Кургакчылык, жайыттардын деградациясы негизинен мал чарбасы менен тиричилик кылган Кыргызстандын айыл калкына оор кесепетин тийгизүүдө. Фермерлер барган сайын мал асыроо чыгымды көп талап кылган тармакка айланып баратканына даттанууда.
Эттин баасы асман чапчыды...
Бишкекте азык-түлүк, анын ичинде эттин баасы асман чапчып кеткени тууралуу талкуу дагы деле токтой элек. Кымбатчылык айрыкча жону жука бүлөлөрдү оңбогондой түйшүккө салып жатат. Бишкек шаарынын тургуну Эдита мындай деди:
"Майыптыгым бар болгону үчүн 4600 сом пенсия алам. Ал акча этке эмес үйдүн коммуналдык чыгымдарына да жетпейт. Мисалы азыр мен алайын деп турган уйдун төш эти 780 сом экен. Бир үй-бүлөдөн бир эле киши иштесе кымбатчылыктан улам жөндөп деле тамак жеп турганга мүмкүн болбой калды. Эптеп-септеп жеңил тамактардан куурмалап атабыз. Айыл-ападан мурдагыдай койдун бир санын салып ийген заман жок. Ар ким өз арабасын эптеп тартып келатат".
Бишкектин дагы бир тургуну Асем Азат кызы айлыктын эсебинен деп жумушуна 750 сомдон уй этин алып барышарын, эң азы 10 килограмм экенин айтууда:
"Анча кымбат эмес дегенибиз менен арасында бөйрөй май, көбү сөөк болуп чыгат. Карызга алып аткан соң унчукпайсың. Бир эле эт жеп жан бакпайсың да. Май, чай деген бар. Ортодо мэрия, УКМК бааларды көзөмөлдөгөнсүп атты эле, азыр карасаң өзгөрүү деле жок. Кымбатчылыктан улам тоок этин алып атабыз".
Дагы караңыз "Кымбатчылык кыйнады". Элдин пикири, өкмөттүн маалыматыЕвразия экономикалык комиссиясы жыл башында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөгү эттин баасынын жогорулашы боюнча өз анализин жарыялады. Анда эт баасы өткөн жылдын ноябрына карата коңшу Казакстанда 21,2%, Кыргызстанда 14%, ал эми Беларуста 8,7%, Орусияда 6,9%, Арменияда болсо 3,7% кымбаттаганы көрсөтүлгөн.
Аталган уюмдун талдоосунда 2025-жылдын октябрынан ноябрь айына чейин эле Кыргызстанда эт 2% кымбаттаган.
Ушул күндөрү Бишкектеги эт базарларда кой, уй этинин бир килограммы 750 сомдон 950 сомго чейин сатылып жатат. Жылкынын эти 690 сомдон жогору.
Соодагерлер этти биринчи колдон дүң баада 650-700 сомдон аларын айтып жатышат.
"Мал багуу оор болуп калды..."
Эттин баасы асман чапчып жаткан чакта мал баккандардын абалы деле жакшы эмес. Фермерлер мал багуу түйшүгү эселеп көбөйгөнүн, соңку жылдарда Кыргызстанды каптаган кургакчылыктын айынан тоют жыйноо оңбогондой түйшүк жаратып калганын айтууда.
Ысык-Көлдүн Түп районунун тургуну Майрамбек Ибраев мал багуу машакаты тууралуу айтып берди. Ал 10 жылдан ашык убакыттан бери бука байлап сатат:
"Мал базардан 1-1,5 жаш буканы азыр биз 110-115 миң сомго алабыз. Бордоп, сойгонго даярдоого беш ай кетет. Бул аралыкта ар бир букачар бир күндө кем дегенде 200 сомдун тоютун жейт. "Экожем" деп мүшөгү 900 сомдук жем алабыз, анын ичинде улпак, витаминдердин түрү бар. Андан бир букачарга күнүнө 8 кг беребиз. Бир түк чөптү 3 уйга күнүнө бөлүп беребиз. Малчынын айлыгы 25 бука үчүн бир айга 25 миң сом. Жайкысын жакынкы жайыттарга чыгарабыз, ага да бир башына 500 сомдон төлөнөт. Түрдүү ооруларга каршы вакцина да жасалат. Жыйынтыгында биздин бука 500-550 килограмм болуп, сойгонго даяр болуп калышы керек. Бул деңгээлге жетүү үчүн биз ар бир бордоп жаткан малга кем дегенде 35-40 миң сомдон сарптайбыз".
Кыргызстанда мал бордогон фермерлер бир буканы 550 кг жеткирүү үчүн орточо эсеп менен 40 миң сомго чейин сарптайт.
