“Чачтан алып, бетке койчу". Ошто таяк жеген аял ооруканага түштү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошто күйөөсү урган келин ооруканага түштү. Анын апасы кызы 9-августта катуу сабалганын, буга чейин да күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгенин айтты. Гүлзада Назированын абалы начарлап, 23-августта Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Милиция окуяга тиешеси бар делген адам кармалып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады.