Ош: ишкерлерди сызга отургузган илдет

Ош шаары.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алыш үчүн Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланды. Алардын катарында Ош шаары да бар.

Шаардагы орто жана кичи ишкерлерге кырдаалдын тийгизген таасири, алар туш болгон кыйынчылыктар кандай жана андан кантип чыгыш керек?

Транспортту чектөө - бизнести чектөө

Жер-жерлерде ишкерлердин башын бириктирип, бири-бири менен алака түзүүгө жана аларды өнүктүрүүгө салым кошуп келген ЖИА Бизнес-ассоциациясынын Оштогу филиалынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу коронавирустун айынан ишкерлер тартып жаткан зыянды санады:

«Коровируска байланыштуу кафе-ресторан, ашкана, курулуш тармагы, көпчүлүк жумушчулар иштеген бардык ишканалар чыгаша тартып жатат. Кыргызстан импорттук өлкө болгондуктан бизде бардык тармагыбыз бирдей зыян тартып жатат десек болот. Дүкөндөр, супермаркеттер мурда мындай кырдаалдын болушун күтпөгөндүктөн өз кампаларында убактылуу эле азык-түлүк сактап жатышкан. Ички транспорт да кыйынчылыкка учурай баштады жана азыртан тартыштык жаралып жатат».

Оштогу базар.

Акыркы жылдары Ош шаары жалпы Фергана өрөөнүнө товар ташууда логистикалык борбор катары иштеп келген. Январдан тартып Кытай менен чек аранын жабылышы сооданы солгундатып жиберген. Ишкерлер 5-марттан тарта киргизилген комменданттык саат да түштүк аймагындагы соода алакасына чоң түйшүк жаратарын белгилеп жатышат.

«Кичинекей үй-бүлөнү же өзүн баккан ишкерликте эң чоң чыгым - бул ижара акысы. Ишкерлер эмне кыларын билбей турушат. Кыймылсыз мүлкү бар киши болсо мындай учурду түшүнүшү мүмкүн, бирок көп учурда түшүнө бербейт. Ошто чоң өндүрүштүк ишкана деле жок да. Көпчүлүгү кызмат көрсөтүү же болбосо алып сатуу. Эртеңден баштап коменданттык саат кирсе, күч органдарына түшүндүрүш кыйын да. Ош шаары хаб катары иштечү. Соода алакасында мындан кийин чын эле чоң кыйынчылык жаралат», - деди ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча адис Мыктыбек Осмоналиев. Ал ошондой эле мындай кризистик жагдайда пайда тапкан ишкер дээрлик болбой турганын жана бир-эки айдын ичинде калктын колундагы акчасы түгөнгөнгө чейин абал турукташпаса, чоң маселе келип чыгарын болжолдоодо.

Туристтик сезон «өлдү»

Акыркы жылдары Кыргызстан туристтер үчүн кызык өлкөгө айланып, эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирген. CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, «Bloomberg» экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атаган. Бирок Кытайдан чыккан коронавирустун жайылышынан улам бул багытта иш жүргүзүп келгендер ара жолдо калышты.

Дагы караңыз Антикризистик чаралардын алсыздыгы

«Туризм токтоду десек боло берет. Туристтик сезон 100% өлдү. Эл аралык каттамдар токтоду, чек аралар жабылды, коменданттык сааттар киргизилип жатат. Азыр Орто Азияда саякаттаган туристтер жок», - дейт 10 жылга жакын туризм тармаганда иш жүргүзүп келген Талант Токсонбаев. Туристтер аны менен буга чейин түзүлгөн келишимдеринин баарын жокко чыгарышкан. Токсонбаев быйылкы туристтик сезондон биротоло үмүт үзгөнүн айтууда:

«Канчалаган адамдар туризм тармагынан киреше тапканын эми билип жатабыз. Кыргызстан боюнча миңдеген адамдар жумушсуз калды да. Мейманканалардын баары жабылды. 2010-жылы Ош окуясында да 100% иш токтогон. Быйыл да ошол окуя кайталанганы турат. Окуядан кийин туризм кайра калыбына келиши үчүн үч жыл керек болгон».

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков 23-мартта ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, ишкерликке көмөк көрсөтүү зарыл экенин белгилеп, «эч ким бизнеске жолтоо кылбашы керек» деген.

Дагы караңыз Насыя төлөө жүрөк ооруга айланды

Ишкердикти колдоо борборунун бизнес-эксперти Султан Рахманов алардын борбору карантинге карабай ишин улантып, өкмөт чыгарган ар бир мыйзамды ишкерлер менен бөлүшүп жатканын айтып берди:

«Биз ишкерлерге айтып жатабыз. «Дүрбөлөңгө алдырбай, гигиеналык коопсуздукту сактап, айрыкча өндүрүшчүлөр азыркы абалды толугу менен акылга салып кабыл алып, медицина кызматкерлери айтып жаткан каражаттарды аптекалардан тартыш болсо да сатып алып колдонуп, ишкананы да таза кармагыла» деп кеңеш берип жатабыз».

Рахманов мындай учурда мамлекет менен ишкерлер тыгыз иштешпесе эртең товарлар тартыш боло баштай тургандыгын кошумчалады. Ага карабай жергиликтүү бийлик жана өкмөт өкүлдөрү азык-түлүк тартыштыгы болбой турганын, мамлекеттин резервинде баары жетиштүү экенин билдиришүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​