Окуу китептери базарга кантип чыгып кеткен? "Азаттыктын" иликтөөсү

"Учкун" басмаканасында басылган окуу китептери. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана "Учкундун" директору Бакытбек Султанов. Коллаж.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти?

Ал арада бул мамлекеттик басмакананын жетекчиси Бакытбек Султановдун уулу Данияр Мураталиев жеке менчик басмакана иштетери тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Бул ишке анын катыштыгы жокпу? Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы даярдалган окуу куралы пираттык жол менен да басылып кетиши мүмкүндүгүн билдирүүдө. Ал канчалык реалдуу? Окуу китебин даярдоо эмне үчүн дале бир жолго түшпөй жатат? “Азаттык” бул материалында мына ушул суроолорго жооп издейт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иликтөө: Өкмөт бекер китептер кантип базарга түшкөн?

Маселенин төркүнү

Баарыбыз билгендей, буга чейин Кыргызстанда окуу китептерин тиешелүү министрликтин буйрутмасы менен тендерден уткан жеке менчик басмаканалар басып келген. Өлкө 2025-жылы 12 жылдык билим берүүгө өткөн соң бул тутумга керектүү окуу китептерин чыгарууну өкмөт өзү колго алууну чечет.

Китептерди Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү даярдап, Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ишканасы басып чыгармак болот. Окуу китептерин мектептерге түз жеткирүү милдеттендирилип, сатыкка тыюу салынат.

"Окуу китеби" басма үйү даярдап, "Учкун" басып чыгарган китептер.

Ошентип, бир жыл өттү. 15-сентябрда окуу жылы башталган маалда билим берүү тармагы кайрадан будуң-чаң түшүп жатып калды. Мамлекет басып чыгарган китептер мектептерде толук жетишпегени ачыкка чыгып, ошол эле маалда базарларда китеп сатылып жатканы маалым болду. Ата-энелер даттанып, депутаттар коңгуроо кагышты. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштады.

Баарында – “Учкун” басмаканасынан “китептер кантип сыртка чыгып кетти?” деген бир гана суроо турат.

Анткени Кыргызстандын акчасын, паспорт, күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди жана окуу китептерин баскан бул мамлекеттик ишкана 24 саат бою кайтарууда турат жана анда коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде деп эсептелет.

“Азаттык” да дал ушул суроонун артынан түштү. Азырынча үч версия ортого чыкты. Алардын аки-чүкүсүн өз-өзүнчө талдап көрөлү.

Биринчи версия

Биринчи версия – китептер жеке менчик мектептер аркылуу сатыкка чыгышы ыктымал. Агартуу министрлиги да, “Учкун” басмаканасы да мына ушул нерсеге басым жасашууда.

Айталы, “Учкундун” жетекчиси басмакана мамлекеттик мектептерге китептерди министрлик аркылуу жеткирип бергенин, алардан сырткары жеке менчик мектептерге да сатканын билдирүүдө. Анын белгилешинче, кайсы бир менчик мектеп өзүнө китепти ашыкча сатып алып, аны кайра базарга чыгарып жибериши мүмкүн экен.

“Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору Бакытбек Султанов 17-сентябрда Агартуу министрлигинде өткөн басма сөз жыйынында мындай деген:

Бакытбек Султанов

“Агартуу министрлиги менен бирдикте Кыргызстанда канча бала окуса, мисалы 3-класста канча бала билим алса табигый илимдер боюнча китепти ошол баланын баарына жеткирип берип жатабыз. Андан тышкары лицензиялык келишимдин алкагында жеке менчик мектептерди, жеке жактардагы муктаждыктарды чечкенге келишимдерди түзгөнбүз. Жетпеген жана айрылган китептерди да толукташ үчүн сатканбыз. Китептердин баасы биздин сайтыбызда илинип турат. Ал жерде базардагыдай 1400 сом эмес, 170 сомдон 240 сомго чейин деп көрсөтүлгөн. [Журналист: Анда ким бизнес кылып жатат?] Ал жөн гана жеке мектептерди камсыздоо үчүн киргизилген. [Журналист: Анда ошо жеке мектептер сатып жатышабы?] Анын баарын укук коргоо органдары изилдеп чыгышы керек”.

