Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитети бүгүн, 22-декабрда «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.

Комитеттин отурумуна депутаттардан тышкары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Марат Жаманкулов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, экономика министри Санжар Муканбетов, салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жана Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев чакырылган.

Мыйзам долбоорунда Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.

Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарса болорун билдирип жатат.

Жогорку Кеңеш 5-ноябрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Ага президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койду.

Мыйзамда ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык жигердүүлүктүн күчөшүнө алып келери жазылган.

Мыйзамдын оппоненттери ал коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG