Бирок ушул кезге чейин Март ыңкылабындагы үмүттөр канчалык аткарылды жана кандай сабак алынды деген суроого жооп табыла элек.
Саясат таануучулардын жана тарыхчылардын баамында, Март ыңкылабын бир катар жагдайлар тутанткан. Айрыкча Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшү, Аксы окуясы жана он беш жыл тактыда отурган Аскар Акаевдин Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийликти бир колго топтоп алышы өңдүү себептер дүрмөт болгонун мисал келтиришет.
2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Бермет Акаева жетектеген “Алга, Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк мандатка ээ болушу элдик толкундоолорду күчөтүп, акыры бийликтин алмашуусуна алып келген.
Элдик кошуундун аткарылбай калган мүдөөсү
Эколог Гамал Сооронкулов Март ыңкылабынын катышуучусу. Жыл сайын ушул күндү санаалаштары менен чогуу белгилеп турат. Ал 21 жыл мурда болгон окуяны минтип эскерди.
Гамал Сооронкулов.
“Бүгүн да ошол окуяны эскерип, куран окудук. Негизи бул ыңкылап Аксыдан башталган. Ал жактагы туугандардын каны төгүлдү. Ошонун баары бышып отуруп 2005-жылы шайлоодон кийин нааразылык чыкты. Анткени одоно мыйзам бузуулар болгон. Мен 2004-жылы ноябрда Бишкекте шаардык кеңешке шайлоо өткөндө досумдун штабын жетектегем. Ошол жерден Акмат Бакиев менен таанышкам. 2005-жылы “келип, жардам бер” деп Жалал-Абадга чакырып калды. Курманбек Бакиев анда округун алмаштырып, Тогуз-Торо менен Базар-Коргонго кетип калган. Мен анын бир тууганы, ыраматылык Жусуп Бакиевдин штабын жетектедим. Андан кийин бийлик штабды талкалады, "жасалма акча чыкты" деп шайлоого жеткиришкен жок кыскасы. Штаб жетекчиси катары тогуз протокол, 14 актыны сотко көтөрүп бардым. Ал жерден мага судья мага “билгениңди кылып ал” деп орой жооп берген. Мен дагы жаш элем, сөгүшүп кетип, милиция менен имараттан чыгарып салышты. Анан митингдерге чыгып жаттык. 4-мартта администрациянын жанында турдук. Губернаторду чакырсак чыкпайт, анан мыйзамды буздукпу айтор, имаратка кирип кеттик. Ал жерди 20 күндөй ээлеп отурдук. 10-мартта курултай өтүп, элдик кошуун түзүлдү, мени жетекчи кылып шайлашты. Бишкектен Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев келди. 21-мартка караган түнү милициянын атайын отряды келип бизди кармады. 24-мартта борбордо бийлик алмашып кетти”.
Дагы караңыз Март ыңкылабы: Жалал-Абадда жоголгон миллиондор, дайыны чыкпай калган айыпталуучуГамал Сооронкулов Март ыңкылабы бийликке элди каалагандай калчоого, өз билгенин кылууга болбосун эскерткен белги болгонун белгилейт.
Бийлик алмашкандан кийин ал "Март окуяларынын координациялык кеңеши" деген коомдук бирикме ачкан.
“Токой чарбасындагы коррупцияга каршы күрөшүп жүрүп, кийин эколог болуп кеттим. Ошол кезде эле криминалды жок кылуу, менчикке мыйзамсыз берилген жер-мүлктөрдү кайтаруу, мыйзамдуулукту орнотууну кыялданганбыз. Бир жолу пахта заводунун мурдагы жамааты кайрылып калды. Алардын материалын Ошто өтө турган сотко көтөрүп бардым. Отурум кечигип жатканда ачуум келип, судьянын иш бөлмөсүнө кирип барсам, эки аксакал чай ичип отурган экен. Бирөөнүн өңү бозоро түшсө болобу. Көрсө баягы мени кубалап чыккан судья экен да. Кан басымы көтөрүлдү окшойт. Анан калса ошол кезде мени “рэкет экен” деген ушак тарап кеткен. Анан ал байкелер менен чогуу отуруп чай ичтик, ушул ишти оңуна чечип бергиле дедим. Айткандай эле соттон уттук. Эл үчүн ушундай жакшы иштерди кылганбыз. Бирок элдик кошуундун мүдөөсү толук аткарылбай калды. Кийинки келген бийлик туура эмес жолго түштү. 2008-жылы Акмат Бакиев менен айтыша кетип, мамилебиз бузулду. Анан саясаттан четтеп кеттик. Азыр туура кылган экем деп ойлойм, таза бойдон калдык да. Март ыңкылабын азыр ар кандай атап жүрүшөт. Бирок ал боло турган окуя болчу. Кыргызга кудайдын көзү түз окшойт. Канча кыйналып, жар кырына барсак да көп окуялар күчөп кетпей токтоп калды”.
"Укуктук талаага кайта элекпиз"
Март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев башкарган жылдарды “кандуу доор” деп атап келишет. Ал башкарган беш жылда айрым саясатчылар, журналисттер киши колдуу болду. Бир кезде аны тактыга отургузгандар кийин оппозицияга ооду. Энергетика баштаган чөйрөлөрдө коррупциялык схемалар орноду. Натыйжада, Кыргызстан экинчи жолу, 2010-жылы 7-апрелде кан төгүү менен коштолгон төңкөрүштү баштан кечирди.
Бара-бара Март ыңкылабы Бакиевдердин багын ачкан күн катары саналып, кийин майрам катары белгиленбей калды.
Азиза Абдирасулова.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстан Март ыңкылабында укуктук талаадан чыгып кеткенин, ошол кезден бери бир нукка түшө албай жатканын айтып келет.
“Укуктук талаадан чыгууга элди ошол кездеги бийлик өзү мажбур кылды. Аксы окуясы болду. Акаев үчүнчү мөөнөткө "экинчи мөөнөтүм" деп барып алды. Ага ошол кезде Конституциялык соттун судьялары жол беришти. Анын ордуна “жок, сиз эки мөөнөт отурдуңуз, бийликти тапшырыңыз” десе балким кийинки окуялар болмок эмес. Убагында Аксы окуясына, андан кийинки сотторго катышып жүрдүм. Акаев кетсе эле баары жакшы болот деп ойлопмун да. Бирок Бакиев келгенде деле жыргап кеткен жокпуз. Үй-бүлөлүк башкаруу орноп, аягы тигинтип бүттү. Андан кийин Атамбаев келди. Ал алты жыл отуруп, кызматын тапшырды. Ошондо укуктук талаага кайттык окшойт деп сүйүнгөм да. Бирок ал киши дагы административдик ресурсту колдонуп, Жээнбековду алып келди. Нааразылык күчөп, 2020-жылы кайра эле бийликти басып алууга күбө болдук. Мен бул оюмдан кайтпайм. Мамлекет, укук эмне экенин түшүнгөндөр дагы менин сөзүмдү четке кагышпайт. Ушунун баары 2005-жылдын кесепети десем болот. Укуктук талаага азыр дагы кайта албай жатабыз. Мунун жыйынтыгы - соңку айдагы 75 кишинин камалышы. Март ыңкылабынын жакшы жагы бийлик түбөлүктүү эместигин көрсөттү. Жаман жагы укуктук талаадан чыгып кеттик”.
Дагы караңыз Эгемендик: Экономикалык өсүш, саясий жүрүштөр, чек ара жана адам укуктарыАзиза Абдирасулова Март ыңкылабына алып келген жана андан берки окуялар ооз күйгүзсө дагы, өткөндөн сабак ала элекпиз деген пикирде.
"Саясий маданият калыптана элек"
Дүйнөдө Кыргызстанга окшоп бир канча революцияны, баскынчылыкты, оторчулукту баштан кечирген өлкөлөр жетиштүү. Ошол эле Жапония же Германия жаңылыш саясаттын айынан Экинчи дүйнөлүк согушта талкаланса да, кийин кубаттуу өлкөгө айланган.
Мындан улам Кыргызстан коңшуларына салыштырмалуу лидерин бат-бат алмаштырса да эмне үчүн саясий системасын ырааттай албай келет деген суроо туулат.
Эл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Март ыңкылабы жана андан кийинки толкундоолор өлкөдө саясий система орнобогону үчүн келип чыкты дейт. Ал калыптана элек коомдо ички чыңалууларды геосаясий факторлор тездетерин айтты:
Чынара Эсенгул.
“Жалпы саясий система калыптанышы үчүн узак убакыт керек. Ошол убакыттан уттурбаш үчүн design thinking деп коет, мамлекеттин өнүгүшүнө жооптуу, чечим кабыл ала турган адамдар келип мамлекеттин образын түзүшөт. Саясий процессти калыптандырышат. Менин пикиримде, 90-жылдардан бери Кыргызстанда андай адамдар туруктуу иштеген жок. Акаев ачык коомду курам деп жатып, коомду көзөмөлдөө, жөнгө салуу иштери четке жылып калган. Ачык коомдун маданияты калыптана электе ар кандай диний топтор, либералдык баалуулуктар, улутчулдук процесске аралашып кетти. Ошон үчүн бизде ар кандай саясий төңкөрүштөр болду. Анткени саясий системабыз калыптана элек эле. Келген лидерлер системанын образын түзүүгө да жетишпеди. Саясий оюндарды эле ойношкону менен саясий маданият калыптанган жок. Азыр эми коомдун билим деңгээли да түшүп кетти. 20-30 жыл ичинде артка кеттик. Мунун баары ошол жылдар аралыгында бийликке келгендердин жүргүзгөн саясатынын үзүрү болду. Балким коомду акырындап демократияга өткөрүү үчүн авторитаризм да керектир, бирок бизде андай система дагы болгон эмес. Ошол эле Сингапур, Жапонияда бир эле партия бийликте болуп, реформасын жүргүзүп азыркы абалга жетишти да. Бизде ачык айтканда жөн гана үй-бүлөлүк башкаруу болуп келди. Ошонун баары ички чыңалууну жаратты. Бирок мен дайыма айтып келем, кандай гана ыңкылап болбосун ага ички чыңалуу эле эмес, тышкы саясат да шыкак берет. Ошол эле Март ыңкылабында же Апрель окуясында геосаясий кийлигишүүлөр болгонун жакшы билебиз”.
"Революцияны идеалисттер ойлоп табат, романтиктер ишке ашырат, үзүрүн саясатчылар көрөт"
Соңку жылдары бийлик жана анын айланасындагылар “Отуз жылдан бери болбогон” иштер жүзөгө ашып жатканын белгилеп келишет. Бирок саясат таануучулар жана экономика жаатындагы адистердин басымдуусу мындай жүйөгө кошулбайт.
2024-жылы Нобел сыйлыгын алган изилдөөчү авторлор Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсон дагы "Кууш коридор" эмгегинде кандай гана башкаруучу болбосун мамлекеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө азганактай болсо дагы салым кошорун жазышкан.
Дагы караңыз "Советтик менталитеттен кете албай жатабыз"Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков дагы калыстык үчүн туңгуч президент Аскар Акаев башкарган жылдары сөз эркиндиги орногонун, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна алгачкы болуп мүчөлүккө кабыл алынганын, коңшулардан озунуп улуттук валютаны киргизгенин, жаштарга ЖОЖдорго окууга мүмкүнчүлүк бергенин, Назарбаев, Каримов өңдүү партократ лидерлер менен тил табыша алганын, интеллигенция менен эсептешкенин белгилеп өттү.
Ал Март ыңкылабы эркиндикке көнө түшкөн элдин бийлик камчысынын катуулашына, өзүм билемдигине каршы реакциясы болгон деп эсептейт.
Мүсүркул Кабылбеков.
“Ошол эле Кумтөрдү “Центеррага” берүү Акаевдин чоң жаңылыштыгы болгон. Бийлик деген бийлик, кандай адам болбосун бузат дечи. Экинчи мөөнөттөн кийинки саясатын айтуунун кажети деле жоктур. Бала-чакасы бизнеске, саясатка аралаша баштады. Уулунун жана анын досторунун кылык-жоруктарына күбө болуп, угуп жаттык. Эл буга чыдай берсе мындан да жаман болушун сезди дегендей. Азыр борбордук аянттагы ак-кара таш туңгуч президенттин да эстелиги десек болот. Үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бергени анын чоң жаңылыштыгы болгон. Тилекке каршы, ал киши ошол айыбын ушул кезге чейин моюнга ала элек. Жүрөк түпкүрүндө албетте туура эмес кылганын билет, түшүнөт дечи. Сыпайылык кылып унчукпаганы менен тарых баарын өз ордуна коет да. 24-марттагы ыңкылап Кыргызстан үчүн трагедия болгон десем жаңылбайм. Ошондон кийин айрым күчтөр бийликти оңой эле басып алса болорун түшүндү. Элдин уктап жаткан, коркунучтуу сапаттары ойгонду. Жаалданган топ өз элин талап-тоноп, мародерчулук, басып алуулар күч алган. "Революцияны идеалисттер ойлоп табат, романтиктер ишке ашырат, үзүрүн саясатчылар көрөт" дешет. Март ыңкылабынын пайдасын Бакиевдин кланы көргөн да. Бийликке мамлекетти көтөрүү үчүн эмес, жакшы жашоо үчүн келгендери бат эле ашкере болбоду беле”.
"Бай мамлекетте да жакырлар болот"
Тарыхчылар кубаттуу мамлекет пайда болушу үчүн жүздөгөн жылдык тажрыйба керектигин айтышат. Бул аралыкта ыңкылаптардын, толкундоолордун болуп турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш дешет.
Мүсүркул Кабылбеков дагы кыргыз коомчулугу күчтүү лидер келип, мамлекетти оңдоп жиберет деген кыялды артка ташташ керек деген пикирде. Ал Кыргызстандын тарыхында секирик менен алга жылган учурлар болгонун дагы эске салып, өнүгүүнүн жаңы моделин табууну сунуштады:
“Мамлекетте туруктуулук болушу керек. Эгер туруктуулук болсо, мамлекет 50-100 жылда күчтөнөт. Ошол эле Франциянын эли жүз жыл мурда чарык кийип, пияз сорпо ичип жүргөн. 19-кылымдын соңунда Европада башкаруучу тап жакшы жашаганы менен карапайым калк кыйналган да. Бирок бир нерсени айта кетиш керек. Жакшы лидер келип, мамлекет өнүксө эле байып кетем деп ойлоо - баёолук. Бакубат өлкөлөрдө азыр деле бирөө бай, бирөө орто, бирөө кедей жашайт. Бул кадимки эле социология. Соңку жылдары "30 жылда завод-фабрика курулган эмес" деген сөз көп жаңырчу болду. Бирок азыркы атаандаштыкка туруштук бере албаган завод-фабрикалар кимге керек? Ага ресурс кетиргендин ордуна Кытайдан арзан өнүм сатып алган пайдалуу эмеспи. Анан калса биз инженерлерди, квалификациясы жогору жумушчу тобун жоготуп алганбыз. Ошон үчүн бул процесстен кечиктик десем болот. Анын ордуна башка жолду издеш керек. Бизде андай тажрыйба бар, өткөн кылымдын 20-жылдары көчмөн жашоодон дароо индустриализацияга секиргенбиз. 40-жылдары билимдүү адистердин, интеллигенциянын, жумушчу табынын катмары пайда болгон. Азыркы замандын шарында дагы артта калган өндүрүш менен башкаларды кууп жетүүнү унутуп, жаңы секирик жасай турган жолду издегенибиз оң”.
Дагы караңыз "Ыңкылаптын башкы сабагы - бийлик мыйзамды сакташы керек"Март ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев бир канча жолу басылмаларга маек куруп, өзүнө тагылган айыптоолорду четке каккан. Ал өзүн бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет. 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген. 2024-жылы сентябрда анын экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча жазган катын парламент четке каккан.
Дагы караңыз "Ыңкылап сабактарын жаңы муунга туура жеткирели"