Агартуу министрлиги да мына ушул версияга көбүрөөк ыктап тургандай. Ошону үчүн мындан ары китептер менчик мектептерге түз сатылбай, министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу берүү талабы киргизилгени жатат.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтеги ошол эле журналисттер менен жолугушууда буларга токтолгон:

Догдуркүл Кендирбаева

"Жер өтмөктөрдө сатылып жаткан китептерди эч ким иликтеген жок да. “Менчик мектептер 100% алган китебин камсыз кылып жатабы же камсыз кылган жокпу?” деп”. Ошол эле убакта биз айтып жатабыз, ички миграциядан улам балдары жылышып келген ата-энелер сатып алып жаткан болушу мүмкүн. Биз жыл ичинде балдар кайсы жакка жылып кетсе, ошол жакка жылыштыра беребиз".

Расмий маалымдалгандай, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 2025-жылы 4,4 млн китеп басылса, 2026-жылдын башынан бери 4,3 млн китеп чыгарылыптыр. Жыл соңуна чейин дагы 1,2 млн нуска китеп чыгаруу пландалып жатыптыр.

Азырынча мунун канчасы мамлекеттик мектептерге, канчасы менчик мектептерге сатылганы так эмес.

"Окуу китеби" басма үйү даярдап, "Учкун" басып чыгарган китептер.

Кеп болуп жаткан маселени Жогорку Кеңеште алгачкылардан болуп көтөргөн депутат Дастан Бекешев китептер кантип чыкканын ырастай албай турганын, бирок ал “Учкунда” басылган китептер экенин билдирүүдө.

"Азаттыкка" курган маегинде Бекешев төмөнкү пикирин билдирди:

Дастан Бекешев

“Мен бул китептерди “Учкундун” директорун чакырып алып, көрсөттүм да, “бул сиздин китептерби?” деп сурасам, “ооба, бул бизден чыккан китеп, контрафакт эмес” деп айтты. “Анда кантип базарга чыгып кетти?” десем, “билбейм” дейт. Ал “биз мектептерге беребиз, мектеп өзү таратат” деп кутулду. Алар китептерди жеке менчик мектептерге сатууга укуктуу. Анысы мейли, бастырып, ким болбосун сата берсин. Акчаны тапсын, типография да бул бизнес. Бирок биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди камсыз кылышы керек болчу. Себеби, ал китептин титулдук баракчасында “китепти сатканга болбойт” деп жазылып турбайбы. Китептер базарда эмес, мектепте болушу керек”.

Айтылган маалыматтардын чын-бышыгын тактоо үчүн биз Бишкек шаарындагы китептер дүңүнөн сатылган “Дордой” базарынын “Шанхай” жана “Жунхай” базарчаларына бардык.

"Дордой" базарынын китептерди дүңүнөн саткан "Шанхай" базарчасы.

Анткени китеп чыгарган басмаканалар жана аны саткандар өз товарларын дал ушул эки базарчадагы соода жайларына өткөрүп беришет. Дүң соодагерлер китепти андан ары бүткүл Кыргызстандагы китеп дүкөндөргө, анын ичинде Бишкектеги жер алдындагы өтмөктөрдөгү күркөлөргө сатышат.

“Сатууга болбойт” делген жаңы китептер да алгач мына ушул жерлерден чыккан. Соңку ызы-чуудан кийин соодагерлер аларды сатыктан алып коюшканын, же тергөөчүлөр алып кетишкенин айтышты. “А кимден сатып алдыңыздар?” деген сурообузга ачык жооп берүүдөн карманышты, бирок башка маалыматтарды беришти. Алар аты-жөнүн айткысы келген жок:

Биринчи сатуучу: “Мен ал китептерди азыраак алып келдим, бирок сата алган жокмун. Сурап атышты, болгону мен анча сатылбагандарын алып келип алган экем. Себеби көбү 1-класстардын китептерин алып атышыптыр. [А сиз ал китептерди кайсы жерден алдыңыз?] Ал жерден же, бул жерден алдык деп айта албайм. Эл алган жерден алдык да. Жардамчым “ушундай китептерди алып келишиптир, алып коёюнбу?” деди, ошентип алып калдык”.

Экинчи сатуучу: “Ата-энелер күндө келип “бул китеп барбы, тиги китеп барбы?” деп сурашат. Анан биз ии, ушуга суроо-талап болуп атыптыр деп, алып келебиз да. Биз алып келип сатып атканда эле тополоң болуп кетти да. Илгертен эле ушинтип сатылып келген”.

Үчүнчү сатуучу: “Бир кесиптешибиз “Учкунга” арыз берип, ошону менен эле алыптыр. Бирок ал китеп менчик мектептики болгон экен. Кийин ал китептерди тергөөчүлөр алып кетишти. Өзүн суракка алышканда расмий түрдө кайрылып барганын, менчик мектептерге бергени да айтылыптыр. Бирок баары бир алар өздөрү да сатышкан да”.

Экинчи версия

Экинчи версия – китептер кызыкчылыгы бар же жетекчиликке байланышкан басмакана аркылуу сатыкка чыгышы ыктымал.

"Дордой" базарынын китептерди дүңүнөн саткан "Шанхай" базарчасы.

Мындай шектенүүгө негиз болгон бир нече жагдай бар. Алардын ичинде “Учкун” басмаканасынын жетекчилигине жакын адамдардын менчик басмаканалары иштегени дайын болду. Дал ушундан улам кызыкчылыктардын кагылышы болгон эмеспи деген суроо талкууланууда. Ушул версияны да китеп бизнесиндеги ишкерлерден тактап көрдүк.

Биринчи сатуучу: “Бакыттын өзүнүн типографиясы бар. Анын да сапаты күчтүү. Баласы ошол жакта иштеп жатат. “Учкундагы” электрондук маалыматтарды башка эч ким ала албайт. Хан да, бек да, падыша да сурай албайт. А Бакыттын баласы ала алат. Аэропорт жактагы типографиясында баарын уруп атат”.

Экинчи сатуучу: “Суракта китептер “Шанхайга” таратылган деп айтылыптыр. “Подземкада” иштеген бир аял суракта “мен “Шанхайдан” сатып алгам” деп баарын төкпөй-чачпай эле айтып бериптир. Андан кийин чынжырча сыяктуу бири-бирине уланып кетип атат да. Бирок барып-барып эле “Учкунга” такалып жатат. [...] Анан “Учкун” типографиясынын башчысынын баласынын типографиясы бар деп айтышты, ал өзү да суракта жүргөн. [Силер да бардыңарбы?] Жок, барып келгендер айтышты. Баласы арык чырай бала экен. Анан китептин пластинасын баласына берген, ал өзүнүн типографиясында эмне кылышын өзү билет да”.

"Дордой" базарынын китептерди дүңүнөн саткан "Шанхай" базарчасы.

Маалым болгондой, Бакытбек Султанов 2010-жылы “Принт Экспресс” аттуу басмакананы негиздеп, көп жыл полиграфия жаатында ишкерлик менен алектенип келген. 2022-жылы өзү “Учкунга” директор болуп кеткенде жеке ишканасынын жетекчилигине уулу Данияр Мураталиевди дайындаган.

“Принт Экспресс” бул жылдар аралыгында башка каражаттардан сырткары китептерди, анын ичинде башка окуу китептерин да басып турган.

Юстиция министрлигиндеги маалыматтардан көрүнүп тургандай, Данияр Мураталиев анда жетекчи болуп турат. Кожоюн деген пункттагы ысым көрсөтүлгөн эмес.

Кайрадан депутат Дастан Бекешевге сөз берели:

“Мен да ошентип уктум. Мага ар кандай жарандар, анын ичинде типографияда иштегендер да жазышты. Бирок алар анонимдүү калууну каалашты. Ошону үчүн мен так айта албайм. Биз далил менен сүйлөшүбүз керек. Азыр минтип айтып жатат десем, анда мен далил келтиришим керек болот”, – деди ал.

“Принт Экспресс” басмаканасынын Бишкектеги кеңсесине барганыбызда эшигин ачышкан жок. Бир нече ирет аракет кылып, эч кимди учурата албадык.

"Принт Экспресс" жеке менчик басмаканасы жайгашкан имарат.

Кийин Данияр Мураталиевдин өзү менен байланышканыбызда ал китеп иши боюнча милицияга сурак берип чыкканын ырастап, бирок алар “Учкунга” параллель окуу китептерин басышканын төгүндөдү.

- Китептер боюнча кылмыш иши козголуп, басмаканалардын жетекчилери суракка чакырылып, анын ичинде сиз да барган турбайсызбы?

- Ооба, барганбыз.

