Кыргыз-беларус алакасы, Үсөновдун залакасы

Өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырган адам (сол жагынан үчүнчү).

Сыртынан өмүр бою соттолгон, издөөдө жүргөн мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов тууралуу соңку кабар соттолгондорду өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин козгоду.

Өткөн аптанын аягында өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырган, бирок Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адам Беларуста ири мамлекеттик мекемени жетектеп жатканы, коомдук иш-чарага катышканы маалым болгон. Кыргыз бийлиги качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын, үзөңгүлөштөрүн алып келе албай жүрөт.

Расмий Минск Бишкектин Данияр Үсөнов тууралуу нааразылыгына жооп кайтара элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги экс-премьер-министр Данияр Үсөновго байланыштуу Беларустун Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго нота тапшырган жана беларус бийлигин бул жагдайга мамилесин өзгөртүп, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырган.

Даниил Урицский менен Данияр Үсөновдун кол тамгасы

Документте "расмий Минск мурунку жогорку даражалуу кыргыз аткаминерлеринин ишмердигин колдогону эки өлкөнүн достук мамилесине шек келтирет, кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратат, 2010-жылы апрель окуясында өлгөндөрдүн жакындарынын жана жабыркагандардын жүрөгүн оорутат" деп айтылат.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев парламент жайкы тыныгуудан келгенден кийин бул маселени талкуулай турганын айтты:

Абдывахап Нурбаев.

- ТИМ нота жөнөткөн экен, эми ошонун жообун күтөбүз го. Негизи эле бул жерде келишимдерди карап көрүш керек. Биз менен Беларустун ортосунда көп эле келишимдер жок. Кээ бир маселелерде мамилебиз начар, жакшы эмес болуп калган. Алака оңолуп баратканда эми минтип Данияр Үсөнов чыкты. ТИМдин нотасына берилген жоопко жараша мамиле болот го. Сентябрда парламентте иш башталганда муну сөзсүз карашыбыз керек. Мүмкүн ал Кыргызстандан уурдап барган акчасын ошол жакка салып жаткандыр? Азыр эми социалдык тармактарда элдин ар кандай кыжырдануусун жаратып жатпайбы. Муну сөзсүз караш керек.

Кылмышка шектүүлөрдү, соттолгондорду экстрадициялоо милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөн. Бирок мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бул жалгыз эле башкы көзөмөлдөөчү органдын иши эмес экенин белгиледи:

Байтемир Ибраев.

- Мурда деле Аскар Акаев качып кеткенден кийин анын тегерегинде жүргөн көп адамдарды Башкы прокуратура алып келе албай койгон. Азыр деле ошондой көрүнүш болуп жатат. Себеби КМШ жана башка мамлекеттерде башкы прокурорлор өз алдынча иш кыла албайт. Саясий маселелерге келгенде саясий жетекчиликке баш ийип калат да. Ошол себептен мындай маселелер ишке ашпайт. Бул маселени Башкы прокуратура чечиши керек деген көз караш деле туура эмес. Башкы прокуратуранын колунда бир гана курал бар - ал конвенцияга гана таянат. Бирок ар кандай шылтоолорду айтып экстрадиция кылбай коюп жатышпайбы. Бул жерде башка мамлекеттик институттар, ТИМ, саясий жетекчилик да жардам бериши керек.

Беларус медиасы 27-июлда Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адамдын сүрөттөрүн жарыялаган. Анда бул киши былтыр президент Александр Лукашенконун жардыгы менен түзүлгөн “Беларус улуттук биотехнология корпорациясын" башкарары, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганы маалым болгон. Ошондой эле ал адам ким экенин, жердигин такып сураган жергиликтүү журналисттерге "Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн" деген кабары бар экенин маалымдаганга үлгүргөн.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Кыргызстандан чыгып кеткен, издөөдө жүргөн мурдагы жогорку бийлик өкүлдөрүн экстрадициялоонун оордугунун бир себебин ошол өлкөлөрдү ынандыра алган далилдердин жоктугу менен түшүндүрдү. Ал ТИМдин Данияр Үсөнов тууралуу нотасынан майнап чыкпайт деп эсептейт:

Эмил Жороев.

- Кыргызстанда бул кишилер боюнча чет мамлекеттерди, биздин өнөктөштөрдү ынандырарлык териштирүү, тергөө болгон эмес. Көбүнчө саясий нукка салып эле соттоп салып жатабыз. Жүйө жок болуп калып жатат. "Бул адамдардын кылмыштары бар, соттошубуз керек" деген далил жок. Экинчиден, Беларустун бийлиги Курманбек Бакиев өңдүү мындай адамдар менен жакын дос. Бул адамдар беларус жараны болуп алган. Даниил Урицкий деген паспортторду көтөрүп жүрүшөт. Курманбек Бакиевди деле "өткөрүп бергиле" деп канча жолу сурап, канча жолу нааразылык айтылды. Курманбек Бакиевди эч нерсе кыла албагандан кийин Данияр Үсөновдон деле майнап чыкпайт. Данияр Үсөнов өзү айткандай Данияр Үсөнов өлгөн экен, бул Даниил Урицкий экен.

Данияр Үсөновдун мурдагы жубайы, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Динара Исаева "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Анда ал өзүн Даниил Урицкий деген адам мурдагы күйөөсү экенин ырастады. Бирок аны менен 2010-жылдан бери чогуу жашабай калышканын айтып берди:

Динара Исаева.

- Мен анын кайда экенин билбейм. Биздин чогуу жашабай калганыбызга сегиз жыл болду. Мурда да "аты-жөнүн өзгөртүп алыптыр" деп жазып жүрүшкөн. Мен анда "жөн эле жазып жатышат го" деп ойлогом. Азыр Интернетте тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Бирок жаман же жакшы деп айта албайм. Ага 2010-2011-жылдары жолуккам. Мен Кыргызстанга келдим, ал башка жакка кеткен.

Данияр Үсөновдун аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Беларуста ири мамлекеттик ишкананы жетектеп жатканы тууралуу маалыматтар былтыр жыл этегинде эле чыккан. Буга байланыштуу "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясын да өткөрүшкөн.

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандан качып кеткенден бери дээрлик дайын-дарегин билгизбей жүргөн жана убагында Казакстанга келип кеткени тууралуу маалымат чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.