"Борбор Азияда мунай заводун куруу керек". Чолпон-Атада эмне сөз болду?

Борбор Азия - Азербайжан саммити. Чолпон-Ата шаары. 2026-жылдын 31-июлу.

Жайдын чилдесинде Ысык-Көл бул күндөрү Борбор Азиядагы улам бир президентти тосуп алып жатты. Бир күн мурун Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевдин, 31-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сапары өттү. Андан соң Борбор Азия жана Азербайжандын башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.

Алты өлкөнүн башын бириктирген С6 форматы

31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын (С6) бейформал Консультативдик жолугушуусу биргелешкен декларация кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Документте ортодогу "жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, тынчтык, ынак коңшулук жана туруктуу өнүгүү принциптерин, ошондой эле аймактык кызматташтыкты" мындан ары кеңейтүү тууралуу айтылды.

Бейформал саммитке Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын башчылары Садыр Жапаров, Илхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышты.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө соңку жылдары мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашуулар кабыл алынып, өз ара ишеним чыңдалып, ошонун аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

Садыр Жапаров

Ошону менен катар ал транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана энергетикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин, Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.

Жапаров ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ал Борбордук Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик виза киргизүү тууралуу Кыргызстандын демилгесин белгилеп, бул багытта макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Кыргыз президентинин айтымында, Борбор Азияга келүүнү каалагандар үчүн бирдиктүү виза сунушун Казакстан менен Өзбекстан колдоп жатат.

Саммитте транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушканы да маалымдалды.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады:

Эмомали Рахмон

“Мен тиешелүү мекемелерибизге аймакта эң жаңы технологияларды колдонуу менен ири мунай иштетүүчү заводду куруу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берүүнү сунуштайм. Албетте, биринчи кезекте аймактагы өлкөлөрдүн маанилүү мунай продуктуларына болгон ички муктаждыктары эске алынышы керек”, - деди ал.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган дрон соккулары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Орусиянын өзүндө күйүүчү-майлоочу май тартыш болууда. Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстанга бул кризистин кесепети катуу сезилип жатат.

Андыктан Украинадагы согуш күчөп, анын кесепети Орусиянын өнөктөштөрү болгон Борбор Азия өлкөлөрүнө тийип жаткан учурда, Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларды эске алганда, аймактагы лидерлердин талкуулачу маселеси көп экенин эксперттер белгилешет.

Борбор Азия боюнча серепчи Галия Ибрагимова Чолпон-Атадагы саммит дүйнөдө геосаясий, анын ичинде энергетикалык кризис жаралган маалга туш келгенине көңүл бурууда:

Галия Ибрагимова

"Мисалы, Ормуз кысыгынын айланасындагы кризис Борбор Азия өлкөлөрүнүн көптөн берки транспорттук пландарын күмөн санатууга түрттү. Деңизге түз чыга албаган мамлекеттер үчүн Иран аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгуу негизги багыттардын бири катары каралып келген. Бирок азыр бул маршруттун да олуттуу тобокелчиликтери бар экени көрүнүп калды. Украинадагы согуш да, албетте, негизги темалардын бири бойдон калууда. Бул согуш Борбор Азияга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да алып келди. Маселен, алгачкы жылдары айрым өлкөлөрдүн соодасы менен экономикасы өстү. Бирок азыр анын терс жактары да көбөйүп жатат. Аймак өлкөлөрү энергетикалык тобокелчиликтерге, логистикалык көйгөйлөргө жана жалпы белгисиздикке туш болуп жатышат".

Орусия Украинага баштаган согуш тууралуу Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясы бир кылка нейтралдуу болгону менен Азербайжан Москваны ачык сындап, Украинаны колдоп келет. Бирок өткөн аптада казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Орусиянын башчысы Владимир Путинге согушту токтотуу чакырыгы талкуу жараткан эле.

Кыргызстан Азербайжандан мунай алабы?

Кыргыз жана азери президенттеринин сүйлөшүүсүнөн соң кол коюлган 15 документтин маанилүүсү эки өлкөнүн союздаштык жөнүндөгү келишими экени айтылды. Бирок документтердин ичинен Азербайжан менен мунай ташуу тууралуу меморандумдун мааниси кем болгон жок.

