Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Пашинян Армениянын чек ара аймагына сапарын кыскартып, Ереванга чукулунан кайтты


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. 2020-жылдын 21-декабры.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. 2020-жылдын 21-декабры.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түштүк чек арадагы Сюник облусундагы сапарында Горис, Капан жана Мегри шаарларын да кезе турганын алдын-ала жарыялаганына карабастан, бул оюн өзгөртүп, 21-декабрда борбор шаар Ереванга кайтып келди. Пашинян «Фейсбуктагы» өз барагында Горис шаарына карай кетчү автожол нааразылык акцияларын уюштуруучулар тарабынан тосулуп турганын жана аза күтүү күндөрү аларга каршы күч колдонуудан баш тартаарын билдирди.

«...Бүгүн биз Сюникте калайык менен жолугуштук, набыт болгон сюниктик жоокерлердин мүрзөлөрүнө барып аза күттүк. Бул жүрүм улантыла бермекчи. Биз чагымдарга эч алдырбайбыз», - деди Пашинян. Ал Сюник облусунун Сисиан шаарындагы көрүстөнгө келип, Тоолуу Карабактагы согушта курман болгон жоокерлерди эскерди.

Пашиняндын айтымында, 21-декабрда чек арада жүргүзүлүп жаткан демаркация иштери 2010-жылы кабыл алынган Армениянын аймактык бөлүнүшү тууралуу мыйзамда алдын-ала такталган болчу.

«Сюник облусуна Армениянын чек арачы аскерлерин жайгаштыруу өлкөнүн чек ара коопсуздугун чыңдайт жана өлкө орток коопсуздук системасына кошулууда», деди Пашинян. Бул сөзү менен ал Армения Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (УКМК) мүчөсү экенин эске салды.

Сюник облусунун бир катар тургундары дүйшөмбүдө таңга маал Горис шаарына кетчү жолду бууп, Пашиняндын бул шаарга өтүп келишине каршы бөгөт уюштурушту. Жолду буугандар «Азаттыктын» армян кызматынын кабарчыларына да жолтоо болууга далалат кылышканы маалымдалды.

Сюник облусунун тургундары Тоолуу Карабактагы согуштун айынан өз аймагында стратегиялык инфратүзүм алсыраганын жана мамлекет аралык автожол коркунучка кабылганын сындап чыгышты.

Сюник облусунун чет-жакасындагы Азербайжан менен чек араны демаркация кылуу маселеси калайыктын бүйүрүн кызыткан темага айланды. Айрым айдоо жерлери жана кыштактарга жакын дөңсөө чокулары эми советтик эски картага ылайык Азербайжанга кайра өткөрүлмөкчү.

Горис шаарынын мэри Аруш Арушанян.
Горис шаарынын мэри Аруш Арушанян.

Армениянын түштүк тарабындагы Горис шаарынын мэри Аруш Арушанян өзү бул келишимге каршы чыгууга калайыкты үндөгөн болчу. Ал түн ортосунда өзүнүн «Фейсбуктагы» барагында жергиликтүү тургундарды шаардын Григор Татеваци атындагы аянтына таңкы саат 06:00га нааразылык жыйыны үчүн топтолууга чакырган болчу. Ал эми 21-декабрда таңкы саат 05:00тин тегерегинде аны армян коопсуздук күчтөрү сурак үчүн кармап кетишти.

Өткөн аптада Зангилан жана Кубатлы жергелеринин айрым бөлүктөрү Азербайжанга өткөрүлдү. Бул тууралуу алты апталык согушка чекит койгон үч тараптуу макулдашууда алдын ала белгиленген. Армения менен Азербайжандан тышкары атышууну токтотуу боюнча келишимге арачы катары Орусия кол койгон болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG