Көмүскөдө жүргөн чуулгандуу ишкер Ширшов ачыкка чыкты

Алексей Ширшов. Талантбек Имановдун Инстаграм баракчасына чыккан видеодон алынган кадр.

Кыргызстанда энергетика жана башка тармактардагы айрым кылмыш иштеринде аты аталган Алексей Ширшов “Ширшов фондун жеке каражатынын эсебинен каржылап жатканын”, “эч кандай саясий дымагы жок экенин”, “Каракол жубайы ушул шаардан болгондуктан тандалганын” айткан видеотасма жарыяланды.

“Ширшов фонду” Кыргызстанда быйыл каттоодон өткөн. Фонд Каракол шаарын масштабдуу көрктөндүрүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө болжол менен 7-8 млрд сом бөлгөнү айтылган эле.

Эксперттер соңку кезде Кремлден каржыланган коомдук уюмдар Кыргызстандын аймагында кулачын жайып, гуманитардык иш-аракеттер жанданганын айтып келишет.

Быйыл май айында Каракол шаарында Жеңиш майрамына карата өткөрүлгөн концертте орусиялык ырчылар келип, “Z” белгиси жана “Георгий” тасмасы, аскердик техниканын сүрөт-видеолору көрсөтүлгөнү “пропаганда” катары бааланып, катуу талкууга түшкөн. Ошондо дагы Ширшовдун ысымы аталган эле.

Ысымын коррупция жана көмүскө схемалар боюнча көптөгөн чуулар коштоп жүргөн ишкер Алексей Ширшов кыска-нуска жооп берген тасмасын Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Видеодо Ширшов бир нече суроого жооп бергенин көрүүгө болот:

- Алексей Юрьевич, Каракол сизге эмне үчүн керек? Эмне үчүн фонд ачтыңыз? Башкача айтканда, беделиңизди жакшыртуу үчүнбү же...?

-Билесиңерби, беделди жакшыртуунун башка, бир кыйла арзан жолдору да бар эмеспи. Мүмкүн, кантсе да жардам берүүгө убакыт-сааты келгендир. Экинчиден, менин жубайым ушул жактан. Качандыр бир кезде башташ керек да. Менимче, буга келүүгө убакыт керек.

- Фондду ким каржылайт?

- Мен.

- Эмне үчүн Караколдон баштадыңыз?

- Бул кандайдыр бир дал келүүчүлүк болсо керек. Биринчиден, менин жубайым ушул жактан. Айтмакчы, Иманов дагы ушул жактан. Дагы кайсы жерден жардам кылыш керек? Түштүк алыста, ал жакта менин жакындарым же туугандарым жок. Каракол мага жакын шаар, бул жерде балалыгым өткөн, бул жакка чаңгы тебүүгө көп келем.

- Элдин сиз жөнүндө кеби маанилүүбү?

- Чынын айтканда, мен соцтармактарды окубайм. Байланыштарым да, каалоом да жок.

- Сиздин саясий дымагыңыз барбы?

- Жок.

50 жаштагы Алексей Ширшов муну менен биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыгып жатат. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан.

Быйыл июнда Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген коомдук фонд ачылган. Уюмдун түзүүчүсү да, башкаруучусу да Алексей Ширшов өзү экени көрсөтүлгөн.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов бир подкастка катышып, Ширшов менен кызматташып жатканын, анын чуу коштогон өтмүшү эмес, шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы маанилүү экенин айткан.

«Алексей мырзанын фонду бүгүнкү күндө 7,5-8 млрд сомдун ортосунда инвестиция кылып, биринчи жумуштар кылына баштады. Бүт социалдык объекттерге жумшалат. Биринчиден, туризм өнүгүп атпайбы, бул Караколдогу көл жээк. Каракол дарыясын айландырып туристтер үчүн веложол, аллея куруу кыялым бар, азыр ошону ишке ашырып жатабыз».

Мэр Иманов айткан шаар пляжы июль айында эс алуучуларга ачылган.