Орусиянын Украинага каршы ачкан согушундагы соңку кырдаалдын кесепети орус мунай продукциясын импорттогон Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө тийип жатат. Бул республикаларда бензиндин, дизелдин тартыштыгы сезилип, баасы кескин өстү.

Орусиядан күйүүчү май алып келген Кыргызстандын бийлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн бардык айла-амалды караштырып жатканын бир нече жолу билдирди.

Расмий Бишкек өлкөдөгү кара май кризисин чечүү үчүн Казакстан, Беларус, Кытай баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүп жатканын шардана кылган.

Мындай өлкөлөрдүн катарында Азербайжандын SOCAR мамлекеттик мунай компаниясы да бар экенин кыргыз бийлигинин өкүлдөрү “Азаттыкка” билдирген эле.

Ошондуктан азери лидери Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда жана Чолпон-Атадагы лидерлердин бейформал жолугушуусунда соңку кырдаал жана дал ушул мунай маселеси талкууланабы деген суроо кызыгуу жаратып жаткан.

Дал ушул суроого жооп катары эки өлкө ортосунда мунай ташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бирок бул меморандумдун шарттары дагы сүйлөшүүлөрү белгилүү болду.

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул документтер тууралуу "Азаттыкка" төмөнкүдөй комментарий берди:

Алтынбек Рысбеков

"Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда мунай азыктары менен камсыздоо боюнча жакшы меморандумга кол коюлду. Ага чейин да эки мамлекет ортосунда министрликтер деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон. Жакынкы арада ишке ашыруу үчүн “жол картасына” да кол коюлду. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Буюрса кийинки жумалардан тартып биз механизмдерин иштеп чыгууга өтөбүз. Ортодо түшүнүү бар. Мунай продукциясын бизге берүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ошону ишке ашыруу механизмдерин эми иштеп чыгабыз".

Күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан башка жактардан дагы сатып алууну камсыздоо үчүн 2012-жылы Кыргызстан Азербайжан менен жылына 2 млн тонна мунайды кайра иштетүүчү биргелешкен завод курууну макулдашып, бирок кийин ал долбоор ишке ашпай калган. Ага ылайык, Азербайжандын мамлекеттик SOCAR компаниясы каржы салып, өндүрүлгөн күйүүчү майдын ашкан көлөмү Тажикстан жана Ооганстанга экспорттолору айтылган. Азыркыдай шартта Кыргызстан үчүн бул сыяктуу альтернативалык булактарды кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилегендер бар.

Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев бул өлкөдөн Казакстан аркылуу мунай сатып алса болорун, бирок айрым жагдайларды эске алуу керектигин айтууда:

Кайрат Осмоналиев

“Негизи эл аралык тажрыйбада своп-келишим деген түшүнүк бар. Маселен, миллион тонна дейли, ошончо мунай затты алар бизге келишим боюнча сатат. Маселе жок, алар 20 миллион тоннадан ашык экспорттойт. Ошол эле Казакстан Каспий деңизинин башка жээгинде да. Казакстандын логистикасы бар, Чымкенттеги мунай иштетүүчү завод бизге жапжакын жайгашкан. Темир жол транспорт менен бул жакка 5-6 саатта эле жетет. Ошол своп-келишим менен Азербайжан Кыргызстанга миллион тоннаны сатат. Бирок, биз иш жүзүндө Казакстандын мунайын алабыз. Азербайжан өзүнүн миллион тонна мунай затын ошол эле Европага сатат. Бул бизнес жагынан Азербайжанга дагы, Казакстанга да, бизге да пайдалуу. Бирок, тилекке каршы, Казакстан көп ойлонуп атат. Алар үчүн күйүүчү май сатуу бир кыйла пайдалуу. Анткени күйүүчү майдын иштетилгенден кийинки баасы бир канча жогору, чийки мунай заттын баасы төмөнүрөөк. Анын үстүнө мунайдан 5-6 түр күйүүчү майды чыгарса болот”.

Эки өлкөнүн кызматташтыгында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун мааниси артканы белгиленүүдө. Темир жол багыты Өзбекстандан ары карай Азербайжанга чейин жетип, соода базарынын мейкиндиги кеңейе турганы айтылып келген. Ошентип, бул долбоор Борбор Азия үчүн да маанилүү болуп, аймактык деңгээлде каралып жатат. Бул маселе 31-июлда Чолпон-Атадагы Борбор Азия–Азербайжан форматындагы консультативдик жыйында да көтөрүлдү.