Фермердин айтымында, соңку мезгилде мал семиртип сатуу кирешелүү тармак деген мүнөздөмөгө дал келбей баратат. Айрым чарбакерлер мындан улам багытын өзгөртүп, короо-жайындагы малдын санын азайтууга аргасыз экен.
"УКМК баага чектөө коюп, көзөмөлгө ала баштагандан бери кыйла кыйын болуп баратат. Себеби биз бордогон малды дүңүнөн ашып кетсе 650 сомдон сата алабыз, ортодогу беш ай эмгегибиз текейден арзан баада эсептелип калууда. Тагыраагы, беш ай эмгек кылып отуруп жыйынтыгында 50-60 миң сом эле көрөсүң, бул өтө аз. Мал баккан ар бир кыргыз малчынын түйшүгүн жакшы билет. Ошондуктан азыр жок дегенде дүңүнөн 700 сомдон сатып, керектөөчүгө бир килограммы 800 сомдон берилсе биз уттурбайт элек. Менин 2-3 жакшы таанышым мал семиртип сатуусун токтотуп, башка тармакка кетип калды. Бааны чектөө улана берсе биз деле ошого барчудайбыз", - дейт Майрамбек Ибраев.
Маектешибиз жайыт тарып, мал тоодон семирбей жатканын кеп кылды. Бул көрүнүш соңку жылдарда фермерлердин башкы маселесине айланган.
Эттин баасын жөнгө салуу аракети
Ал арада өкмөт бааны көзөмөлдөө аракетин көрүп келет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жер-жердеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эттин баасын көзөмөл кылышы керектигин эскерткен.
Эт жана эт азыктарынын кескин кымбаттап кетишине адистер бир нече факторду мисал кылышат. Экологдор бул көрүнүштүн негизги себеби катары климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана жайыттар кыскарып жатканын аташат.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мал чарбасын тиешелүү деңгээлде өнүктүрүп кетүү үчүн тоют маселесин жөнгө салуу керек деп эсептейт. Маселен, өлкөдөгү айдоо аянт болгону 1 млн 280 миң гектарды түзгөндүктөн маселе жыл санап курчуп барат:
Тилек Токтогазиев
"20-30 жылдан кийинки келечекке карасак, азыркы экологиялык зыян мындан да чоң көйгөгө айланат. Маселен, деградация болгон жакынкы жайыттардагы чаң көтөрүлүп, карга конот да, ал мөңгү жана кардын эришин тездетет. Биз туруктуу өнүгүү жолдорун ойлогонубуз жакшы, өзгөчө мамлекеттик саясаттын ролу чоң. Мүмкүн катардагы фермер же дыйкан кыштан чыгуу жолун гана издесе, мамлекет алдыңкы 15-20 жылдан кийинки саясатты ойлонуп, көрөгөчтүгү менен иш алып барса. Импортерлорго барьер түзүлсө, экспортерлорго жеңилдик бериш керек. Ошол эле учурда импорт дегенде кайра иштетилген продукция, ал эми чийки зат дегенде толук жол ачып берүү зарыл. Өлкөнүн транзиттик потенциалын толук колдонсок кандай жакшы болмок. Анткени эл аралык келишимдерде каралган протоколдо сырттан арзан продукция киргизип, аны кайра иштетип, сыртка чыгарсак болот. Ошол эле буудайды Казакстандан алып келсек, андан ун өндүрүп, сыртка чыгаралы. Ал эми анын улпагы өлкө ичинде калса арзан тоют болуп калат. Ушуга окшогон стандарттуу эмес чечимдер менен биз өзүбүздүн азык-түлүк коопсуздугубузду камсыздай алабыз".
Кыргызстанда жайыттардын жалпы аянты 9 миллион гектар. Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы жайыттардын 35% ашыгы деградацияга учурап, 80% түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен.
Дагы караңыз "Жер арыктаганда аба булганат". Кара топуракты кантип сактайбыз?Айдоо аянттарын майнапсыз пайдалануу жер кыртышынын кунарын кетирди. Айыл чарбасына жарактуу кыртыштын 88% эрозиядан, шордон улам мурдагыдай мол түшүм бербей калды.
Өлкөдө 1,2 миллиондой киши жер кыртышы бузулган аймактарда жашагандыктан бул тамак-аш тартыштыгына жана жакырчылыктын жайылышына жеткирерин адистер эскертишет.
2024-жылы 370 миң, ал эми 2025-жылы 401 гектар жер эс алууга калтырылган. Адистердин пикиринде бул жерлер да деградация болуу коркунучунда болгондуктан анда мал жаюуга убактылуу болбойт деп белгиленген.
