөтүүнү дээрлик баардык президенттер өз сөзүндө белгилешти.

Орусия Украинага кол салгандан кийин экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан мамлекеттер ички ресурстарды жандантуу менен жаңы соода жолдорун табууга умтулууда. Дээрлик 80 миллионго жакын калкы бар Борбор Азиянын беш мамлекетинин экономикасы салттуу жол менен Орусияга интеграциялашкан. Бул мамлекет Украинага кол салгандан кийин санкцияга кабылып, анын каскагы Борбор Азия мамлекеттерине да тийүүдө.

Чолпон-Атадагы жыйында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улам өзгөрүп жаткан геосаясий жана дүйнөлүк экономиканын туруксуз жагдайында ички мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен ачууга көңүл бурду. Анын пикиринде, ушундай кыйчалыш шартта Борбор Азиянын миссиясы ааламдык саясат менен экономиканын атаандаш полюстары арасында данакер болуу.

"Аймактын унаа байланышын арттырып, транзитке тийиштүү шарт түзүү керек. Картага көз салсак, Орусия, Кытай, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш жана Кавказдын кесилишинде жайгашкан Борбор Азиянын географиялык уникалдуу артыкчылыгы көзгө тартылат. Жаңы геосаясий жагдайда биздин аймактын трансконтиненталдык сооданы арттырып, илгерилетүүдөгү ролу тынымсыз артмакчы", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Борбор Азия мамлекеттеринин төртүнчү кеңешмеси (солдон оңго): Касым- Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Садыр Жапаров, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев. 2022-жылдын 21-июлу, Чолпон-Ата шаары, Кыргызстан.

Транзит аймак болушу үчүн Казакстан бир катар долбоорлорду ишке ашырып, айрымдарын мелжеп жаткан чагы. Атап айтканда, Казакстан Транскаспий эл аралык унаа багытын тездетип, контейнер ташууну 2017-жылга караганда үч эсеге арбытып, санын 25 миңге жеткирди.

Ошондой эле Казакстан "Мазари-Шариф– Кабул – Пешевар" багытындагы темир жолду курууга кызыкдар. Чыгыш Азия менен Перс булуңун байланыштырган "Казакстан – Түркмөнстан – Иран" темир жолун активдүү колдонуудан тышкары Казакстан Өзбекстан менен "Дарбаза – Мактарал" темир жолун, ал эми расмий Ашхабад менен "Түркмөнбашы – Гарабогаз – Казакстан чек арасы" темир жолун курууну пландап жатат.

Мындан тышкары 2025-жылдан тартып "Жаңы Өзөн – Түркмөнстан" унаа жолун жакшыртууну көздөөдө.

Президент Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атадагы сөзүндө океанга чыкпаган мамлекеттерди ич ара автоунаа каттамдары аркылуу жүрүүчү алыш-беришти жакшыртууга чакырды. Ал Борбор Азия тогуз жолдун тоому катары өнүккөн аймакка айланууга, Борбор Азия менен Европанын киндигин туташтырууга толук шарты бар экенин белгиледи. Бул стратегиянын өзөгүн транспорт жана логистика ээлемекчи.

"Атап айтканда, Түркмөнстан "Борбор Азия - Азия - Каспий- Кара Деңиз" жана "Борбор Азия - Перс булуңу" унаа каттамдарын өнүктүрүү жаатында биргелешип иштешүүгө даяр. Эске салсам, августта Түркмөнстанда деңиз аркылуу каттамы жок өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн эл аралык жыйын өтмөкчү. Бул жыйынга Борбор Азия мамлекеттери жигердүү катышып, эл аралык унаа каттамдарына чыгуу боюнча биргелешкен мамилени иштеп чыгууга баш коёт деген ойдомун", -деди президент Сердар Бердымухамедов.

Дагы караңыз Борбор Азияны түйшөлткөн суу, коопсуздук жана соода


Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев чөлкөмдүн потенциалы толук ачылбай жатканын белгиледи. Анын пикиринде, акыркы жылдарда байкалган өсүштөргө карабай мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү канааттандырарлык эмес.

"Анализдер көрсөткөндөй өсүштөргө карабай биздин мамлекеттер ортосундагы соодо-экономикалык дараметибиз дале болсо толук ачыла элек. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жалпы сооданын 5-10 гана пайызын түзүп жатат. Сөз жеңилдетилген процедуралардын аркасы менен чек арага жакын аймактарда сооданын көлөмүн көбөйтүү тууралуу жүрүп жатат", - деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти аймактагы мамлекеттерди өндүргөн товарларын биргелешип Түштүк Азияга, Кытайга жана Индияга сатууга чакырды. Ошол эле маалда бул чөлкөмгө четтен ташылып келген товарларды алмаштыруучу ички продуктыларды чыгарууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Борбор Азиянын потенциалынын баалуулугун белгилеп, көп жылдардан бери пландалып келаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маанисине басым жасады.

"Жакынкы он жылдыктарда темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияны маанилүүлүгү боюнча тарыхый Жибек Жолунан кем калышпай турган жаңы соода жолдорунун тоомуна айландырышы мүмкүн. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маанилүү долбоор катары ийгиликтүү ишке ашуусу Борбор Азиянын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деди Садыр Жапаров.

Дагы караңыз "Эки багыт бар". Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кантип курулат?

Анын пикиринде, беш мамлекеттин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алып, интеграцияны арттырып, унаа-транзиттик жана логистиканы жакшыртып, дүйнөлүк транспорт түйүндөрүнө жана коридорлоруна биргелешип кошулууга күч-аракет жумшоо зарыл.

Садыр Жапаров мисал катары Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы соода борборлорун айтып, ошол эле маалда "эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды, анын ичинде чек арада товар алып өтүүдөгү негизсиз кечиктирүүлөрдү толугу менен жоюуну өтө маанилүү" деп санай турганын белгиледи.

Чолпон-Атадагы кеңешменин жыйынтыгы менен Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери бир катар документтерге, анын ичинде XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул документте дагы чөлкөмдө экономикалык карым-катыштарды арттыруу боюнча бир катар пункттар бар.

Дагы караңыз Кыргызстан издеген соода жолдору: деңиз, аба жана темир жол