“Эң кыйын учурда адам бойдон кал!” Айтматов тууралуу тасма

Каныбек Калматовдун  “Айтматов” аталган биографиялык тасмасынан алынган кадрлар

26 жаштагы кыргызстандык режиссер Каныбек Калматовдун  “Айтматов” биографиялык тасмасы прокатка чыкты. Анда жазуучу жашаган доор, анын күрөшү жана жеке тагдыры сүрөттөлөт.

Дебют

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган китептер, макалалар, илимий иштер, анын чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасма, спектаклдердин саны боюнча башка бир дагы чыгармачыл инсан теңдеше албаса керек. Бирок жазуучунун өмүр жолуна арналган тасма алгачкы жолу тартылды. Албетте, буга чейин 2009-жылы режиссер Жаныш Кулмамбетов “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу көркөм тасма тартканын эсепке албаганда, биографиялык тасма биринчи жолу.

Кыргызстандык режиссер Каныбек Калматов "Айтматов" тасмасын тартуу учурунда

“Айтматов” тасмасы 26 жаштагы кыргызстандык режиссер Каныбек Калматовдун дебюту. Ал Орусиядагы кинематография институтунда (ВГИК) кинооператор адистигин окуган.

“Башында режиссёр адистигине тапшыргым келген. Бирок мени мындай ойдон кайтарышты. Мектепти аяктап жаткан жылы кинорежиссёр Амантур Ормуковдун тасма тартып жаткан аянтчасына баргам. Ошол киши “эгер режиссёрлукка тапшырсаң, 30 жашка чейин акчасыз жүрөсүң. Оңунан чыкса 30 жашыңда гана биринчи киноңду тартасың. Ошондуктан кинооператорлукка барганың жакшы. Анткени сен дайыма тартуу иштери менен алектенип, тасмаларга, сериалдарга, клиптерге, жарнамаларга жана башка долбоорлорго катышасың. Ошентип, чыныгы кино деген эмне экенин түшүнөсүң” деп кеңеш берген”, - дейт Каныбек Калматов жергиликтүү басылмага маегинде.

Каныбек Калматов "Айтматов" тасмасын тартуу учурунда

“Айтматов” тасмасына чейин ал режиссёр Руслан Акун менен иштешип, анын соңку тасмаларында операторлук кылган. Акыркы жолу режиссёр Бекзат Пирматов тарткан “Кассандра” тасмасында башкы оператор болгон. Ошентип жаш режиссер чоң тасмага кандай даярдык менен келгенин ушундайча чемелеп айтып берет.

Айтматов залкар инсан, ошондуктан анын биографиясын тартууга баары эле батына бербесин Каныбек Калматов жакшы түшүнгөн. Жаштык жигери менен тартып салган тасмасы тууралуу:

”Анын жүгүн көтөрө алдымбы же жокпу, муну экран көрсөтөт. Кинематографисттер ушинтип айтабыз. Экран көрсөтөт, анан көрүүчүлөр тасманын канчалык ийгиликтүү чыкканын баалашат. Чынында, бул абдан оор болду. Биринчиден, мен болгону 25 жаштамын. Мени көптөр бул иштен кайтарууга аракет кылышты. “Бул долбоор сенин акыркы долбооруң болуп калышы мүмкүн” дешти. Бирок мен жашоого руханий көз караш менен карайм. Балким, эгер муну азыр жасабасам, кийин өкүнүп калмакмын. Бирок мен бул ишке жөн гана тасма тартып коёюн деген ой менен киришкен жокмун. Кинодо “автордук ойду берүү” деген түшүнүк бар эмеспи. Мени өзгөчө толкундантканы — эс тутум темасы болду. Чыңгыз Төрөкулович да ушул тема жөнүндө жазган. Биз, адамдар эмне үчүн жашайбыз? Эгер эс тутумубузду жоготсок, өзүбүздүн ким экенибизди унутсак, анда биз дал ошол маңкурттарга айланабыз да, туурабы?”

Жаш режиссердун мындай суроосуна убагында залкар жазуучу дагы далай ой калчаган. Анын чыгармаларында жазып, маектеринде ондогон ирет ушул темага кайрылган. Демек, тасманын өзөгү мына ушундан турат.

“Биз эскерип турганда, алар тирүү”

"Айтматов" тасмасынан алынган кадрлар

Бул “Айтматов” тасмасынын соңунда айтылган сөз: “Биз ата-бабаларды эстеп турганда, алар тирүү”.

Режиссёр тасмада Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы кантип жазылганы аркылуу совет доорундагы цензураны, КГБ башында турган система адамдарды кантип сындырганын ачып берет.

Эмне үчүн ушул чыгарма? 1980-жылы жарык көргөн романда өзүнүн эс тутумунан айрылып, ак сүтүн эмизип, эрезеге жеткирген энесин атууга батынган маңкурттун образы бар. Советтик тоталитардык идеологиянын арааны жүрүп турган маалда жарыкка чыккан чыгарма репрессиячыл режимдин кесепеттерин ачык көрсөтөт. "Кылым карытар бир күн" - эскини жериген, кудайды, динди танган, эне тилин унутуп бараткан советтик коомду селт эттирген, балким бетине суу чачкан чыгарма эле.

Тасмада Чыңгыз Айтматов менен Жазуучулар бирлигинин төрагасы Алмаз Караев Германиянын көздөй сапарга чыгат. Батыштагы басма үйлөрү анын чыгармаларын басмак болуп, чакыруу жөнөтөт. Караев бул тууралуу КГБга кабарлап, жазуучуну “совет өлкөсүнүн чыккынчысы” катары көрсөтүүнүн амалы иштелет. Бул Айтматовго тартылган тузак болчу.

Эки жазуучу поезд менен узак сапарга чыкты. Бири карьерасы үчүн совет бийлигине баш-оту менен берилип кызмат кылып, керек болсо атасын сатып кеткен. Ооба, кептин түз эле маанисинде атасын өмүр баянынан чийип салган. Экинчиси - атасы “эл душманы” деп, атылып кеткенине карабай аны сыймык менен эстеп, көкүрөгүнө батпаган ошол эскерүүлөрүн чыгармадан чыгармага жазган жазуучу.

Чынында эле союз кезинде сыйлыктардын баарын алган, чыгармалары бааланган жазуучуну КГБ торуна түшүргүсү келди беле? Жазуучу, академик Осмонакун Ибраимовдун бул тууралуу жазганы бар. 80-жылдардын соңунда жазуучу ошондой коркунуч тооруганын ал мындайча эскерген:

“Чыкебиздин эң эле жакын адамдарынын биринин эскерүүсүнө караганда, 1988-жылы атактуу жердешибизди чоң Союздун КГБсы чындап кармаганга аз калган экен. Кыргызстан жазуучулар союзундагы төрагалык ордун таштап, Москвага көчүп кетип, “Иностранная литература” журналына редактор болууга аргасыз болгон Айтматовду жашыруун кызматтар Переделкинодогу жазуучулар үйүнөн кармоого жаңы камынышкан экен. Бирок Чыкең да кызыр жылоологон киши го, ал кабарды КГБга тиешеси бар бир адам эч нерседен кабарсыз жазуучулук иши менен алектенип отурган кезде тымызын кабар кылыптыр. Күтүүсүз кабарга аң-таң болгон Чыкеге ошол жакшы санаалаш кишиси дароо Михаил Горбачевго кандай айла болсо да телефон аркылуу чыгып, маселенин чоо-жайын түшүндүрүүнү сунуш этет. Чыңгыз ага жогорку даражалуу бир таанышы аркылуу СССРдин акыркы президенти менен эптеп байланышып, болгон ишти болгондой кабарлайт. Ошентип, Чыкебиздин опурталдуу жагына ооп бараткан тагдырын Михаил Горбачев оң жагына чечет. Сыягы, башынан кыргыз жазуучусуна көзү түз президент КГБнын чоңу В.Крючковго бул жаңжал эмне менен бүтөрүн, ал эмне деген от менен ойногону жатканын жакшылап түшүндүргөн окшойт. Кыскасы, маселе дароо тынчып, ошого удаа Горбачев Чыңгыз Төрөкуловичти Люксембургга СССРдин элчиси кызматына жөнөтүп жиберет. Жазуучунун калган тагдыры болсо баарыбызга бештен белгилүү”.