Жогоруда айтылган жайыттардын деградациясын токтотуу үчүн Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2023-жылдан бери жайыттарда үрөн себүү иштерин аткарып келет. Бүгүнкү күнгө чейин 15 гектарга себилди. Өткөн жылы Таласта тажрыйба үчүн жайыттарга органикалык жер семирткичтер да себилген. Ошентсе да малдын башы көбөйүп, кургакчылык жыл өткөн сайын күчөп жаткандыктан маселени бир нукка тез салып кетүү кыйын болууда.
Буга далил катары күз айларында мал жайыттан арык түшүп жатышы айтылууда.
Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров буларга токтолду.
Мыктыбек Каландаров
"Бул акыркы 2-3 жылда катуу байкалууда. Жайыттар талаш болуп, тоютка болгон муктаждык 2023-жылы күчөп кеткендиктен тоютту сыртка чыгарууга тыюу салууга мажбур болгонбуз. Өзүбүздү өзүбүз тоют менен камсыздоо кыйын болуп бараткандыктан көпчүлүк чарбакер ассоциациялар сырттан ташылган тоютка кошумча салык салууну алып салыш керек деп кайрылып жатышат. Биз ушу жагын да караштырып жатабыз. Ал эми жайыттарды деградациядан сактап калуу үчүн мал кармагандарга малды жайытка чыгарбай, сарайда эле семиртүү жолун тандоону сунуштап атабыз. Асыл тукум чарба түзөбүз дегендер болсо мамлекеттик фонддон жер берели, силос басып алгыла деп да сунуштап атабыз. Чыктуу тоют канчалык көп болсо, элге да ошончо жеңил болот. Өзгөчө Нарындын Ат-Башы районундагы айыл өмөттөргө ушул сунушту көп айттык. Ал эми деградация болуп бараткан аянттардын саны 139 миң гектардан ашык болуп атат азыркы тапта. Аларга биз Орусиядан алып келинген үрөндөрдү сээп атабыз, буюрса өзгөрүү болуп калат".
"Тоютка жарамдуу өсүмдүктөр урук таштап үлгүрбөй калууда"
Жайыттардагы көп түрдүүлүктүн азайышы тууралуу өзгөчө экологдор коңгуроо кагып келет. Алар Кыргызстандын жайыттарындагы жогорку түзүлүштөгү жапайы өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү бар дешет. Анын ичинен тоютка жарактуу 323 түрү. Арасында бетеге, каракыяк, арпакан бар. Бул дан өсүмдүктөр мал жандык көбөйгөндөн бери биологиялык вегетациясында урук бергенге жетишпей жатат. Маселен алар баш көтөрүп өскүчө мал жеп коет. Мындан улам мал жебеген башка өсүмдүктөр, тагыраагы, опол чөптөр урук таштап, бетеге өңдүү тоюттардын ордун басууда.
Эколог Мыскал Ганыбаева табигый тоюттардын азайышы биринчи кезекте мал чарбасына, андан кийин калктын саламаттыгына чоң таасир тийгизиши ыктымал деп эсептейт. Ошондуктан облус, район жана айыл өкмөт жетекчилери мал жебеген өсүмдүктөрдү механикалык жол менен алып салууга өтүшү керек деп жатат.
Мыскал Ганыбаева
"Мына ушундай жол менен жайыттарыбызды сактап калсак болот. Албетте азыр 4 миң өсүмдүк болсо, алардын бир канчасы жок болуп кетти деген прогноз бизде азыр жок. Бирок урук берип үлгүрбөй калып атканы анык. Азыр Айыл чарба министрлиги ушул деградация болуп жаткан жерлерге Орусиядан урук алып келип сээп жатканын айтып атышат, бирок ал туура эмес, ал биздин өсүмдүктөр менен гибриддешип кетип, башка түрү чыгып кетиши же мал жебеген чөп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул тажрыйбаны биз эколог катары колдобойбуз, союз учурунда буга уруксат берилчү да эмес. Азырынча бизден бул тууралуу сураган тараптар боло элек. Жаратылыштын өзүндө табигый тоюттун болушу адамдардын чың ден соолугун камсыздап бере алат".
Дагы караңыз "Ордун коко тикен басат". Алтыгананын айласы табылабы?Деградация болгон жайыт жерлердин калыбына келүүсү үчүн бир кылымдык убакыт керектелерин экологдор баса белгилешет.
Деградацияга адамдын да таасири күч. Маселен, жайыттарга чейин унаа айдап баруу, улам бир жол салуу ушул жагдайды күчөтөт.
Кыргызстанда малдын башы жыл санап көбөйүп келатканын Айыл чарба министрлиги маалымдайт.
Айыл чарба министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2025-жылы 1 млн 857 миң бодо мал каттоого алынган, анын 934 миңи ири мүйүздүү. Ал эми кой-эчкиден 6 млн 318 миң болсо, жылкынын башы 566 миң.