Муну менен катар, шаардын беш мектеби менен беш бала бакчасын оңдоп-түзөө, көп кабаттуу 25 үйдүн короолорун жашылдандыруу, «Жеңиш» паркын жаңылоо, жарыктандыруу линияларын, арыктарды, агынды суу тутумдарын алмаштыруу жана 70 автобус сатып берүү тууралуу программа бар экени жарыяланган.

21-сентябрь күнү Караколдогу Жолболду уулу Садыр Аке атындагы №6 мектептин оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышына «Ширшов фондунун» атынан Алексей Ширшовдун жубайы Ирина Ширшова катышты.

Талантбек Иманов Ширшовду эзели коррупцияга аралашпаган, миллиарддаган сомдук схемалардын сырын ачууга көмөктөшкөн, бийликтин сырдана кишиси катары сыпаттаган.

Талантбек Иманов

«Эгерде уурдап качкан, схемалар менен иштеген адам болгондо бүт капиталын Кыргызстандан чыгармак да. Бирок, кылдат карап көрсөк, бир да чыгарган эмес. Мен билгенден, кылып аткан ишинен азыр миллиарддаган капитал бюджетке келип атат. Иштеп, жардам берип, мурунку бийликтеги кишилердин моделдеринин баарын ачыкка чыгарып… Ошол эле «Жогорку Нарын» каскады боюнча, мисалы, соттук маселелер болуп атканда «жок, андай эмес, мындай болгон» деп. Билет да. Ошонун баарын Кыргызстан үчүн деген ийкемдигин кылып, деталдардын баарын ачыктап берген. Мен билгенден, миллиарддагандар келип атат. Ошол эле «Элкаттан», ошол эле пансионаттардан чыгарып кетейин деген капиталдан… Ушунун баарын кайтарууга Алексей жардам бербесе, президент анда башкача чара көрөт беле. Деталдарын билбейм. Бирок, менин билгеним, ошол эле «Элкат» экономикага ондогон миллиард пайда алып келди окшойт. Мен билгенден, ал киши коррупциядан алысыраак го дейм. Бул эч качан бюджеттин тыйынына тийишпейт. Өзүнүн ресурстары менен бүгүнкү күнү Каракол шаарына жардам берип атат».

Буга чейин расмий маалыматтарда «Элкат» интернет-оператору жана «Аврора Плюс» эс алуу аймагындагы коттеждер Ширшовдун жардамы менен мамлекетке кайтарылып жатканы айтылып келген.

Быйыл февраль айында ал “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө катышкан. Президент Садыр Жапаров ГЭСтин курулушуна байланыштуу Кыргызстан менен “Русгидронун” ортосундагы маселени чечүүгө Алексей Ширшов жардам берип жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Ширшовдун беделин актоо аракеттерин эл өзү баалашы керектигин айтат:

Элвира Сурабалдиева

“Бир саясатчы менен иштегенден кийин ал саясатчынын кишиси болуп калат деп, кийин беделин актоо иретинде мүмкүн ошондой каражаттарды тартып, менин билишимче, Караколго фонд ачып туруп, ошондон жарандарга автобустар боюнча жардам берип жатат, жубайы чыкканын көрдүм. Коомдо кандай кабыл алат? Мунун баарына эл тараза да. Эгерде эл туура кабыл алса, эл арасында атын актайм, ак иштеп берем, анан бул жагынан жардам берем десе – буга биздин жарандар өздөрү баа бериши керек. Саясатчылар же мамлекеттик кызматта иштеген жарандар эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз жалпысынан өздөрү баа бериши керек”.

Ширшовдун ысымы соңку 20 жылдан бери кыргыз саясатында, айрыкча оппозицияда маал-маалы менен аталып, аны энергетика тармагындагы көмүскө иштерге байланыштырып келишет. Алтургай «Ширшовдун схемасы» деген термин пайда болгон.

