Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Токтогул суу сактагычында 12,7 млрд. куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

«Электр станциялары» ишканасынын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө 12 млрд. 729 млн. куб метр суу бар. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 148 куб метрди түзсө, секундасына 708 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр ушул күнү суу сактагычта 15,3 млрд. куб метр суу болгон.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. 2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. (ZKo)

Дагы караңыз

XS
SM
MD
LG