Европадагы орус пропагандасы: "Рыбар" окуясы талкууда

Иллюстрация

Монтенегронун полициясы жана коопсуздук агенттиги 9-октябрда Орусиянын согушчул «Рыбар» долбооруна байланышы бар бир нече адамды кармады. Маалыматтарга караганда, алардын арасында долбоордун негиздөөчүсү, Евробиримдик менен Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген Михаил Звинчук да бар.

Москва Европада да өз пропагандасын жайылтып, Орусияны күчтүү жана ийгиликтүү мамлекет катары көрсөтүү, Батышты жаманатты кылуу аракетин көрүп келатканы жашыруун эмес. Аналитиктер алар бул үчүн кадимки медиадан тышкары социалдык тармактарды жана жергиликтүү маалымат платформаларын да пайдаланганын айтышат.

Кармоо тууралуу кабарды «Рыбар» долбоорунун өзү да, Балкан жарым аралында жайгашкан өлкө Монтенегронун өкмөт башчысы Милойко Спаич да ырасташты.

Премьер «гибриддик таасир этүү жана туруктуулукту бузуу аракеттери» өлкөнү Европага багыт алган жолунан тайдырбайт деп билдирди. Бирок иштин чоо-жайын ачыктаган жок.

Өзүн аскердик-аналитикалык ресурс деп атаган «Рыбардын» Telegram каналында бир жарым миллиондон ашык катталуучусу бар.

Платформа негизинен Украинадагы согуш боюнча материалдарды жарыялап келет. Батыш өлкөлөрү жана Евробиримдик аны орус мамлекеттик пропагандасын жайылтууга жана таасир этүү операцияларына катышууга айыптап жүрөт.

АКШнын Юстиция министрлиги менен Мамлекеттик департамент 2024-жылы долбоор менен байланышы бар адамдар тууралуу маалымат үчүн 10 миллион долларга чейин сыйлык жарыялаган. Вашингтон ал америкалык саясатка жана шайлоого таасир этүүгө аракет кылган деп эсептейт.

Дагы караңыз

"Орусиянын билимдеги пропагандасы кооптуу". Канттагы "юнармиячылар", китепканадагы диктант

Монтенегродо эмне болду?

Маалыматтарга ылайык, сөз болгон кармоо Рисан шаарында жүргүзүлгөн.

Жергиликтүү басылмалар кармалгандардан дрондор, санарип жабдуулары, байланыш каражаттары жана башка техника табылганын жазышты.

«Рыбар» болсо Звинчук жана анын кесиптештери өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн, алар Цетинье кечилканасы тууралуу видеоматериал тартууну пландаштырганын билдирүүдө. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги иш боюнча түшүндүрмө талап кылып жатканын кабарлады.

Дагы караңыз

Орусияда патриоттук тарбияга жумшалган чыгым 20 эсе өстү

Европадагы маалыматтык таасир

Бул окуя акыркы айларда Европада Орусиянын маалыматтык таасири тууралуу чыккан бир катар иликтөөлөрдүн фонунда болуп жатат.

Жакында чехиялык Seznam Zprávy басылмасы «Рыбар» Европада көп сериялуу даректүү тасма тартууга аракет кылып жатканын жазган. Иликтөөгө ылайык, долбоордун өкүлдөрү Прагада саясатчылар, журналисттер жана эксперттер менен маектешкен.

Айрым маектештер кийин кимге интервью берип жатканын толук түшүнбөй калганын айтышкан. Мисалы, Чехиянын аскердик чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Андор Шандор анын сөздөрүн пайдаланууга берген уруксатын кийин кайтарып алган.

Андан соң Чехиянын бийлиги «Рыбарга» байланыштуу эки орусиялык жаранды суракка алып, өлкөдөн чыгарганы маалым болгон.

Дагы караңыз

Буданов украин армиясындагы олуттуу көйгөйлөрдү айтты

Орус пропагандасы кантип иштейт

RT жана Sputnik сыяктуу мамлекеттик медианын ишине чектөө киргизилгенден кийин да эксперттер Орусиянын маалыматтык таасири Европада толук жоюлган жок деп эсептешет.

Журналисттик иликтөөлөр көрсөткөндөй, азыр таасир негизинен жергиликтүү жана көз карандысыз көрүнгөн сайттар, Telegram каналдар жана социалдык тармактар аркылуу жүргүзүлөт.

Мисалы, чехиялык Voxpot басылмасы жүргүзгөн изилдөөдө бир катар альтернативалуу сайттардын материалдарынын олуттуу бөлүгү орус маалымат булактарына таянары көрсөтүлгөн.

Аналитиктердин пикиринде, мындай платформалар бүтүндөй коомду ынандырууга эмес, буга чейин эле саясий системага нааразы болгон чакан аудиторияны бекемдөөгө аракет кылышат.

Дагы караңыз

"Маң болбош үчүн маалыматты ылгаш керек". Эл аралык укук коргоочулар Бишкекке кирбей калды

Москванын реакциясы

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кармалган жарандарга консулдук мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дипломаттар окуянын себептерин тактай турганын билдирди.

Ал эми мурдагы президент Дмитрий Медведев Батыш өлкөлөрүн сынга алып, бул окуяны туткун алмашууга байланыштырган билдирүү жасады.

Монтенегронун бийлиги азырынча кармалгандарга кандай айып коюлушу мүмкүн экенин жарыялай элек.

Бирок окуя Европада Орусиянын маалыматтык жана гибриддик таасири тууралуу талкууну кайра күчөттү.

Батыш өлкөлөрү «Рыбар» сыяктуу платформаларды маалыматтык операциялардын бир бөлүгү катары көрүшсө, долбоордун өзү мындай дооматтарды четке кагып, өзүн көз карандысыз аналитикалык ресурс катары сыпаттап келет.