Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:27

«Манас» таануучуларды таарынткан тасма


“Ороздунун он уулу” мультфильми.

“Кыргызфильм” киностудиясы “Ороздунун он уулу” аттуу анимациялык тасманын бет ачарын өткөрдү. Мамлекеттин каражатына тартылган мультфильм буга чейин айтылып келген Манас эпосу боюнча анимациялык тасма тартуу долбоорунун алгачкы сериясы.

Бет ачарда балдарга арналган фильмдин сюжетиндеги кай бир идеологиялык өңүттөр талаш жаратты.

Тасма кан Мамай өткөн доордон башталып, анда ислам дини келе элек болсо да анын жаназасында теспе тарткан молдонун жүргөнү, Ороздунун беш аялдуу болгонуна, Алооке кандын кыргыз жерин жердеп турганына маани берилген. Мындай эпизоддор бет ачарга келген айрым көрүүчүлөргө жакпады.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Мурат Алиев мультфильмдин маңызына нааразы болгонун ачык айтты.

“Байыркы окуяларга байланышкан тасмаларды жасап жатканда анын кайсы кылымда өткөнүн билип алып, ар бир бөлүкчөнү ошол мезгилге ылайыкташ керек да. Оюнчук жасасаң да, жомок жазсаң да ошол эреже сакталышы керек эмеспи. Мисалы, Манас эпосун көпчүлүк манасчылар, тарыхчылар бешинчи кылымда жаралган деп айтып жүрүшөт. Анда ал тууралуу тартылган сюжетти ошол заманга такоого туура келет. Ошол доордогу боз үйлөр, кийимдер кандай болгон, ошонун баарын изилдеп алып анан иштеш керек да. VI кылымда эле молдо отурса анда кандай болуп калат?”.

Аталган мультфильмдин сценарийин кытайлык кыргыз Жусуп Мамайдын варианты боюнча Бейшенбек Мамбетакунов жазган. Адис жогорудагы сынга мындайча жооп берди:

Алоокенин Нарында турганы тууралуу талаш сөз кетпедиби? Ал бүгүнкү Тянь-Шандагы Нарын эмес. Үрүмчүдө Нарын-Кол, Нарын деген жерлер бар. Мисалы, биздин кээ бир манасчыларыбыздын вариантында Манастын Кытайга барганы тууралуу кеп жок. Ал эми Жусуп Мамайдын вариантында Манас Үрүмчүгө чейин барганы, калмактарды кубалаганы айтылат. Бул эми ар кимдин өзүнүн чыгармачылыгына жараша болот”.

Деген менен манас таануучу Жылдыз Орозобекова негизинен Жусуп Мамайдын варианты талаш жарата турганын айтып, анимациялык тасма тургай аны жайылтууга болбойт деген ойдо.

“Манас мыйзамынын төртүнчү беренесинде бул эпостун идеологиясын бузгандар жоопко тартылышы керек деп турат. Жусуп Мамай Манастын тарыхын кан Мамайдан баштайт да бизди таштандыдан чоңойтуп, бизге "кыргыз" деген атты калмактар берет. Мен 1875 бет китепти он жети жылда "ичип-жеген" кишимин. Буга менин жүрөгүм ыйлайт. Ошондуктан мен эч качан Жусуп Мамайды манасчы катары көрбөйм”.

Орозобекова аталган вариантты жайылтпоо боюнча учурда өлкө башчысына кайрылганын билдирди.

Бирок манасчылар арасында "Манас" эпосунун жетимишке жакын варианты бар экенин, Жусуп Мамайдын варианты да көркөм чыгарма катары жашоого укуктуу экенин айткандар бар.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков болсо бардык эле манасчылардын вариантында Алооке Манас төрөлгөнгө чейин кыргыз элин Ала-Тоодон Энесайга, Шиберге чейин сүрүп, өзү Анжиянга чейин ээлеп жатканын, кийин Манас келип, өз жерин кайра кайтарып алганы баяндалганын кеп кылды.

Мультфильмдеги кадр.
Мультфильмдеги кадр.

Бирок "Ороздунун он уулу” мультфильмин сындагандар эң негизгиси - мультфильм эпостун мазмунун толук окуп чыкпаган наристелерге идеологиялык жактан жаңылыш тааным жаратып каларын айтышты.

Бул "Манас" эпосунун тегерегинде чыгып жаткан биринчи талаш-тартыш эмес. Буга чейин эпос каармандарынын аты арак-шарапка коюлуп жатканы, Манас айкели туура эмес жасалганы, мындан он жылдай мурда Ала-Тоо аянтына Манастын душмандарынын айкелдери орнотулганы сыяктуу темалар коомчулук тарабынан кызуу талкууга түшкөн.

Ушундай маселелерден улам манасчы Рыспай Исаков улуттук идеологияга байланыштуу көркөм мурастарды пайдаланууга мамлекет астейдил кийлигишүүсү керек деди.

Рыспай Исаков.
Рыспай Исаков.

“Манас академиясын түзүп атабыз, Манас ордо, дагы башка нерселерди жасап жатабыз. Бирок Манасты камкордукка ала турган, Манас аталыштарын тескей турган кандайдыр бир уюм жок. Ансыз болбойт. Манас жалпы өлкөнүн сыймыгы да. Буга чынында мамлекет кайдыгер карап жатат. Ошондуктан ар ким Манасты каалагандай пайдаланып жатат”, - дейт Рыспай Исаков.

“Кыргызфильм” киностудиясы сунуштаган “Ороздунун он уулу” аттуу анимациялык тасмасынын режиссеру Каныбек Өмүркулов.

2Д форматында тартылган мультфильмге мамлекет бюджетинен 800 миң сомго жакын каражат жумшалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG