"Фауна жана Флора" жаратылышты коргоо уюмунун улуттук координатору Болот Тагаев менен маек.
- Болот мырза, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү, жана жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды, коргоодо Европа Биримдиги кандай колдоо көрсөтөт? Алар бизде кантип ишке ашууда?
- Кыргызстанда жаратылышты коргоо багытында Европа Биримдиги көп жылдардан бери эле колдоо көрсөтүп келет. Ушул жылы жаңы гранттык программанын негизинде дагы колдоосун уланта баштады. Европада дүйнөгө белгилүү CEPF (Critical Ecosystem Partnership Fund) Критикалык абалдагы экосистемаларды коргоо жана сактоо боюнча өнөктөштүк фонду бар.
Болот Тагаев, "Фауна жана Флора" жаратылышты коргоо уюмунун улуттук координатору.
Мына ушул фонд быйыл Борбор Азия тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана экосистемаларды коргоо боюнча жаңы гранттык программаларды ишке ашыруу үчүн “Фауна жана Флора” (Fauna & Flora) уюму менен келишим түздү.
Дагы караңыз
"Суу тартылууда". Кыргызстандагы көлдөрдү тооруган коркунучАнын негизинде CEPF фонду “Фауна жана Флора” жаратылышты коргоо уюму аркылуу жакынкы беш жылда Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн сактоого, тоо экосистемасын коргоого жана жергиликтүү экологиялык уюмдарды колдоого багытталган жаңы грантык программаны ишке ашырат.
Бул жаңы гранттык программанын негизги донору – Европа Биримдиги.
Алдыдагы беш жылда “Фауна жана Флора” уюму программаны ишке ашырууну координациялап, жергиликтүү экологиялык демилгелерге көмөктөшөт жана жаратылышты коргогон бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик уюмдар ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.
Жалпак тил менен айтсак, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар табиятты коргоо боюнча долбоорлорду жазат, алар сынактык негизде тандалып, өткөндөрү гранттык негизде каржыланат.
- Дүйнөлүк жаратылышты коргоо уюмдары, сейрек кездешкен жаныбар, өсүмдүктүн түрлөрү бар болгону үчүн Борбор Азия тоолоруна көңүл буруп жатат да. Ошол түрлөрдүн канчасы Кыргызстандын аймагын байырлайт жана алар кайсылар?
- Тянь-Шань тоо системасы менен Памир-Алай тоо системасы чогуу Борбордук Азиянын тоо экосистемасы деп аталат. Ошол тоо системаларында негизинен беш өлкө жайгашкан, андан тышкары Памир тоо системасынын түштүк тарабы Ооганстанга илешет жана Тянь-Шань тоо кыркасынын чыгыш бөлүгү Кытайда жайгашкан.
Баарын кошкондо жети өлкөнүн аймагында жайгашкан тоо системасы бир бүтүн Борбор Азиянын тоо экосистемасын түзөт.
Сейрек кездешүүчү сиверса алмасы гүлдөгөн учур.
Бул жерде жогоруда аталган беш өлкө тең ошол жаңы грантык программанын негизинде иш жүргүзө баштады. Ушул географиялык аймакта сейрек кездешкен жана жок болуп бара жаткан түрлөр көп. Алардын ичинен жергиликтүү экологдор, окумуштуулар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы артыкчылыктуу 22 түрдү тандап алышкан. Артыкчылыктуу деген сөз, ошол түрлөр сактоого, коргоого өзгөчө муктаж экенин билдирет.
Мына ошол артыкчылыктуу 22 түргө Кыргызстандагы недзвецкий, сиверса алмалары, коржинский алмуруту, кнорринг долоносу, талаа ташбакасы, кара куш (талаа бүркүтү), ителги жана башка түрлөр кирген. Бейөкмөт же коомдук уюмдардын ушул түрлөрдү сактоо жана коргоо боюнча жазган долбоорлоруна артыкчылык берилет.
Биологиялык ар түрдүүлүк деген эмне?
- Арменияда өткөн COPтун жыйынында Кыргызстандын президентинин сунушунан кийин биологиялык ар түрдүүлүк деген термин көбүрөөк жаңыра баштады. Негизи эле биологиялык ар түрдүүлүк жана анын очогу деген эмнени түшүндүрөт?
- Азыр дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттер жаратылышты сактап калууга аракет кылып жатат. Алардын катарында бул маселеге Кыргызстан дагы жакшы көңүл буруп жатат.
Биологиялык ар түрдүүлүк - бул жер жүзүндөгү тирүү организмдердин жана алардын ортосундагы татаал байланыштардын жыйындысы. Биологиялык ар түрдүүлүктүн деңгээлдери да бар. Мисалы, экосистемалардын көп түрдүүлүгү, түрлөрдүн көп түрдүүлүгү, генетикалык көп түрдүүлүк деп бөлүнүп кетет.
Биологиялык ар түрдүүлүктун очогу деп, эки критерийге жооп берген белгилүү чектелген географиялык аймакты айтабыз.
Коржинский алмуруту
Биринчи критерий – аймакта 1,5 миңден ашуун эндемикалык түрлөр болушу кажет. Экинчи критерий - 1,5 миңден ашык эндемикалык түрлөр бар, бирок алар жок болуп кетүү коркунучунда турган аймак биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу болуп эсептелет.
Токойдо өрт чыкса, биз чукул чара көрүп, бат өчүрүүгө аракет кылабыз. Биологиялык ар түрдүүлүктүн очогунда дагы сейрек кездешкен, жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн, ошондой эле аймактын экосистемасын коргоп, сактап калуу үчүн бат, ыкчам чараларды көрүшүбүз зарыл.
Дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн 36 очогу белгиленген. Борбор Азиянын тоолору дагы биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу болуп саналат. Бул аймак биотүрдүүлүккө бай болгону менен көптөгөн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү жоголуп кетүү коркунучунда турат.
- Кыргызстандын өзүндө биотүрдүүлүк очоктору барбы?
- Биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү аймактары бар, бирок аларды биологиялык очок деп айта албайбыз, Себеби, Кыргызстандын аймагы толугу менен Борбор Азия тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүк очогунда жайгашкан.
Кыргызтандын аймагында 35 биотүрдүүлүгү маанилүү аймактар белгиленген. Ал аймактардын биотүрдүүлүгүн сактоого жана экосистемасын коргоого негизги көңүл бурулат. Бейөкмөт жана коомдук уюмдар жаратылышты коргоо боюнча долбоор жазганда мүмкүн болушунча ошол аймактарды камтыганы дурус.
Мисалы, Батыш Тянь-Шань, Чаткал кырка тоосу, Сары-Челек коругунун айланасы, Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токою, Ысык-Көлдүн чыгышы жана башка биотүрдүүлүгү маанилүү аймактар бар.
Алма, суур жана ителги
- Эндемикалык түрлөр деп калдыңыз, ал эмне жалпак тил менен түшүндүрө аласызбы?
- Жогоруда биологиялык ар түрдүүлүктүн очогунда 1500ден ашуун эндемикалык түрлөр болушу керектиги айтылды. Эндемик дегенибиз, эгерде өсүмдүктүн же жаныбардын бир түрү, белгилүү гана аймакта кездешип, башка аймактарда жок болсо, ал ошол аймактын эндемиги болуп эсептелет.
Мисалы, жогору умтулган мандалак Чаткал кырка тоосу менен Ат-Ойнок кырка тоолору бириккен жерде, Сары-Челек коругунда кездешет. Ал мандалактын түрүн Кыргызстандын эндемик өсүмдүгү деп атасак болот.
Жогору умтулган мандалак
Эндемиктер дагы ар түрдүү деңгээлде болот. Мисалы, мензбир сууру - Батыш Тянь-Шандын эндемиги. Анткени мензбир сууру жердеген ареал Өзбекстан, Казакстан менен чектешкен жерде тургандыктан аны Кыргызстандын эндемиги деп айта албайбыз. Аны Батыш-Тянь-Шандын эндемиги деп айтабыз.
Дагы бир мисал келтирсек, недзвецкий алмасы (кызыл жалбырактуу алма) бул Борбор Азия тоолорунун эндемиги. Себеби, ал Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системасынын аймактарында гана кездешет.
Недзвецкий алмасы
Биздин изилдөөлөр боюнча, Кыргызстанда бул алманын 157 гана даанасы калган, ошондуктан ал түр жок болуп кетүү коркунучунда.
- Ага эмне себеп болууда?
- Биринчи кезекте адамдын таасири (мал чарбачылыгы, отун жыйноо, чөп оруу ж.б.) Андан тышкары биз белгилегендей токойдо сиверс алмасы да бар.
Экөө тең бир аймакта кездешет. Гүлдөө убактысы бир мезгилде болгондуктан, бир түр менен экинчи түр чаңдашып, гибриддүү түрдүн пайда болушуна алып келет.
Недзвецкий алмасы уругу менен көбөйөт, кийинки муундун 50% жакынында гана ошол алманын морфологиялык белгилери сакталып калат.
Сиверс алмасы
Калган 50% көбүрөөк көчөттөрдө сиверс алмасынын морфологиялык белгилери байкалат. Бул генетикалык өзгөрүү. Анткени чаңдашканда кайсы бир түр күчтүү болсо, ошол түрдүн белгилери басымдуулук кылат.
Инвазивдүү түрлөр эмне үчүн кооптуу?
- Соңку жылдары өсүмдүк болсун, жан-жаныбар болсун инвазивдүү түрлөр деген маселе көтөрүлүп келет. Алар эмне үчүн кооптуу?
- Мисалы, Кыргызстанда айлан дарагынын көчөтү Кытайдан алып келинген. Кыргыздар көбүнчө аны сасык дарак дешет. Аны бул жакка алып келүүнүн бир себеби, Кыргызстандын түштүгүндө аларды дарыялардын жана арыктардын жээгине, жер көчкү жүргөн жерлерге кыртышты бекемдөө максатында эгишкен.
