Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медал алды

Мээрим Жуманазарова.

29-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн (68 кг чейин) күмүш медал алды. Кыргызстандык спортчу алтын үчүн беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилди.

Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда индиялык балбан кыз Сришти Сриштини 5:1, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту. Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 менен жеңип, финалга чыккан.

26 жаштагы Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону (2026-ж. 2022-ж.). Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-ж.), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-ж., 2019-ж.). 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-ж.) жана жаштар арасында (2017-ж.) Дүйнө чемпионаттарынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло байге алган. (BTo)


Дагы караңыз

Олешкиде атышпоо режими сакталып жатканы айтылды Саудия хусилердин баллистикалык ракетасын атып түшүргөнүн билдирдиДнепрде Орусиянын жарандык поездге соккусунан 13 адам каза болду, 10дон көбү жарадар ИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке кактыИюнь окуясы: Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскарттыТранспорт министрлиги карга байланыштуу ашууларда жолдор тайгак болорун эскертти