Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Индиянын эли 21 күн үйдөн чыкпайт


Полиция карантинди бузган адамга чара көрүүдө. Калькутта, 25-март, 2020-жыл.
Полиция карантинди бузган адамга чара көрүүдө. Калькутта, 25-март, 2020-жыл.

Индияда 25-марттан тартып элге 21 күн бою үйлөрүнөн чыгууга толук тыюу салынды. Калкынын саны 1 миллиард 300 миллион кишиден ашкан өлкөдө ушу тапта COVID-19га чалдыккан 500дөн көп киши катталган, тогуз бейтап көз жумду. 

Шейшембинин кечинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ар бир район, ар бир көчө карантинге алынарын айтып, «21 күн сыртка чыкпоо эрежесин сактабасаңар, анда өлкө 21 жылга артка кетет» деди.

«Түнкү саат 12ден баштап бүт өлкө карантинге алынат. 12ден баштап үйлөрдөн чыгууга толук тыюу салынат. Индияны, ар бир жараныбызды, силерди жана үй-бүлөңөрдү сактап калыш үчүн ушундай чара зарыл. Бири-бириңерге жакын жолобогула, коронавирус менен күрөшүүнүн башка жолу жок», - деди Индиянын өкмөт башчысы.

Дели. 25-март, 2020-жыл.
Дели. 25-март, 2020-жыл.

Ошол эле учурда индиялыктар тамак-ашты, дары-дармекти кантип сатып алышат, жашоо-тиричилик үчүн башка эң зарыл иштерди кантип бүтүрүшөт - белгисиз. Өкмөт башчы эки миллиард долларлык фонд түзүлөрүн, ага түшкөн каражат медициналык инфратүзүмдү жакшыртууга жумшаларын жарыялады. Индиялыктар негизинен катуу чектөөнү түшүнүү менен кабыл алышкандай.

Карантин тууралуу анын күчүнө киришине 4 саат калганда гана жарыяланды. Ушундан улам «элге даярданууга убакыт берилиш керек эле» деп бийликти сындагандар да көп.

Дүйнө жүзүндө мынча көп калк, атап айтканда 1,3 миллиард киши карантинге алына элек эле. Анын үстүнө, байкоочулар белгилешкендей, жергиликтүү жамааттарга негизделген индус коому үчүн бул чоң сокку болмокчу.

Өткөн ишембиде Индияда сыноо иретинде 14 сааттык карантин жарыяланган. Эң зарыл дегенден башка коомдук жайлар жабылып, темир жол каттамы токтогон.

Моди өзү калайыкты балкондорго чыгып, дарыгерлерге, башка чукул кызматтарга алкыш айтууга чакырган. Бирок элдин көбү аны түшүнбөй көчөлөргө агылып, бийлеп, майрам уюштурган.

Дели. 23-март, 2020-жыл.
Дели. 23-март, 2020-жыл.

Өлкөдө ушу тапта COVID-19га чалдыккан 500дөн көп киши катталган, тогуз бейтап көз жумду.

Ал эми дүйнө жүзүндө шаршембинин таңындагы маалыматтар боюнча инфекциялангандардын саны 423 миңге жетти, 19 миңдей киши илдеттен каза тапты, 100 миңден ашуун киши айыкты.

Пандемиянын тез жайылып жатышына карабай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус бул терс тенденцияга дагы эле таасир этсе болот деп эсептейт. Анын айтымында, вирусту аныкташ үчүн анализ алууну көбөйтүп, ооруп калгандар менен аралашкан адамдарды табуу стратегиясын жакшыртуу зарыл.

Мурунку күнү карантин Британияда киргизилген. Ушул өңдүү чаралар бир катар башка өлкөлөрдө кабыл алынганы менен, бир да жерде үйдөн чыгууга толук тыюу салынган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG