Европа–Орусия "тынчтык менен согуш ортосунда" турабы?

Финляндиянын чек арачылары 22-ноябрда Фин булуңунда Sparta II кемесиндеги өрттү өчүрүүгө аракет кылууда.

Орусиянын Украинага каршы согушунун кесепети Фин булуңунда да барган сайын байкала баштады. 21-ноябрда Калининградды көздөй бараткан Орусиянын Sparta II жүк ташуучу кемесине дрон соккусу урулуп, өрт чыккан. Көзөмөлүн жоготкон кеме агымдын күчү менен Финляндиянын аймактык сууларына кирип кеткен.

Маалыматтарга караганда, кеме Орусиянын Коргоо министрлиги менен байланышта болгон. Бир нече мүнөттөн кийин орусиялык тик учак Ловийса шаарына жакын жерде Финляндиянын аба мейкиндигине кирип барган.

Бул окуя Москванын максаты жана кырдаалдын мындан ары курчуп кетүү коркунучу тууралуу суроолорду жаратты.

Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо Украинадагы согуш Финляндиянын босогосуна чейин жеткенин айтты.

Фин парламентинин депутаты, отставкадагы генерал жана өлкөнүн Коргонуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы Ярмо Линдберг бул окуяларды кеңири аскердик жагдайдын алкагында кароо керек деп эсептейт. Ал 13-ноябрда Гибриддик коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Европа борборунун башкаруу кеңешинин төрагалыгына кайра шайланган.

22-ноябрда «Азаттыкка» курган маегинде Линдберг Европа азыр тынчтык менен согуштун ортосундагы кооптуу абалда турганын эскертти.

- Орусиянын жүк ташуучу кемесине дрондор тийип, ал агым менен Финляндиянын сууларына кирип кетти. Орусиялык тик учак болсо Ловийсага жакын жерде Финляндиянын аба мейкиндигине кыска убакытка кирип чыкты. Эмне болгонун айтып бересизби? Тик учактын киришин Финляндиянын деңиздеги жана абадагы коргонуу системаларын атайылап сынап көрүү аракети деп эсептейсизби?

- Менимче, муну башкача түшүндүрсө болот. Украина азыр өз аймагынан алыс жердеги чакан буталарга да сокку ура алары көрүнүп калды. Бир аз мурда алар Финляндияга жакын жерде ракеталык корветке сокку урган. Бул Украина өз аймагынан ушунчалык алыс жерде бутага алган экинчи кеме. Бул жолу Sparta II кемеси бутага алынды. Биздеги маалыматка караганда, ал Калининградды көздөй бараткан. Кемеге, сыягы, эки дрон тийген. Өрт чыгып, кеме агым менен Финляндиянын аймактык сууларына кирип кеткен. Орусиялык тик учак да Финляндиянын аба мейкиндигине кыска убакытка кирип чыккан. Эмне үчүн киргенин билбейм. Балким, кеменин абалын өз көздөрү менен көргүсү келгендир. Кемеде кандай жүк бар экенин билбейбиз. Кеме Орусиянын Коргоо министрлиги менен байланышта болгон. Азыр кемени Финляндиянын аймактык сууларынан сүйрөп чыгарып жатышат. Кеме күйүп кеткен. Контейнерлер дагы эле жылуу экени айтылууда. Ошентсе да абал турукташып, кемени сүйрөп чыгара башташты.

- Сиз Sparta II кемесине урулган сокку Украинанын Балтика деңизиндеги чакан, кыймылдагы буталарга сокку ура аларын көрсөткөнүн айттыңыз. Эми Фин булуңундагы кеме жолдору жаңы майданга айланабы?

- Бул аймактагы майдан тилкеси буга чейин эле Фин булуңунун чыгыш четиндеги мунай терминалдарына чейин жеткен. Украина ал жакка бир нече аптадан бери, балким, бир айдан бери көп сандаган дрон менен сокку уруп келет.

Ошондой эле Украина согуш башталгандан бери Кара деңизде Орусиянын аскердик кемелерин бутага алып, Кара деңиз флотуна бир нече жолу сокку урду. Демек, алар деңиздеги буталарга да, мунай терминалдары сыяктуу стационардык объектилерге да сокку ура алышат. Өзүңүздөр билгендей, ар кандай интернет компанияларына жана алардын кампаларына да бир нече жолу сокку урулган. Башкача айтканда, бул багыттарда чабуулдар буга чейин эле жүрүп жаткан.

Бул жолу Украина өз аймагынан алыс жерде, Балтика деңизинде, тактап айтканда, Фин булуңунда жүргөн чакан буталарга сокку ура аларын көрсөттү.

Финляндия парламентинин депутаты, отставкадагы генерал Ярмо Линдберг.

Москванын максаты жана Европанын гибриддик чабуулдарга жообу

- Финляндиянын, Эстониянын жана Орусиянын кемелери жабыркаган Sparta II кемесинин айланасында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чогуу иштешти. Орусиялык тик учак эмне үчүн Финляндиянын аба мейкиндигине кирди? Ал кеменин абалын гана текшердиби же Москва Хельсинкиге белги берип, андан Киевди Балтикадагы орусиялык буталарга сокку урууну токтотууга көндүрүшүн кааладыбы?

