Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Кыргызстанда бүгүн энергетиктер күнү


«Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады. 21-декабрь, 2020-жыл.
«Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады. 21-декабрь, 2020-жыл.

22-декабрь Кыргызстанда энергетиктердин кесиптик майрамына карата президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов куттуктоо сөзүн жолдоду. Мамытов куттуктоосунда энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирген:

"Сиздер ар бир кыргызстандыктын үйүндөгү жарык жана жылуулук үчүн чоң жоопкерчиликти сезип, кесиптик майрамыӊыздарды жумуш ордуӊуздарда тосуп жатасыздар. Сиздерге чыӊ ден соолук, бакты-таалай ишиңиздерге ийгилик каалайм!" деген президенттин милдетин аткаруучу.

Куттуктоодо мындан тышкары энергетиктердин быйылкы коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилдеги ишине да жогору баа берилген. Саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн алар ишин тынымсыз улантышканы жазылган.

Энергетиктердин майрамын утурлай, 21-декабрда Ат-Башы ГЭСинин үчүнчү агрегаты ишке берилди. Бул энергетикалык долбоор Кыргызстан эгемендик алгандан бери ишке берилген Камбар-Ата-2 ГЭСинен кийинки экинчи долбоор.

Мындан бир кылым мурун — 1920-жылы 22-декабрда, Кыргызстанда алгачкы ирет гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Учурда өлкөдө ири жети ГЭС, ири эки ЖЭБ бар. Андан тышкары Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери бар. Бул ишканаларда 16 миңден ашуун адис иштейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG