Уюм Орусиянын Украинадагы согушун колдогон орус эстрада ырчыларынын концертин Каракол шаарында бир нече ирет өткөрдү. Кыргыз коомунда орус пропагандасы күчөп баратканы жана ал тарых, маданият, медиа тармагында катуу жүрүп жатканы тууралуу сын айтыла баштады.
"Евразия" уюмунун кезектеги долбоору Нарында
«Евразия» борборунун өкүлдөрү ал орус тилин үйрөнүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган көп функционалдуу аянтча экенин айтып келишет.
Алена Аршинова
Борбордун ачылыш аземинде сүйлөгөн Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун координациялык кеңешинин төрайымы Алена Аршинова алардын ишмердигин жайылтууга кыргыз президенти Садыр Жапаров жакшы колдоо көрсөтүп жатканын айткан:
«Бул жерде орус тилин, маданиятын, инклюзияны колдогон экинчи борборду ачууга мүмкүнчүлүк беришкени абдан жакшы. Биринчисин Бишкекте ачканбыз, ал жакшы таанымал болуп калды. Бүгүнкү күндө ал борбор чоң популярдуулукка ээ болуп, 37 миң катышуучуну өзүнө тартты. Алар ал жерден өздөрүнө кызыктуу жана пайдалуу ишмердүүлүктү табышты. Биздин азыркы милдетибиз – ушундай борборлордун базасында жаңы муунду даярдоо жана биригүү. Анткени биз Евразия экономикалык биримдигине бириккенбиз».
“Евразия” уюму – Кремлдин пропагандасын жайылткан курал болуп эсептелет. Соңку эки-үч жылдан бери уюмдун Кыргызстандагы ишмердиги өзгөчө активдешти. Билим берүү, маданий-гуманитардык багытта ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда.
"Орусия Кыргызстанга акчаны көп бөлө баштады, алдыда баары жакшы болот"
Орусиянын өкмөтү Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетин каржылоону да кескин күчөтүп, ал аркылуу билим берүү тармагындагы мүдөөсүн жайылтууну күчөттү. Орус пропагандасынын аянтчаларындагы талкууларда өтмүштө Москвасыз Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын тагдыры жарык болмок эмес, тарыхый келечегибиз да сөзсүз бирге болушу керек деген пикирлер такай айтылып турат.
Тимофей Бордачев
Жакында Валдай клубунун программалык директору Тимофей Бордачев Кыргыз-Орус Славян университетинде студенттер менен болгон жолугушуусунда Борбор Азия менен Орусиянын тарыхы бири-бирине үндөшүп турарын мындайча чечмелеген:
“Биз азыр чок ортосунда турган Борбор Азия тарыхта эч качан дүйнөлүк саясаттын чордонунда болгон эмес. Орусия сыяктуу эле Борбор Азия цивилизациясы өнүккөн Батыш Европа менен Чыгыш Азиядагы негизги маданий жашоо борборлорунан обочолонуп турган. Эки очок – Батыш Европа (Франция) жана Кытай. Борбор Азия Орусия сыяктуу эле ал чөлкөмдөрдөн алыста жайгашкан. Ошого жараша алардын күрөшү да, карым-катышы да башка жерлерде жүргөн. Алардын экспансиясы бизге чейин жеткен эмес”.
Орус тарыхчысы эгерде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ири чөлдөр болбогондо кыргыз элинин өз тили жок болуп, иероглифтер менен жазып калмагын белгилеген.
Кремлдин таасиринде иштеген уюмдар менен эксперттер кыргыздар сыяктуу майда калктар Москва менен гана жан сактай алат деген пикирди тынбай кайталап келишет.
Ал эми орус саясат таануучусу Александр Собянин сентябрдын соңунда Stanradar деп аталган орусиялык пропагандалык басылма өткөргөн талкууда мындай деген.
Александр Собянин
“1917-жылдагы революцияга чейин бул жердеги кыргыздар Ооганстандагы жана Кытайдагы кыргыздардай эле жашачу. Азыр асман менен жердей. Жөнөкөй эле себеп менен алдыбызда бардыгы жакшы болот. Орусия бул жакка гуманитардык чөйрөдө 15-20 эсе көп салым кыла баштады. Бүгүнкү күнү эки жылда бейөкмөт долбоорлорго 30-40 эсе көп (3000-4000%) берилди. Кытай дагы көбөйтүүдө, бирок мен ал теманы козгобой эле коёюн. Анткени Нарын, Ысык-Көл боюнча суроолор дагы жаралат. Бул жакка көп акча, мугалимдер, программалар келгенде АКШ Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен масс-медианы каржылоосун кескин кыскартып салды. Улуу Британия такыр эле токтотту. Албетте, натыйжа болот”.
Москва пропагандасынын дагы бир бутагы болгон “Орус үйү” Кыргызстанда эки жерде – Бишкек менен Ошто жайгашкан. Алар кремлдик пропаганданын негизги куралдарынын бири болгон “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы долбоору катары белгилүү. Уюмдун өзү тууралуу расмий маалыматында ал гуманитардык, маданий жана билим жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү менен алектенери айтылат.
Кыргызстандык абитуриенттердин Орусиянын окуу жайларына тапшыруусуна көмөктөшөт. Фестивалдарды, көргөзмөлөрдү, концерттерди, тарых боюнча лекцияларды жана сынактарды өткөрөт. Мектептер, китепканалар жана маданий борборлор менен иштешип, орус тили курстарын уюштурат.
Дал ушундай иш-чаралардын өтүшүнө Кыргызстандагы айрым ишмерлер тынчсыздануусун билдирүүдө. Маселен, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев мындай иштерге бийлик көңүл бурушу керектигин эскертүүдө:
"Чукул чараларды көрүп, Кыргыз-Орус Славян университетинде, башка жерлерде да, аң-сезимди жана өзүн таанууну калыптандырган коомдук илимдерди (философия, тарых) Кыргыз Республикасынын бекитилген программалары менен гана окутуу керек. Бул жерде өзүм билемдикке жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү!".
"Орус пропагандасы Кыргызстанды аянтча катары даярдап жатат"
Ошол эле маалда, “Орус үйүнүн” көмүскө ишмердиги тууралуу кызыктуу маалыматтар да чыгып турат.
2025-жылдын апрелинде атайын кызмат Ош шаарында төрт кишини кармаганын кабарлаган. Кармалгандар орус куралдуу күчтөрүнө жалданмачыларды азгырууга шектелген. Алардын экөө “Россотрудничество” уюмунун филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина менен орусиялык саясий технолог Виктор Васильев экени аныкталган. Кийинчерээк алар белгисиз себептер менен эркиндикке чыгып кетишти.
Илим Карыпбеков
Медиа-эксперт Илим Карыпбеков орус пропагандасы Кыргызстанды Борбор Азияга таасир жайылтуучу аянтча катары колдонуп жатат деп эсептейт:
“Орусия акыркы учурда Арменияга болгон таасирин жоготту, Азербайжанга болгон таасирин жоготту. Бүгүнкү күндө Казакстанда орустарга болгон мамиле өтө татаал. Анан булар ошол себептин баарынын алдын алып, түшүнүп, азыр эмне кылып атышат? Кыргызстанды Борбор Азияда плацдарм катары даярдап жатышат. “Биз азыр Борбор Азияны да алдырып жиберебиз” деп. Ошондуктан көп тармактуу иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Жанагы университетке берилген миллиарддаган акча, мектептердин курулуп жатышы, жыл сайын 300-400 мугалимди жөнөткөн долбоорлору, Телеграм каналдар, Nomad телеканалдары, ушул Stanradar'га окшогон эксперттер, талкуулар, "тегерек столдор" – мунун бардыгы бир саясаттын багыты”.
Карыпбеков орус пропагандасы ошол эле учурда аларга каяша сүйлөгөн блогерлер менен ишмерлерди ар тараптан чектөөгө аракет кылып, ал эми лоялдуу блогерлерди Орусияга алып барып өз мүдөөсүнө сугарып келип жатканын айтты.
Экономика кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калганы менен эки өлкөнүн алакасы соода жана инвестиция менен гана чектелбейт. Орусия маданият, билим берүү жана медиа аркылуу өзүнүн "жумшак күчүн" жигердүү жайылтып келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Про русский”. "Евразия" борбору эмнени көздөйт?