Мени чызылдатып кууруп эле жеп салыңызчы!

Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.3.2011.

Кыргызстанда авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууга каршы азилдер кайра-кайра жаралууда.

* * * * * * *

Бир жолу А.Акаев Москва университетиндеги аспиранттар үчүн дарстан өлө чарчап, андан ары Москва дарыясынын жээгине келиптир да, эрмектейинчи деп балык кармай баштаптыр. Кайырмагы солк эткенде тартып алса – алтын балык илиниптир дейт.

- Байкебай, мени кайра сууга койо бериңизчи, бир тилегиңизди аткарып берейин? Мен - айтылуу Алтын балыкмын!

- Чын элеби?

- Ооба.

- Анда мени кайра Кыргызстандын президенти кыл!

- Бир суроом бар эле?

- Айт.

- Анан сиз аялыңызды, бала-чакаңызды, Алматыдан келген күйөө балаңызды, аялыңыздын классташын жана башка туугандарыңызды башкаруу ишине кайра аралаштырасызбы?

- Бул – менин президенттик ыйгарым укугум да! Акым бар да!

- Байкебай! Ансыз деле ошолордун чеңгелине түшкөндөн коркуп, Ысык-Көлдөн быякка качып келген элем. Андан көрө мени кууруп жей бериңизчи!

* * * * * * *