"Сот ачык өтсүн"
“Социал-демократтар” партиясынын лидери, жети жылга соттолгон Темирлан Султанбековдун президент Садыр Жапаровго кайрылуусу 21-октябрда анын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды. Кайрылуусунда ал өзүнө карата чыккан сот өкүмүн сынга алып, бийликти саясий куугунтук жүргүзүп жатат деп айыптаган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларында өзүнүн ролу болгонун белгилеп, Садыр Жапаровдун бийликке келишине салым кошконун жазган.
Саясатчы жана активист соттук териштирүүдө негизги далил катары көрсөтүлгөн видеого байланыштуу дооматтарын да билдирген. Анын айтымында, сотто пайдаланылган видео монтаждалган жана бурмаланган. Ошондой эле ал сот техникалык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартканын белгилеген.
"Мага жети жыл эмес, жетимиш жыл бергиле, бирок апелляциялык сотту ачык өткөргүлө. Эл баарын көрүүгө жана билүүгө укуктуу", - деп жазган ал.
Президенттин администрациясы бул кайрылууга азырынча комментарий бере элек.
Активисттин атасы Медетбек Султанбеков буга чейинки соттук процесстерди да ачык өткөрүүнү талап кылып келгенин белгиледи.
Медетбек Султанбеков.
"Темирлан буга чейин да сот жараянын ачык өткөрүүнү талап кылып келген. Эми кийинки инстанцияда ачык өтсүн дептир. Анткени прецедент бар, "75чилердин каты" боюнча сот ишинде "ачык өтсүн" дешти эле ачык өткөрүштү, кайра "жабык болсун" дешкенде, жабык өткөрүштү. Темирлан катында ачык жазып жатат, аларды айыптаган видеосун сот техникалык экспертизага бербей койгонун, сот отурумунда далил катары каралбаганын жазды. Эгер ачык-айкын өткөрсө, кандай далил менен, эмне кылып отургузуп, кандай кыйноолор болуп жатканын эл да ачык көрмөк", -деди Медетбек Султанбеков.
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Алар менен кошо айыпталган Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Темирлан Султанбеков: Оппозициянын жолу, Атамбаевдин мурасы
Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортацияланган.
Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырып келет. Алардын адвокаттары сот өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
28 жаштагы Темирлан Султанбеков Социнтерн уюмунун вице-президенти.
Ташовдун кайрылуусу
Султанбековго удаа эле сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан ишкер Имамидин Ташов абактан президент Садыр Жапаровго кат жолдоду. 16-октябрда жазылган катын жакындары 21-октябрда ачыкка чыгарышты. Анда ишкер өзүнө коюлган айып боюнча мамлекет башчыга туура эмес маалымат берилгенин жазды. Ишкер кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына каражат берген деген маалыматты төгүндөп, кылмыш дүйнөсү менен эч кандай байланышы болбогонун белгилеген.
Кылмыш ишинде “450 миң доллар берген да, алган да адам жөнүндө” документтер жок экенин жазган. Мындан тышкары УКМК кызматкерлери аны кыйноого, ур-токмокко алганын, “далилсиз иш токуганын” белгилеген.
Ташовдун президентке абактан каты. 16-октябрь, 2026-жыл.
Ишкердин апасы Саипжамал Абдукаимова уулунун президентке каты тууралуу буларды айтты:
Саипжамал Абдукаимова
"Президенттин жолугушууда мага берген жообуна мен ишенген эмесмин. Анткени президентке кошоматчылары жана башкалар уулум тууралуу туура эмес, жалган маалымат беришкен. Ошону ошол жерден айтайын десем, микрофонду өчүрүп коюшкан экен. Баламды үй камагына чыгарып туруп, кайра "Жаннат" деген мейманканага алып кетишип, кыйнап, "подстава" кылышканы анык", - деди апасы.
Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимованын суроосуна жооп берген. Ишкердин апасы “уулу жалган алдоо жолу, жалаа менен соттолгонун” айтып, ишин акыйкат карап берүүнү суранган.
Садыр Жапаров Имамидин Ташовдун иши боюнча сотко же укук коргоо органдарына тапшырма бере албай турганын, соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин ырайым сураса, карап көрөрүн айткан.
"Ал криминалдарга 450 миң долларлык батирин таратып, “революция кылам” деген. Ал кезде Камчы Көлбаев тирүү болсо керек. Ага жана анын балдарына батир тараткан. Акча чачып, “революция кылабыз” дегенин билем”, - деген президент.
Дагы караңыз
Ташовдун иши: Шаардык сот ишкерди сегиз жыл абакка кести
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Ишкердин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.
Бишкек шаардык соту 17-июлда Имамидин Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталган. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып, 8 жылга түшүрүлгөн.
Ташов өзүнө коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.
Ишкердин катына расмий жооп азырынча боло элек.