Ирсалиев: Чакан ГЭСтер – отун-кубат кризисинен чыгуунун аргасы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев өлкө отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруусу керек деп эсептейт.
Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" менчик чакан ГЭСтери мамлекетке электр жарыгын бере албай жатат.

Аларды салган Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев 2-3 жылдан бери өкмөт келишимди аткарбай жатканын айтууда.

Ирсалиев Кыргызстан отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруу керек деп эсептейт.