Данияр Мураталиев

- Ал жерде эмне суроо-жооп болду?

- Ошол китептер боюнча эле сурак болду. Башка эч нерсе жок.

- Кеп болуп жаткан китептерди сиздер баскансыздарбы же баскан эмессиздерби?

- Эми, башка китептерди басабыз, ооба, бирок ал окуу китептерге тиешебиз жок.

- Сиздин атаңыз жетектеген “Учкун” басмаканасы баскан китептерди сиздер да кошумча бастыңыздарбы?

- Жок, ага тиешем жок. Буга чейин Билим берүү министрлигинен тендер аркылуу утуп, окуу китептерин басканбыз. Бирок ал 2025-жылга чейин, 2023-2024-жылдар болчу.

- А быйылкы китептер кайсы жактан чыгып кетиши мүмкүн анда?

- Андан кабарым жок.

- Түз эле сурайынчы анда... Биздин айрым булактар “даяр окуу китептердин дизайн болгон макети сиздин атаңыз аркылуу сиздердин басмаканага барган, анан сиздердин басмаканадан басылып чыккан” деп кабарлашты. Сиз муну төгүндөйсүзбү?

- Жок, андай эмес.

- Анда сиздер менен жолугуп, басмакананын ичин көрсөк болобу?

- Жок, болбойт. Бизди байланыштырышканы менен азыр тергөө бүтө элек, эч нерсе чечиле элек. Анан жөндөн жөн эле силерге интервью бере бермек белек?!

“Учкун” басмаканасынан башкы директору Бакытбек Султановдон бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдараак ал журналисттердин суроолоруна жооп берген маалда “Учкундан” эч бир буюм жана эч бир маалымат сыртка чыгарылбай турганын айткан.

“Учкундан” китеп эмес, китептин бир барагын эч ким алып чыгып кете албайт. Режимдик объект. Бул жерди ИИМ менен УКМК кайтарат. Кирди-чыкты сканер бар, керек болсо ийне да алып чыгып кете алышпайт. Сырттан эч кандай башка машине кирбейт, өзүбүздүн жүк ташуучу машинелер бар, ошолор күчүнүн жетишинче ташыйт. Ошол жерден да китеп жүктөлүп жатканда да коопсуздук кызматы боди-камералар менен карап турушат. Жүктөлүп бүткөндөн кийин машине чыгып кетет”, – деген Бакытбек Султанов.

Айткандай эле, “Учкун” басмаканасы мамлекеттик кайтаруудагы объект болуп саналат. Себеби анда китептерден сырткары Кыргызстандын акчасы – сом басылат. Паспорт, ID-карта, адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, аттестат, диплом, жер актысы, айтор, ушуга окшогон мамлекеттик документтер да чыгарылат. Акыркы жылдары ал тургай башка өлкөлөрдүн паспорттору да басыла баштаган.

"Учкун" ишканасынын баш кеңсеси.

Ошондуктан ага кирип-чыгууда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Адамды толук текшерген аппарат турат, кирген-чыккандардын телефондору, же маалымат сактоочу башка каражаттарынын баары босогодо калтырылат. “Кайтаруу күчтүү болсо анда маалымат же китеп өзү кантип чыгып кетет?” деген суроо адистер арасында талкуу жаратып жатканы ошондон.

Баса, мына ушул жерден Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүн да эстей кетели. Анткени китептин даяр дизайн макети мына ушул жерде даяр болот. “Окуу китеби” Бишкектеги мектептердин биринин кошумча имаратында жайгашкан.

"Окуу китеби" басма үйүндөгү кызматкерлердин иш компьютери.

Мекеменин жетекчиси түшүндүргөндөй, мындагы иш бөлмөлөрдүн көбүндө интернет туташтырылган эмес, компьютерге кирген-чыккан маалыматтын бардыгы атайын программа менен текшерилип турат. Даяр болгон макет “Окуу китебинин” өзүнүн архивинде сакталып, атайын мөөр менен “Учкунга” жеткирилет экен.