- Менимче, бул биринчи кезекте окуяга жооп иретинде жасалды. Алар Финляндиянын аймактык сууларына агып кирген кеменин абалын текшерип, кайра кетишкен окшойт. Муну алдын ала пландалган чагым катары кароого негиз аз. Алар кеме менен болгон окуяга жооп кайтарышты деп ойлойм. Бул ачык булактардагы маалыматтарга таянып чыгарган тыянагым.

- Сиз жакында Гибриддик коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Европа борборунун башкаруу кеңешинин төрагалыгына кайра шайландыңыз. Орусияга байланыштырылган аракеттер GPS сигналын бөгөттөөдөн жана суу алдындагы кабелдердин ишин бузуудан жардыргыч зат колдонулган диверсияларга чейин жетти. Гибриддик чабуул кайсы учурда НАТО келишиминин 5-беренесин ишке киргизүүгө негиз боло турган агрессия актысына айланат?

- Сиз айткан окуялардын ар биринде негизги суроо-чабуулдун артында ким турат? GPS сигналын бөгөттөө Орусия тараптан болуп жатканын билебиз. Орусия миграцияны курал катары колдонуп, адамдарды Финляндиянын чек арасы аркылуу өткөрүүгө түрткөнү да маалым. Бул аракеттердин артында ким турганын аныктоо оңой.

Ал эми ортомчулар аркылуу жасалган иштерде алардын артында чынында ким турганын аныктоо кыйыныраак.

Сиз айткан Эстониядагы дрон заводуна каршы соңку аракет үчүн расмий Таллин Орусияны жана анын аскердик чалгын кызматын, ГРУну дароо жооптуу деп атады. Андан соң мындай аракеттер жоопсуз калбасын айтып, Эстониянын чыгыш чек арасын жаба турганын билдирди.

Финляндиянын Орусия менен чек арасы жабылганына үч жыл болду. Ошондуктан муну эстониялыктар мындай аракет үчүн төлөөгө даяр болгон баа деп айтууга болбойт. Лейпцигде да дрондорго байланыштуу окуя болгон. Башка учурларда да кырдаал олуттуу чекке жетти. Жардыргыч зат колдонулса, материалдык зыян келиши, атүгүл адам өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Так "кызыл сызык" кайдан өтөрүн мен аныктабайм. Мындай олуттуу аракет согуштун чегинен өттүбү деген бааны мамлекеттер, алардын өкмөттөрү, зарыл болсо Евробиримдик менен НАТО берет. Ал кандай баа болорун алдыда көрөбүз.

Орусиянын жабыркаган Sparta II жүк ташуучу кемеси. 2026-жыл, 21-ноябрь.

- Финляндиянын жээгинде Sparta II кемеси өрттөндү, орусиялык тик учак Финляндиянын аба мейкиндигине кирди. Ушуларды эске алганда, согуш расмий жарыяланбаса да, Европа иш жүзүндө Орусия менен согушуп жатабы?

- Бул маселе бир нече ай мурда эле талкууланган. Ошондо согуш жүрүп жатат деп айта албайбыз, бирок тынчтыкта да жашабай калдык деген пикир айтылган. Биз тынчтык менен согуштун ортосунда турабыз. Согуш деп аныкташ үчүн ал жарыяланышы керек, ал эми азыр эч ким согуш жарыялай элек. Ошондуктан биз азыр ошол ортодогу «боз аймактабыз».

Орусиянын Финляндия менен чектеш аймактардагы аскердик даярдыгы

- Сиз Орусия бара-бара Финляндиянын чек арасына согушка чейинкиден да көп аскер жайгаштырышы мүмкүн экенин эскерткенсиз. Бул даярдык канчалык алдыга жылды? Орусиянын күчтөрү Ленинград аскер округуна кайтып келгенге чейин Финляндиянын даярданууга канча убактысы бар?

- Орусия күчтөрүнүн көбүн Украинага топтогон. Финляндиянын чыгыш тарабындагы ири гарнизондор азыр бош турат. Ал жактагы аскерлерди согуштун башында эле Украинага жөнөтүшкөн. Орусия Ленинград аскер округун кайра жандандырып, мурдагыдан чоң аскердик түзүм түздү. Бригадаларды дивизияларга айлантты. Анын үстүнө армия корпусун түздү. Бул Финляндиянын чыгыш тарабында согушка чейинкиден ири күчтөрдү жайгаштырууга шарт түзөт. Эми жакын арада Финляндиянын чыгыш тарабында ошол ири бөлүктөрдү жайгаштырууга ылайыкталган аскердик объектилер курула баштайбы деген суроо турат. Аны алдыда көрөбүз. Мындай курулушка убакыт керек.

Европа менен Финляндия үчүн ок атышууну токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү өтө маанилүү. Орусия менен чектеш өлкөлөрдө ошондо «Орусия эми кайсы жакка багыт алат?» деген суроо жаралат. Менимче, аскердик бөлүктөрдүн жок дегенде айрымдары Украинага жөнөтүлгөнгө чейин турган базаларына кайтып келет деп болжолдоого негиз бар. Алар бир күнү кайтып келиши мүмкүн. Ага эки жыл кетеби, үч жылбы же беш жылбы — азыр так айтуу кыйын. Бир нече жыл өтүшү мүмкүн. Бирок алар мурдагы базаларына кайтып келет деп ишенимдүү болжолдосо болот.