Ошентип тасмада эки жазуучу поездде ээн-эркин сүйлөшүп, сүйүү тууралуу, адамдын башаты, эркиндик темасында терең темалар ачылат. Айтматов чыгармаларынын баарында атасына болгон кусасын жазган деп айтып келебиз. “Ак кемедеги” атасын күткөн бала, “Кылым карытар бир күндө” ак жеринен куугунтукка кабылган Абуталип Куттыбаевди темир жолдун боюнда күткөн балдары, "Эрте келген турналардагы" согушка кеткен атасын күткөн балдар...

Айтор бардык чыгармасында ата-баланын мамилеси, атага болгон куса таамай сезилип турат. Тасмада ушул өңүтү өтө терең ачылып, ал аркылуу жазуучу өзүнүн атасын эле эмес ата мурасын, эс тутумун, байыркы тарыхын эңсеп, кусаланган элди да жазган экен деген ойго жетелейт.

Эс тутум, иденттүүлүк темасы – тасманын негизги өзөгүн түзүп, андан кийин жазуучунун жеке күрөшү, музасы, жаңылыштыгы менен жеңиши, өксүгү менен кубанычы берилген. Анын армандуу балалыгы, атасынан кантип ажыраганы, репрессия темасы дагы поезддин жүрүшүндөй шарактап станциядан станцияга улана берет.

Академик Осмонакун Ибраимов менен курган маегимде ал мага Айтматов жана анын доору тууралуу айтып жатып, мындай мүнөздөмө бергени бар:

“Ар бир тарыхый инсан өз доорунун күзгүсү сыяктуу. Доордун карама-каршылыктары, оош-кыйыштары сөзсүз ошол тарыхый инсандын бейнесинде, жүрүм-турумунда чагылат. Мисалы, Чыңгыз Төрөкулович деле ошондой адам болгон. Трибуналардан партиянын сөзүн сүйлөп, Борбордук Комитетти, Кремлди мактап эле жүргөн. Бирок чыгармасында чыркыраган чындыкты жазган. Советтер Союзунун идеологиясындагы мүчүлүштүктөр, туура эмес багыттарды ашкерелеп жазып олтуруп, акырында маңкурт деген образга келип такалган. Анан акыркы чыгармасы дагы таң каларлык, "Тоолор кулаганда" деп жазып жатат. Эми тоо деген сөз албетте, сөздүн тике маанисинде эмес. Гигант мамлекет Советтер Союзу, ошол тарыхый доордун талкаланышын метафора түрүндө айтып жатпайбы”.

Тасмада Алмаз Караев сапардан кайтып келгенден кийин мурдагы ойлорунан баш тартып, өзүндөгү маңкуртту жеңгенин көрөбүз. Буга эмне себеп болгонун тасманын көргөндө тереңирээк билесиз. Биз андан ары тереңдебей эле коелу.

Актерлор дагы мыкты тандалган. Маселен, Марат Амираев жазуучу Алмаз Караевдин образын ийине жеткире аткарып, кээде башкы каармандан дагы харизмасы ашып-ташып турат. Айтматовдун образын белгилүү актер Болот Тентимишов мыкты ачып берген.

Репрессия

"Айтматов" тасмасынан алынган кадрлар

Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов 1937-1938-жылдары репрессия күчөп, апогейине жетип турган учурда атууга кеткен. Коммунисттик партиянын борбордук расмий басылмасы саналган “Правда” гезити Кыргызстандагы партиялык уюмдарды сындаган эки макала жарыялаган. Анда Кыргызстандын көрүнүктүү партия жетекчилери “улутчул” деп айыпталат. Ошол маалда Москвада билимин жогорулатып жүргөн Төрөкул Айтматов 1937-жылы декабрдын башында камакка алынган.

Тасмада ушул учур өтө эмоцианалдуу сүрөттөлгөн. Жети жаштагы Чыңгыз Айтматов үчүн атасынын Москвада камакка алынып, өздөрү поезд менен түн катып Таласка - Шекерге келгени өмүр бою жүрөгүндө калганы тасмада таасирдүү берилет.

“Мен атам Төрөкулду көп эстейм. Ал менин эсимде жаш, күч-кубаттуу, кайраттуу, өз ишине берилген адам бойдон калды. Азыр мен атамдан бир топ улуумун, жашы боюнча, ал азыр менин уулум менен барабар”, - деп жазган Чыңгыз Айтматов 1978-жылы жазган макаласында.

“Атабыз менен акыркы жолу Москвада айрылышкан учурда менин беш айлык кезим экен. Кийин Москвада камакка алышып, атабызды көрбөй калдык. Бир туугандардын арасынан атабыздын элесин сактап калган эле Чыңгыз болду. Бирок апам, атабыздын эже-карындашы Карагыз, Гүлайым өлөр-өлгөнчө "Төкөй, Төрөкул" деп оозунан түшүрбөй жүрүп өтүштү. Ошолордун айтканынан болуш керек, мен өзүм көргөндөй эле болом”, - деп эскерген жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова.

Тасмада жазуучунун апасы Нагима Айтматова эрктүү, нарктуу аял болгону жакшы ачылган. Ал күйөөсүнүн тагдыры эмне болгонун билбей, алыскы айылда чиедей балдары менен күн кечирип эле жүрбөй, балдарынын көкүрөгүнө адамдыктын үрөөнүн сээп, аларды өксүтпөй, чүнчүтпөй кандай кайрат менен чоңойткону көрсөтүлөт. “Эң кыйын учурда адам бойдон кал” дейт балдарына. Айтматовдун жазуучулук тагдырында апасынын таасири чоң болгонун көрөбүз.

Айтматовдун өмүрүндөгү урунтуу учурлардын бири атасынын сөөгү 50 жылдан кийин табылганы болсо керек. 1991-жылы Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылына жакын жерден 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылган сөөктөр табылган. Арасында Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон.

Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта арууланып, кайра жерге берилген. Ал жерге "Ата-Бейит" деген аталышты Айтматов өзү ыйгарып, азыр улуттук тарыхый-мемориалдык жай болуп калды.

Кызыгы, сөөктөрдү казып алып жаткан учурда Төрөкул Айтматовдун айыптоо кагазы табылган. Бул тууралуу Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” китебинде кеңири жазып, ошол маалда Чоң-Таштагы казуу иштерине катышкан прокуратура кызматкери Шайлоо Аймамбетов айыптоо корутундусун тартып алган сүрөтүн көрсөткөнүн эскерет.

Төрөкул Айтматов атылган эпизодду тасмада көзгө жаш албай көрүү мүмкүн эмес.

Айтматовдун арзуусу

"Айтматов" тасмасынан алынган кадрлар

Тасмада залкар жазуучу Айтматов идеалдаштырылган образ эмес. Ал жөн гана адам! Баарыбыздай эле кайгырган, сүйүп жана сүйүлгөн, күнүмдүк кагылыш, тирешүү менен жашаган таланттуу адамды көрөбүз.

“Айтматов” тасмасындагы жазуучунун белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен махабат баяны, биринчи жубайы Керездин образы дагы таасирдүү берилген.

Дагы караңыз

Талант тагдыры: Чыңгыз менен Керез

“Мен балдарыма атамдай ата боло албадым” дейт тасманын каарманы. Режиссер жаштык жигери менен жазуучунун тагдырындагы ушул учурларын батыл бере алган. Балким, башка режиссер болсо мындайга батынат беле, жокпу, айтуу кыйын. Жазуучу менен өмүрүнүн соңуна чейин бирге түтүн булаткан Мария Айтматованы дагы тасмада көрө алабыз.

Залкар жазуучу көзү тирүүсүндө Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу болгон чындыгын айтып кеткен. Антпесе эки залкардын сүйүүсү эл арасында ушак катары эле калып калмак. Менимче, аны кайра башынан айтып отуруштун кажети жоктур.

Ошентип “Айтматов” тасмасы жаш режиссердун ийгиликтүү дебюту болду. Адатта кыргыз коомунда тарыхый инсандар, белгилүү кишилер тууралуу биографиялык тасмалар олуттуу тартылып, көптөр каармандарды “кемчиликсиз болушу керек” деген коркуу менен таптакыр “эстелик сүйлөгөндөй” образга айландырып салган учурлары бар. Бул тасмадан тагдыры оңой болбогон таланттуу адамды көрөбүз.