“Окуу китеби” басма үйүнүн жетекчиси Төлөгөн Аматов өз мекемесиндеги коргоо мүмкүнчүлүгүн мындайча баалады:

Төлөгөн Аматов

“Ар бир дизайнердин компьютеринде коопсуздук программалары коюлган. Ага флешка сайылса, лог деп коёт, ар бир кыймыл-аракет жазылып турат. Эмне файл кетти? Канча бит? Канча көлөмдө? Кайсы жерден алынды? Бүт баары фиксация болот. Файлдарды биз “Учкунга” бергенде да биз флешканы конвертке салабыз да, мөөр коюп, алып барып беребиз. Мөөрдү ошол жерде ачышат. Флешкадагы файлдарды ал жерде жүктөп алышкан соң, аны формат кылып, тазалап салышат. Мындан сырткары бизде, акыркы файл ар бир кызматкерге жеткиликтүү эмес. Аны үч адам гана көрө алат. Башка жагынан алганда, китептер бул биздин материалдык эмес баалуулугубуз, ошондуктан аны көздүн карегиндей сактайбыз. Себеби, бир китепти жасоо үчүн 100 адамдын мээнети кетет, аны бирөөгө берип салууга таптакыр кызыкдар эмеспиз”.

Үчүнчү версия

Үчүнчү версия – китептер көчүрмө аркылуу сатыкка чыгышы ыктымал.

“Учкун” басмаканасынын жетекчилиги “китептер кантип сыртка чыгып кетиши мүмкүн?” деген суроого жооп берип жатканда аны башка басмаканалар сканерлеп, же башка жол менен көчүрүп, анан басып чыгаруу ыктымалдыгын да белгилешти.

"Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Учкун” басмаканасынын аппарат жетекчиси Бек Иманалиев ушул версия боюнча буларды айткан:

Бек Иманалиев

“Китептер “Дордой” базарында сатылып жатканы үчүн, ызы-чуу болуп кетпедиби, ээ. “Эмне үчүн “Дордойдо” бар, китептер жок?” деген суроо коюлуп... Бүгүнкү күндө, өзүңүздөр билесиздер, технология өнүккөн заман. Балким, ал китептер пираттык негизде чыгарылышы да мүмкүн. Балким, көчүрмө кылып басышкан... Азыр анын баары белгисиз, эч ким аныктай элек. Ошондуктан бул китептин ээси Агартуу министрлиги болуп эсептелет. Агартуу министрлиги ал китептер кайдан пайда болгонун тактоо үчүн тиешелүү органдар кайрылды”, – деген ал 17-сентябрда.

Программабыздын башында белгилегенибиздей, Кыргызстан эгемендик алгандан бери мектептерге окуу китептерин тендерден уткан жеке басмаканалар чыгарып келишкен. Алар ошол эле китептерин азыр деле басып жатышат жана ал китептер 11 жылдык билим берүү тутуму боюнча дале мыйзамдуу окуу куралы болуп кала берүүдө.

Жеке менчик басмаканалар баскан окуу китептери. Базарда сатылууда.

Жеке басмаканаларда болгону “Окуу китеби” басма үйү даярдаган жана “Учкун” басмаканасы басып жаткан китептерди чыгарууга укугу жок болчу. Ушундай шартта кайсы бир басмакана ал китептерди сканерлеп, же көчүрмө аркылуу басып коюшу мүмкүнбү? Анда көчүрмө китепти оригинал китептен кантип айырмаласа болот? Бул суроону басма иши боюнча адистерге узатып көрдүк.

“Улуу тоолор” басма үйүнүн жетекчиси Жумадин Кадыров:

Жумадин Кадыров

“Кимдир бирөө пираттык жол менен басып жибериши мүмкүн, ооба. [Аны кантип басып жибериши мүмкүн?] Азыр эми техниканын мүмкүнчүлүгү кеңири да. Китепти алат, сканер менен киргизет, анан басып чыгара берет. Анан “Учкун” чыгарганбы, же пираттык жол менен чыгарганбы, аныктоо дээрлик мүмкүн болбой калышы мүмкүн. [Бирок ичинде кандайдыр бир айырма болобу?] Жок, азыр “Учкундун” сапатын башка типографиялар деле аткарып коё алат”.

“Бугу” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин:

Жаныбек Абидетегин

“Китептин көчүрмөсүн чыгаруу оңой эле. Азыр башка дүйнөлүк англисче чыккан китептердин пираттык версиялары да жүрбөйбү. [...] Эми так өзүндөй кылып чыгара албаса дагы, ошого жакын кылып чыгара алат. Аны жөнөкөй ата-эне, катардагы киши баамдай албай калат. Аны бир адис эле ажырата албаса, жөнөкөй адам аны оригинал деп сатып ала берет. [...] Экөөнүн айырмасы сырткы көрүнүшүнүн сапатында болот. Анан дизайнында болушу мүмкүн, анткени ал баары бир баштапкы жасалгасындай болбойт да. Мындан сырткары адистер билген гана нерселер бар, ошол белгилер аркылуу аныктап, билсек болот”.

Эми эмне кылуу керек?

Баарыбыз билгендей, мурда окуу жылы башталганы жыл сайын китеп маселесинен улам ызы-чуу чыгып турчу. Анда да мектепте жетишсиз китептер базардан табылчу. Ата-энелер ар бир сентябрь келген сайын кыдырмайды кыдырып, балдарын окуу куралдары менен камсыздап турушчу. Кезинде, мындай чуулар бир нече министрдин кызматтан кетишине да алып келген.

Ушундан улам окуу китептерин жүгүрткөн топ “китеп мафиясы” деген да аткан конгон. Азыркы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бир курдай өлкөдө “китеп мафиясы жоюлду” деп да жар салган. Сыягы, ал толук жоюлбаган өңдөнөт.

“Бугу” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин бул боюнча пикирин ортого салалы:

“Миллиондогон акча айланган жерде мафия болушу мүмкүн. Акча бар жерде мафия бар да. Мафия болбосо дагы тактык болбосо, алдын ала план, мониторинг, дистрибуциясы ордуна келбесе, бул иш чаржайыт болуп кете берет. Менин оюмча, бул жерде логистикасы жана дистрибуциясы начар болуп калган”.

Мына ушул жагдайлардан улам Кыргызстандын бийлиги китеп чыгарууну мамлекеттин колуна алып, көйгөйдү толук жоюуга бел байлаган эле. Бирок ишти аткаруу мамлекеттик органдарга өткөндөн кийин деле ызы-чуу кала берди. Анткени, аракеттер жетишсиз болду.

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китептер жана документтер.

Биринчиден, каржы өтө аз бөлүнүптүр – болгону 1 млрд сомдон ашык акча каралган экен. Экинчиден, китептерди баарын удаа чыгарууга мамлекеттик басмакананын кубаттуулугу жеткен жок. Үчүнчүдөй, мекемелердин бири буюртма берип, бири даярдап, бири чыгарып, айтор, жоопкерчилик чачырап кетти.

“Китепти чыгаруудан баштап, китепти жеткиргенге чейин, айталы, окуу китебинин акыркы кардары окуучу болсо, китеп терилип, даярдалып, басылгандан баштап, окуучуга жеткенге чейинки процессти алар көзөмөлдөгөндө гана бул иш иретке келет деп ойлойм. Анткени, басма үйдүн негизги милдети ушул китеп саясатын жүргүзүү. А эгер ушул ишти ар башка мекемелерге бөлүштүрүп салышса, анда бул максатына жетпейт деп ойлойм. Азыр жакшы китептер даярдалыптыр, бирок максатына жетпей, башка жерден чыгып калып атпайбы. Ошондуктан бөлүштүрүүдө, таркатууда, жеткирүүдө иш акырына чейин жүрбөй калыптыр”, – дейт Жаныбек Абидетегин.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жылдык билим берүү системасы боюнча Кыргызстанды толук камсыздоо үчүн 48,4 миллион нуска окуу китеби талап кылынат экен. Жогоруда белгилегенибиздей, эки жылда болгону 10 миллиондой китеп басылды.

Окуу китептери тууралуу жалпы маалымат. "Окуу китеби" басма үйү "Азаттыкка" берген.

Демек, дагы 38,5 миллиондон ашык китеп керек. Анын баары качан даяр болот? Агартуу министрлиги буга дагы үч жыл кетерин билдирүүдө. Ага чейин окуучулар 11 жылдык билим берүү системасынын китептерин аралаштырып окуп турууга аргасыз.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мурдараак "Азаттыктын" жаңылыктар программасындагы маегинде буларга токтолгон:

Надира Жусупбекова

“30 жылдан бери окуу китептерин чанда-чанда гана чыгарып, жылына бир китеп басып, же бир жылда эки эле китеп басып коюп келсек, базистик планда 17 сабак болсо, окуучулар 1-класстан 11-класска чейин болсо 1-2 жылда бул курч жетишсиздикти жоё албайбыз. Ошону үчүн 2023-жылы жаңы саясаттын негизинде жөнгө салынды жана каржылоо кадимкидей бөлүнө баштады. 2023-жылы бир аз гана китептер чыкты, ал эми 2024-жылы жана 2025-жылы кадимкидей китептер чыга баштады. Жылына 4 миллиондон ашуун нуска китеп чыкканы Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Тарыхта биринчи жолу – 2025-жылы 4 миллиондон ашык китеп басылды. Мурда англис тили, математика, табигый илимдер, орус тили, алиппе жана башка китептер өтө аз чыккан. Анан ачык айтып коюшубуз керек, 2030-жылга чейин так план бар. 38 миллион экземпляр чыгарганда 1-класстан 12-класска чейин негизги предметтер боюнча толук окуу китептер жетишсиздиги жоюлат. Бирок биз 2030-жылга чейин созо бербей, кубаттуулуктарды күчөтүп, “Учкун” басмаканасы менен “Окуу китеби” басма үйү азыр абдан интенсивдүү иштеп, тездеткенге аракет кылып жатышат. Мисалы, мындай да, математика, англис тили, табигый илимдер, алиппе, орус тилин берип атабыз да, бирок мурунку – 11 жылдык эски программа менен иштеп жаткандарга эски китептерди чыгара албайбыз. Аны да басып турсак анда бул каражаттарды туура эмес пайдалануу болуп калат. Ошондуктан болгон китептерди алып туруңуздар, калган китептердин электрондук вариантын колдонуп туруңуздар деп айтып жатабыз. Эч нерсени жашырган жокпуз, кырдаалды ачык айтып жатабыз. Мындай өткөөл этаптан бардык өлкөлөр ушинтип өткөн”.

Коомдоогу соңку талкуулардан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алганы маалымдалган. Кийин атайын жарлык кабыл алынган маалда сумма 8,5 млрд сом экени маалым болду.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка жооптуу жетекчилер аз убакыттын ичинде жыйынтык көрсөтүшү керектигин билдирген. Эгер мамлекеттик “Учкун” ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо өлкө ичиндеги талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл экенин кошумчалаган.

"Окуу китеби" басма үйү даярдап, "Учкун" басып чыгарган китептер.

Башкача айтканда, мамлекет даярдаган китептерди жеке басмаканаларга да басып чыгарууга уруксат берилгени турат. Айтор, кеп ушундай.

Бирок 2030-жылга чейин дагы көйгөй жаралбайбы? Андай болбош үчүн эми эмне кылуу керек? Бул суроого эл өкүлү Дастан Бекешев жооп берди:

“Менимче, өздөрү туура эмес кылып алышты. Мамлекеттик монополия дайыма ушуга алып келет. Билим берүү мыйзамында стандартка жараша мугалим өзү окуу программасын түзө алат деп жазылып турат. Демек, ал, мисалы, математика боюнча мамлекет чыгарбаган башка автордун китебин алышы мүмкүн, же башка сабактарда ошентиши мүмкүн. Бирок мугалимде азыр андай тандоо жок болуп калды. Азыр эмне болот? Макул, президент акча бөлдү, китептер басылды дейли. Андан кийин маселе китептин мазмунунда болот. Айрым мугалимдер китептердин контенти боюнча сын-пикирлерди азыр эле айтып жатышат. Кээ бир ата-энелер да анализ кылган соң кеп кылууда. Эми ушул 7 млрд сомду да туура эмес колдонуп, ушундан да чыр чыгып кетпегидей болуш керек. [...] Менимче, китеп чыгаруу борбордоштурулган боло берсин, бирок атайын белгилерди коюп, башка басмаканаларга да чыгарганга уруксат берип коё бериш керек. Мейли, “Учкун” 70% китепти чыгарсын, калганын башкалар чыгарсын деп койсо болмок. Болбосо мугалимдерге башка китептерди тандоосуна уруксат бериш керек. Антпесе, тартыштык дагы деле боло берет”.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Ички иштер министрлиги окуу китебинин айланасындагы жагдайларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси – “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” боюнча кылмыш ишин козгогон. Министрлик азырынча тергөөнүн деталдары менен бөлүшө элек.

Укук коргоо органдарынын иликтөөсү аяктаганга чейин “Азаттык” өз алдынча иликтөө жүргүзүп көрдү.