Айлант кургакчылыкка да, нымга да чыдамдуу болот экен. Тамыры менен да, уругу менен да тез көбөйөт. Бирок бул өсүмдүктүн биотүрдүүлүккө терс таасир тийгизет. Жаман жыт чыгарып, көлөкө кылып башка өсүмдүктөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратат. Азырынча анын терс таасирин байкай элекпиз. Бирок 30-40 жылдан кийин көйгөй жаратышы толук мүмкүн.
Ал эми жаныбарлар тууралуу айтсак, 1960-жылдардан баштап Кыргызстанга Азиянын түштүк-батышынан чөөлөр келе баштаган. Андан бери кескин көбөйүп, башка жаныбарлардын санын азайтып салды. Жапайы канаттууларга да зыянын тийгизген учурлар бар.
Дагы караңыз
"Арстанбапка да жетти". Сасык дарак Бишкекти чөлгө айлантабы?- Кыргызстанда соңку жылдары мандарин, банан өстүргөндөр тууралуу маалыматтар чыгып калат. Бирок анын кесепеттери болушу мүмкүнбү же жокпу дегенге азырынча жооп жок...
- Албетте, башка жактан түрлөрдү алып келерден мурда адистер менени кеңешкен оң. Андай түр менен кошо, анын оорулары, зыянкечтери кошо келиши мүмкүн. 2009-жылы Европадан алып келинген алма-алмуруттун көчөттөрү менен кошо бактериалдык күйүк илдети дагы келген. Бул өтө кооптуу илдет, ага каршы дары чыга элек. Ага каршы механикалык жол менен күрөшүүгө туура келет.
Бактын шагы илдетке чалдыккан болсо, төмөн жагынан 20-30 см кыркып салып, өрттөп салыш керек. Андан башка күйүк менен күрөшө турган, дарыларыбыз же чараларыбыз жок да. Ал илдетти фитосанитардык станцияларда же чек арада аныктай албай калышы мүмкүн. Себеби, көчөттү алып келе жатканда илдет анын ичинде уйкуда болот. Аны бардык эле жабдыктар көрсөтө албайт.
- Күйүк сиз айткан жапайы алмаларга жармашса ким дарылайт?
- Биз бир канча жолу экспедицияга чыктык. Күйүк үй шартында өскөн алмалардан жапайы алмага бат эле жугат. Бул биотүрдүүлүккө чоң зыянын тийгизе турган коркунуч. Бирок жапайы алмалардын иммунитети үй өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу бираз жогору экен, ошондуктан алар мүмкүн болушунча бактериалдык күйүккө туруштук берүүдө.
Дагы караңыз
Алма менен мистеден кантип миллион тапса болот?- Илимде жаныбарларды аргындаштыруу, өсүмдүктөрдү кыйыштыруу тажрыйбасы бар да. Эмнеге аны үй жаныбарына кылса болот, жапайы жандыктарга болбойт деген суроо туулат...
- Жапайы жаныбарларды түрдүк жана генетикалык негизде ошол бойдон сактап калуу зарыл. Өсүмдүктөр тууралуу айта турган болсок, жапайы түр жок болуп кетсе андан маданий өсүмдүктүн сотторун чыгара албайбыз. Ошон үчүн жапайы түрлөрдүн көп түрдүүлүгү сакталууга тийиш.
Экокоридор деген эмне?
- Артыкчылыктуу түрлөр деген эмне аларга кайсы жаныбар же өсүмдүктөр кирет?
- Биздин грант программабыздын негизинде каралган артыкчылыктуу түрлөр деп Борбор Азиядагы сейрек кездешкен жана жоголуп кетүү коркунучу өтө жогору өсүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмесин түзүлгөн. Ал тизмеге Борбор Азияда кездешкен 22 түр кирген. Кыргызстанда ошол тизмеге недзвецкий алмасы (кызыл жалбырактуу алма), сиверс алмасы, коржинский алмуруту, ителги, кара куш (талаа бүркүтү) талаа ташбакасы ж.б. (Жалпы 22 артыкчылыктуу түрлөрдүн 13 түрү Кыргызстанда кездешет).
Сиверс алмасынын дарагы
- Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү аймактары кайсылар?
- Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлуктүн маанилүү аймактарынын саны 35. CEPF'тин жаңы гранттык программасы Борбор Азиядагы беш өлкөдө тең иштеп жатат. Баарында тең биотүрдүүлүктүн маанилүү аймактары, артыкчылыктуу түрлөр, артыкчылыктуу экокоридорлор белгиленген. Экокоридор дегенибиз - жаныбарлар миграция учурунда жүргөн аймактар.
- Демек, жан-жаныбарлар миграция учурунда өткөн аймактар артыкчылыктуу эко коридор деп аталат турбайбы?
- Туура. Кыргызстанда 12 артыкчылыктуу экокоридор белгиленген. Мисалы Ысык-Көл бассейни, Борбордук Тянь-Шань. Түркстан, Алай кырка тоолору, Батыш Тянь-Шань ж.б.