"Кыргызнефтегаздагы" ири жемкорлук иши: Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты

Шаирбек Ташиевге “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы жемкорлук тууралуу айып тагылган. Коллаж сүрөт.

мазмуну

  • "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты.
  • Ички иштер министрлиги Ташиев тергөө менен кызматташып, келтирилген зыяндын көпчүлүк бөлүгүн төлөп бергенин билдирди.
  • УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин эркиндикке чыгышы эмнеден кабар берет?
Жемкорлукка шектелип кармалган экс-депутат Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты. Бөгөт чарасын караган соттун баштапкы чечими менен тергөө абагына жөнөтүлгөн саясатчы ал жакка барбаганы, кармалгандан бери милициянын убактылуу жайында эле отурганы өткөн аптада белгилүү болуп, бул тема талкуу жараткан.

Кыргызстанда соңку күндөрү медианын күн тартибинин сап башында турган экс-депутат Шаирбек Ташиев кайрадан талкууга түштү. Буга чейин төрт ай мурун камалган Ташиев тергөө абагында кармалбаганы дайын болсо, 27-июлда анын эркиндикке чыкканы белгилүү болду.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев үй камагына чыкканын маалымдады.

Буга анын “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемадан улам мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн төлөгөнү себеп болгону айтылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө:

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурушкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн”, - деп айтылды.

Министрлик тергөө уланып жатканын, анын жыйынтыгы чыкканда иш сотко жөнөтүлөрүн маалымдады. Мекеме Ташиевдин канча каражат төккөнүн тактаган жок, ал чыгымдын негизги бөлүгүн жапты деп билдирди. Жалпы чыгым буга чейин 4,1 миллиард сомду түзөрү айтылган эле.

Коюлган айып жана ИИМдин билдирүүсү боюнча Ташиевдин өзүнүн, адвокатынын пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

Дагы караңыз

Ташиевдердин айланасындагы жагдай, түкшүмөл ойлор

Шаирбек Ташиев “Кыргызнефтегаз” жана “Кыргызпетролеум компанияларындагы” коррупциялык схемага байланыштуу алгач күбө катары суралып жүрүп, 1-апрелде шектүү макамында кармалган. Бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту СИЗО-1 тергөө абагында кармалат дегени менен ал төрт айга жакын милициянын убактылуу кармоочу жайында болгон.

ИИМ буга тергөө талаптары жол берет деп түшүндүргөнү менен коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

14-июлда “Социал-демократтар” партиясынын лидери, азыркы тапта СИЗО-1де кармалып турган Темирлан Султанбеков сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

Темирлан Султанбеков

“Ташиевдин иниси СИЗОдо деп айтылып жатат. Ал ал жакта эмес, ИВСте жатат. Чачын алган жок. Жыргап жатат. Телефон колдонуп атат”, - деген.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев “75чилердин каты” боюнча иште шектүү катары өтүп, 2-июлда Биринчи май райондук соту аны жети айыпталуучу менен кошо “бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан. Төрт жылдык абак жазасы берилип, судья үч жылдык пробациялык көзөмөл чарасына өзгөрткөн.

Эки аптадан кийин Ташиев социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, келерки жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын, бул өнөктүктө Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айткан. Мындай билдирүүдөн эки апта өтпөй иниси Ташиев абактан бошотулду.

Орозбек Молдалиев

"Камчыбек Ташиевге кандай болгон күндө да акталып, соттуулугун алып салып, кийинки келечектин үстүнөн иштей турган учур болуп жатат. Шайлоодо ким өтөт, ал дагы маселе. Колдойм деген сөзү бийликке жагымдуу. Бирок кийин абалдын кандай болушу экөөнүн жүрүшүнө жараша болот. Шаирбек Ташиевдин үй камагына чыкканын деле жооптук жүрүш катары карасак болот. “Сиз ушундай деп айттыңыз эле, андан кийин ушундай чечимге бардык” дегендей кылышкандыр. Бул шахмат оюнундай эле нерсе", - дейт коомдук ишмер Орозбек Молдалиев.

Жогорку Кеңештин 7-8-чакырылыштарынын депутаты, 49 жаштагы Шаирбек Ташиев агасы атайын кызматтын төрагалыгынан кеткенден көп өтпөй депутаттык мандатын тапшырган.

Камчыбек Ташиев 2020-жылы Октябрь окуяларынан соң УКМКнын төрагасы болуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган. Президенттик шайлоону эрте өткөрүү боюнча “75чилердин каты” чыккандан кийин жумуштан алынып, райондук сотто күнөөлүү деп табылды. Чечимге макул болбогон Ташиевдин адвокаты шаардык сотко арызданганы турат.

Эмилбек Жороев

"Ташиев жумуштан кетери менен өзүнөн сырткары анын иниси жана уулу сөзгө алынган. Баласынын териштирилиши жана иниси Шаирбек Ташиевдин камалуусу дал ошол саясий кырдаалдын бир бөлүгү катары каралып келген. Аны өзүнчө бөлүп кароо туура эмес болуп калат. Элди кызыктырганы, Камчыбек Ташиевдин соттук териштирүүсү жана андан кийинки шайлоого барбастыгы, “досумду сүрөйм” дегени тууралуу билдирүүсү болду. Ошол сөздөн кийин Шаирбек Ташиев абактан качан чыгат деген маселе турду окшойт. Эми Камчыбек Ташиев алдыдагы саясий процесстерде Жапаровду колдоо аракетинде ар кандай активдүүлүк көрсөтүшү мүмкүн. Ушуну менен сот учурунда анын камакка алынып-алынбашы боюнча талкууларга чекит коюлду. Ал эч кандай камакка алынбайт жана жабыр тартпайт деген кырдаалга келдик деп ойлойм", - деген ою менен бөлүштү саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Шаирбек Ташиевдин абактан чыгышы буга чейин камалган кээ бир саясатчы, активист, журналисттердин маселесин кайрадан козгоду.

Айрым эксперттер оор кылмышка айыпталган экс-депутаттын төрт ай өтпөй эркиндикке бошотулушун тандалма мамиле катары сындап жатышат.

Буга чейин бийлик, анын ичинде Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп турган учурда коррупция сыяктуу кызматтык кылмыштарга айыпталгандарга аёо болбой турганын, алардын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн бир нече жолу айткан жайы бар. Ал эми Шаирбек Ташиев дал ушул коррупциялык иш боюнча шектүү катары кармалган эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков мындай дейт:

Бейшенбек Абдыразаков

“Мамлекеттик кызматкерлерге сабак болушу керек. Аны көргөн кийинкилер коррупция кылбай кала тургандай болушу керек эле. Анан ушинтип жумшак кылып, эптеп-септеп коё бере берсе, коррупция токтобойт. Улана берет”.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Ташиевдердин тегерегиндеги иш боюнча сот чечим кабыл аларын айткан. Андан кийинки процесстер тууралуу үн ката элек.