Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:41

"Төрөкул Айтматов менен бир камерада отурдум"


Жапар Калымбаев.
Жапар Калымбаев.

Жапар Калымбаев аксакалды бала кезибизде көрүп калдык. Мектепке баратканда алдыбыздан салмактуу басып, купайкечен Жапар аксакал кезикчү. Жарыша салам берсек, алкап коёр эле.

Аксакалдын кезинде басмачылар менен кармашып, Экинчи дүйнөлүк согушта эрдик кылганын агайларыбыздын оозунан укканбыз. Ал киши классташым Эриктин таятасы эле. Өткөндө классташым учурашканы келип, Жапар аксакал тууралуу сүйлөшүп калдык.

Эриктин эскерүүсү

Апам мединститутту аяктап диплом алып жатканда таята, таенем менен Фрунзеге (азыркы Бишкек) келдик. Апамдарга майда-чүйдөбүздү калтырып, такси менен шаардын батыш тарабында жашаган таятамдын согушта бирге кызмат кылган досунун үйүнө келдик. Ал киши менен таятам өткөн-кеткенди сүйлөшүп, бир бөтөлкөнү бөлө тартты. Андан ары таятам экөөбүз шаар кыдырып кеттик. Орозбеков көчөсүндө бир имараттын тушуна келгенде таятам ордунан жылбай карап нес болуп турду. Эч нерсе айткан жок.

Кийин, 1974-жылы таятам экөөбүз кезүү кайтарып жүрүп, ошол окуяны эстеп сурап калдым:

- Таята, баягыда шаарга барганда сары имараттын жанында эмнеге көпкө карап турдуңуз?

Оор үшкүрүп алды, кайран киши.

- 1937-жылы май айында мени чарбанын коюн котур кылгансың деп айыптап, ошол имараттын алдында жертөлөдө тергөө абагына камаган... Камерада мен курдуу жигит жатыптыр. Сураша келсем, Төрөкул Айтматов экен. Аны "совет түзүлүшүнө каршы болгонсуң", "эл душманы" деп айыпташкан экен. Күнүгө суракка алып кетет. Жаткан жерибиз сыз, азаптуу күндөр өттү. Кийин Төрөкулду алып кетип, ошол бойдон артка алып келишкен эмес".

Роза Айтматованын жазгандары

Төрөкул Айтматовдун кичүү кызы Роза Айтматова "Тарыхтын актай барактары" деген эскерүү китебинде:

"1938-жылы айтышса, мүмкүн бул кайгыны көтөрүү жеңилирээк өтөр беле. Бизди канча жылдар алдап келишти. Атамды канча жыл күттүк. Канча азаптарды тарттык. Атам мына келет, азыр келет деп куру кыялга канча алдандык. Аларды кантип көмүшкөн – ушундай да мыкаачылык болорбу?!” - деп жазган.

Роза Айтматова атасын суракка алгандагы протоколдору менен таанышканын эскерген:

“1991-жылы Кыргызстандын КГБсынын жетекчиси Ж. Асанкуловдун кабинетинде көрүп окуп чыктым. Протокол машинкага басылган, ар бир барагы Төрөкул Айтматовдун алсыз колу менен сыя калем менен ырасталган. Мындагы коюлган колдор башка документтердеги коюлган колдон кадимкидей айырмаланып турат. Мунун баары, кыязы, таасир этүүнүн атайын чараларын колдонгондон кийин болсо керек, суракка алган кишини эси оогончо уруп-токмоктоп, анан тергөөчү протоколдун кайсы жерине кол кой десе, ошол жерге мажбур кол койдуртчу. Протоколду окуп атканда сурак берип аткан баарын айласыз моюнга алышын чындыкка дегеле коошпогон жоопторунан улам байкоого болот. Мунун баары тергөөчү тарабынан алдын ала программага салынган схемага дал келет.

Соттук отурум бүттү деп жарыяланат. Акыркы сөзүндө айыпталуучу адилет өкүм чыгарылышын сурайт. Сот кеңешүүчү залга кетет. Түнкү саат 23төн 25 мүнөт өткөндө өкүм угузулат: "Төрөкул Айтматов жазанын эң жогорку түрүнө – жеке өзүнө таандык мүлкү тартылып алынуу менен атылсын!" Соттук отурум бүттү. Сотторго болгону “эл душманын” атууга өкүм чыгаруу үчүн 20 мүнөт гана талап кылынган. Бир сутканын аягына чейин 35 мүнөт калган. Бул убакыт өкүмдү ишке ашырууга толук жетет. Архивдик материалдарда “Төрөкул Айтматовду атуу боюнча өкүмдү ишке ашыруу Фрунзе шаарында 5.11.1938-жылы өткөнү жазылган справка да бар”.

Жапар Калымбаевдин тагдыры

Жапар Калымбаев болсо, тергөөчүнүн протоколуна кол койбой коет. 1938-жылы апрелде сотко алып барат. "Эми кайтпай калдым го" деген ой менен жашоодон үмүтү өчөт. Кудай жалгап, соттук отурумда анын ишинде "эл душманы" деген айып далилденбей, актаган чечим чыккан.

Абактан айылга келгенден кийин буту шишип, көкүрөгүнө чабат. Шишиги күчөп, дем алуусу кыйындайт. Бир күнү атасы Калымбай Токмок тараптагы Алчалуудан табыпты ээрчитип келет. Табып аны көргөн соң:

- Тажикстанда башы калактай болгон кара чаар жылан болот. Ошонун этин бузбай алып келгиле,-дейт.

Жапар ак чүпүрөккө топурак түйүп, туугандары менен коштошуп, Тажикстанга өзү жөнөп кетет. Жыланды табат, этин көк чөпкө, аткулак, балдыркандын жалбырагына ороп алып келет. Табып аны кайнатып сорпосун ичирген экен. Алка-шалка тер кетип, жаны жай алып көшүлүп кетет. Ойгонсо, баягы шишик тарап териси сөөгүнө жабышып калганын айткан бейиши болгур таятам деп эскерди Эрик.

Андан кийин Жапар аксакал кырк жылдан ашуун өмүр сүргөн.

Ал киши Кичи-Кеминдин Сары-Күңгөй жайлоосунда 1903-жылы мергенчинин үй-бүлөсүндө туулган. 1916-жылдагы жалпы эл башына түшкөн алааматта ага-туугандары менен Кытайга качат. Ал жерде азап-тозокту көрүп, кайра туулган жерге кайтканда Токмоктогу дунган тектүүлөргө жалданып иштейт. 1919-жылы Токмоктогу балдар үйүндө окуйт.

1927-жылы Ташкенттеги БАМУда (САГУ) билимин өркүндөтөт. Ал жерде Аалы Токомбаев менен бирге окуйт. 1930-жылы окуу жайда түзүлгөн Кызыл аскер отрядына өтөт. Ошол учурда Кыргызстандын түштүк аймагындагы басмачылык кыймылга каршы күрөшкөн аскер бөлүгүндө кызмат кылып, кийин отряддын жетекчиси болгон. Көр Шермат, Кудаяр, Каратал деген басмачылардын баш кесерлерин талкалоого катышкан. Кызыл аскерлердин мыкты командиринин бири катарында аны Каратал корбашы аңдытып жүрүп колго түшүрөт. Туткунда үч ай зынданда жатып, эптеп качып чыгып, өлүмдөн кутулат.

1930-1932-жылдары Токтогулдагы Үч-Терек айылында милиция бөлүмүн жетектейт. 1932-1936-жылдары. Ош шаарында милициянын начальнигинин орун басары, 1936-1940-жылдары Пржевальск, Түп, Тоң районунда милиция кызматкери болуп эмгектенген.

1942-1946-жылдары согушка катышып, жоокерлерди мылтык атууга үйрөтүп, аскердик тартип, согуш ыкмаларына машыктырган. Берлинди алууда эрдик көрсөтүп, эки жолу "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйланган.

Согуштан кийин Кемин районунда партиялык кызматкер, туулган айылы Кичи-Кемин колхозунда иштеген. 1979-жылы 76 жашында дүйнөдөн өттү.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG