Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

«Ну, погоди!» мультфильминин жаратуучулардын бири Курляндский каза болду


Александр Курляндский (1938 - 2020).
Александр Курляндский (1938 - 2020).

Балдар арасында таанымал «Сениби, шашпа!» («Ну, погоди!») мультфильмин жараткандардын бири, сценарист Александр Курляндский (1938 - 2020) 21-декабрда 82 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Курляндский балдар жана чоңдор үчүн юмордук жана сатиралык аңгемелердин автору катары да белгилүү болчу. Ал жараткан «Сениби, шашпа!» «Азамат, Гоша» («Великолепный Гоша") аттуу мульфильмдер Советтер Биримдигинде өзгөчө атакка жеткен.

Маркум Курляндский ошондой эле «Ералаш» («Аралаш») аттуу балдардын юмордук тасма журналынын авторлорунун бири болчу.

Ал «Таитиде болгон эмес белеңиз?» («Вы не были на Таити?»), «Бизди бул жакта деле дурус оокаттандырышат!» («А нас и здесь неплохо кормят!»), «Эң сонун!» («Прелестно!») жана «Тоту куш Кеша казына издейт» («Попугай Кеша ищет клад») деген повесттерди жазган.

Тааанымал сатирик, драматург, сценарист, балдар үчүн китептердин автору Курляндский 1988-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал 2007-жылы Орусиянын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.

Ал онкологиялык оорунун айынан каза болгондугу кабарланды.

XS
SM
MD
LG