"Ширшов деген ким? Анын эл арасындагы аты же лакабы – энергобарон. Кыргызстандагы энергетика системасын эңшерип кеткен, же болбосо, талкалап кеткен адам. Ширшовду азыркы балдар билбейт болуш керек. Бул Айдар кеткенден кийин Максимге өттү, анын убагында ЦАРИИде, “Дастанда” жүрдү. Бул Кыргызстандагы коррупциянын символу", - деген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков 2022-жылы.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Сапар Аргымбаев да "Ширшовдун схемасы" тууралуу буга чейинки маектеринде кенен айткан:

Сапар Аргымбаев

«Жөн гана колдонулган жабдууларды сатып алып, аны жаңы деп көрсөтүп алып келишчү. Эгер чындап жаңы жабдуу алышса, анын баасын негизсиз көтөрүшчү. Ушундай жол менен энергетика тармагынан өтө чоң көлөмдөгү акча чыгарылып турган. Кийинки баскычта болсо электр энергиясын ортомчу фирмалар аркылуу негизинен Казакстанга сатып турушкан».

Сапарбек Аргымбаевдин айтымында, бул махинациялар салыштырмалуу жөнөкөй «ширшовдук» схемалардын катарына кирген. Ал эми кыйла татаал жана ири схемалардын бири стратегиялык энергетикалык объекттерди жеке колго өткөрүп берүү болгон. Бирок аны ишке ашырып үлгүрүшкөн эмес. Анткени 2010-жылы Кыргызстанда Бакиевдин бийлиги кулатылып, Ширшов да, анын жакын өнөктөшү Максим Бакиев да өлкөдөн чыгып кетишкен.

Бирок 12 жылдан кийин Ширшов кайрадан Кыргызстанга келген. Ал кармалып, ошол эле күнү бошотулган. Социалдык тармактардагы сын-пикирлерден кийин президент Садыр Жапаров Ширшов Максим Бакиев мамлекеттен чыгарып кеткен 200 миллион долларды жана башка мүлктөрдү кайтарууга жардам берүүнү убада кылганын билдирген. Ал бул ишке чындап көмөк көрсөттүбү же жокпу, азыркыга чейин белгисиз.

«Бул чоң жомок. Абдан чоң жомок. Менин оюмча, кожоюну болгон Максим чет өлкөдө жүрсө дагы кечээки кызматчысынын ага каршы ушундай иштерди жасашына жол бермек эмес. Жөн эле жол бербейт болчу», – деп эсептейт Аргымбаев.

Мурда эл аралык издөө жарыяланган адамдын бүгүн Кыргызстандын расмий сүйлөшүүчүлөрүнүн арасында жүргөнүн дагы бир энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков да түшүнө албай турганын айткан:

«Бул адамдар бир кезде Бишкек ЖЭБи, “Түндүкэлектр” сыяктуу стратегиялык объекттерди бүтүндөй сатып жиберүүнү көздөшкөн. Андай адамдарга кантип ишенсе болот? Азыр алар мамлекеттик кызыкчылыкты коргойт деп ким кепилдик берет?».

Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Президент Садыр Жапаров "Коррупция" беренеси менен кармалып, ошол жылы 10-майда үй камагына чыгарылган "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Ширшов Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга көмөктөшөт

Президенттин айтымында, Алексей Ширшов 6-7 ай мурда жардамчылары аркылуу байланышып, "Максим Бакиевдин 200 млн доллары камакта жаткан банкты тапканын, Кыргызстанга кайтарууга болорун айтып" кабыл алууну суранган.

"Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз", -деген президент.

Мамлекет башчысы Алексей Ширшов тергөө учурунда 2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн, "Аврора плюс” пансионатын, андагы коттеждерди, батирлерди кайсы бийликте отурган адамдар, Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү талап-тоноп, туугандарына каттатып алганын айтып бергенин жазган.

Жапаровдун айтуусунда, Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес. Ал ошондой эле Максим Бакиев чыгарып кеткен акча кайда экенин билгендерди чакырып, коопсуздугуна кепилдик бере турганын билдирип, мунун артынан Максим Бакиев дагы келет деп жаткандарга көңүл бурбоого, ал "башынан ылдый алтын куябыз" деп чакырсаңар дагы келбейт, анчалык акылсыз эмес деген.

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Кийин президенттин маалымат кызматы Жапаров менен Бекназаровдун Ширшов боюнча айткандарына тактоо киргизген жана Ширшовго карата 2010-2014-жылдары жалпысынан төрт кылмыш иши козголгонун маалымдаган.