Кыргызстан менен Армения эми бул маселелерди чогуу изилдеп, тажрыйба алмашууга киришет. Кызматташтык эки өлкөдөгү көлдөрдү коргоого канчалык өбөлгө боло алат жана иш жүзүндө кандай натыйжа берет?
Севан менен Ысык-Көл
Армениядагы Севан көлү деңиз деңгээлинен болжол менен 1900 метр, ал эми Кыргызстандагы Ысык-Көл 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Экөөнүн айырмасы - 300 метр. Түштүк Кавказдагы эң ири көлдүн суусу тузсуз, ал эми асман тиреген тоо кыркаларынын ортосунда турган Ысык-Көлдүн суусу туздуу, кышында тоңбойт.
Эки көлдүн көлөмү менен тереңдигин салыштырганда айырма арбын. Севандын аянты болжол менен 1240 чарчы чакырым, ал эми Ысык-Көлдүкү 6236 чарчы чакырымдан ашат. Ысык-Көлдүн аянты Севандан беш эсе чоң. Севандын эң терең жери 80 метрге жетсе, Ысык-Көлдүкү 668 метрге чейин жетет.
Эки көлдүн дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү - суусу. Эгер Севан тузсуз болсо, Ысык-Көл минералдарга бай, туздуу. Эки башка чөлкөмдө жайгашкан көлдөрдүн байланышы дээрлик бир кылым мурда, тагыраагы Совет мезгилине барып такалат. Севандын форелин Ысык-Көлдө балык чарбасын кеңейтүү үчүн алып келип коё беришкен.
Илимий маалыматтарга караганда, 1930-жылы форелдин уруктандырылган 750 миңдей жумурткасы, ал эми 1936-жылы дагы 800 миңдей жумурткасы Ысык-Көлгө жеткирилген. Севандын тузсуз суусунан келген форелдин түрү туздуу көлгө ыңгайлашып, балык чарбасынын кирешелүү бөлүгүнө айланган.
Географиялык шарттары ар башка аймакта жайгашкан Севан менен Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо эки өлкө үчүн тең маанилүү. Кыргызстан менен Армения эми бул багытта тажрыйба алмашып, көлдөрдү изилдөө жана коргоо боюнча кызматташууну көздөйт.
Себеби эки көлдө тең мыйзамсыз балык уулоо, суунун көлөмүнүн азайышы, жээктеги биотүрдүүлүктүн жоголуп баратканы чоң экологиялык көйгөйгө айланды.
Армения менен Кыргызстан кызматташат
2026-жылы октябрда Ереванда эки өлкө ортосунда Ысык-Көлдү жана Севанды сактоо үчүн кызматташуу жөнүндө өз ара меморандумга кол коюлду.
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, документ эки көлдүн экосистемаларын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, жергиликтүү балык түрлөрүн сактоо, суунун булганышын алдын алуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин баалоо боюнча кызматташууну карайт. Меморандум беш жылдык мөөнөттү камтыйт.
Ошондой эле Севан улуттук паркы менен Ысык-Көлдүн айланасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ортосунда түз байланыш түзүү пландалууда.
Бул макулдашуу Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциясынын 17-конференциясы (COP17) өтүп жаткан учурда жарыяланды.
Документ эки өлкөнүн кызматташтык багыттарын аныктайт. Бирок анын натыйжасы биргелешкен изилдөөлөргө, маалымат алмашууга жана кабыл алынган чаралардын аткарылышына байланыштуу болот.
Мисалы, Ысык-Көлдө балык популяциясын тактоо маселеси турат. Өкмөт көлдө балыктын канча запасы бар экенин азырынча так билбейт.
Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алмаз Мусаев бул тууралуу Ереванда конференцияга катышып жүргөн жеринен “Азаттыкка” маегинде айтты. Министрлик эми мурдагыдай эле жалпы божомолдорго таянбай, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландап жатат.
“Өзүңөр билгендей, Ысык-Көлгө мыйзамсыз тор салып, балык уулагандардын саны көбөйүп кеткен. Бирок соңку жылда браконьерлер менен күрөш аесуз жүрдү. Көл үстүнө экологдор, милиция кызматкерлери жана дагы башка кызматкерлер биригип чыгып, улам салынган торлорду чыгарып, кармалгандарды тийишүү жоопко тартып жатышты. Көл алдына чөктүрүлгөн да торлор ушунча көп болуп кеткендиктен алар кадимкидей бир катмар болуп калган. Ага чалынган балыктар кайра чыга албай, чирип, бир топ маселелер жаралып калган. Соңку беш жылдан бери абал акырындык менен өзгөрүп келатат. Миңдеген чакырым торлор чыгарылып, көл кадимкидей дем ала баштагандай болуп калды. Биз ушу иштердин баарын жыйынтыктап калдык. Эми илимий изилдөө иштерине көңүл буруп, көлдөгү балык запастарын карап баштайбыз. Бул биздин Ысык-Көлдү коргоо боюнча 2023-жылга чейин иш пландардын алкагында бекитилген”, - деди Мусаев.
Армениянын тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргызстан көгүлтүр көлдү коргоо, балык ресурстарын изилдөө жана жаратылыш аймактарын башкаруу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшө алат.
Бирок азырынча биргелешкен изилдөөлөр качан башталары, аларга канча каражат жумшалары, алгачкы жыйынтыктар качан жарыяланары тууралуу так маалымат чыга элек.
“Севан менен Ысык-Көл киндиктеш”
Ал арада Армениянын айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Арам Меймарян “Азаттыктын” суроолоруна учкай жооп берип, Севан менен Ысык-Көлдү “киндиктеш көлдөр” деп атап, эки өлкөнүн кызматташтыгы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерине үмүттөнүп турганын айтты.
Министр белгилегендей, Совет мезгилинде Севан көлүнүн суусунун деңгээли атайылап 20 метрге төмөндөтүлүп, экосистемасына олуттуу зыян келтирилген. Азыр көлдүн деңгээлин көтөрүү, севан форелинин популяциясын калыбына келтирүү жана суунун булганышын азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул аракеттердин аркасы менен көлдүн деңгээли 4% көтөрүлгөн.
“Биз генетикалык анализ жүргүздүк. Анын жыйынтыгында Ысык-Көлдөгү балыктардын генетикалык түзүлүшү Севанда сакталып калган түрчөлөрдүн бирине дал келери аныкталды. Биз жок болуп кеткен балыктын дагы бир түрүн изилдеп табабыз деп үмүттөнгөнбүз, бирок андай жыйынтык чыккан жок. Севан көлүндөгү форелдин запасы 2025-жылга карата 130 миң тонна болсо, быйылкы жылы 880 тоннага жетти. Биз Кыргызстандагыдай эле балыкты жасалма уруктандырып, анан аларды Севанга кое берип жатабыз. Бул биздин абдан чоң жеңишибиз. Ошондой эле биз Севанга агып кирген сууларды тазалоо үчүн үч шаарда атайын биологиялык чыпкалоочу жайларды курууну пландап жатабыз. Мына ушундай тармактар боюнча Кыргызстан менен тажрыйба алмашып, чоң иштерди жасай алабыз деп ишенем. Себеби Ысык-Көл менен Севан киндиктеш көлдөр. Алардын жайгашканы, жаратылыш шарты, атүгүл балыктары да абдан окшош. Бизди алдыда чон илимий изилдөө иштери күтүп турат”, - деди Меймарян.
2026-жылдын башында Севанда коммерциялык негизде балык уулоого атайын квота бекитилген. Бирок Севандын жака-белинде жайгашкан айылдардын тургундарынын негизги киреше булагы - балык уулоо. Алгач 2023-жылы тыюу салынганда тургундар нааразы болгон. Ошондой эле бул айылдарда саркынды сууну тазалоочу жайлар жоктугунан кир суу түз эле көлгө куйганы чоң көйгөйлөрдүн бири.
Ысык-Көлдө көп жылдардан бери балык уулоого тыюу бар. Мыйзам бузгандар жоопко тартылат. Саркынды сууну тазалоочу жайлар болгону менен алар аздык кыларын экологдор белгилешет.
Ошондой эле алар жайкы эс алуу мезгилинде скутер, моторлуу кайыктар да сууга зыянын тийгизип жатканын айтышат.
COP17ден кийинки милдеттер
Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык максаттар өлкөлөрдөн жаратылышты коргоого байланыштуу милдеттенмелерди кабыл алууну гана эмес, аларды ишке ашырууну да талап кылат.
Кыргызстан менен Армениянын көлдөрдү сактоо боюнча келишими - аймактык кызматташтыктын бир мисалы. Эми анын канчалык натыйжалуу болору конкреттүү иштерден көз каранды. Тараптар илимий маалыматтар менен алмашып, суунун сапатын биргелешип көзөмөлдөө жана экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча чараларды бирге көрүүнү караштырып жатат.
Бул материал Informed Earth уюму жана Internews Earth Journalism Network тармагы менен бирге уюштурулган 2026-жылдагы БУУнун COP17 стипендиялык программасынын алкагында даярдалды.
Шерине