“Азаттыктын” кезектеги апта темасында Кыргызстандагы өрт коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болот.

Жер-жерлердеги жана Бишкектеги кабарчыларыбыз базарларда, ишкана-мекемелерде, токойлор менен жайыттарда, дегеле калк жыш отурукташкан аймактарда өрттү алдын алуу жана сактануу эрежелери cакталабы, коомчулук тилсиз жоо коркунучуна канчалык деңгээлде маани берет – териштирип көрүштү.

23-июнь күнү Бишкекте жаңы курулган 13 кабаттуу турак үйдүн чатырынын өрттөлүшү коопсуздукка байланышкан бир топ маселени көтөрдү. Адистердин айтымында, Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүндө өрт коопсуздугу сакталбайт. Ал эми өлкөдөгү өрт өчүрүү кызматындагы техниканын эскилиги жетти. Бүгүнкү өрт өчүрүү кызматында он беш кабаттан өткөн үйлөрдөгү тилсиз жоо менен күрөшүүгө техника жок. Толугураак кабарчыбыз Токтосун Шамбетовдун макаласында.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек: Тилсиз жоо өрт өчүрүү кызматын сынады

Өрттүн адам өмүрү үчүн канчалык кооптуу экендигин 6-июнда Бишкек шаарында катталган акыркы кырсык дагы бир ирет далилдеди. Газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жабыркаган он бир кишинин алтоо ооруканада каза тапты. Газ, күйүүчү, майлоочу май өңдүү өрт коркунучу бар жүктөрдү ташуунун, соодалоонун коопсуздук чаралары жана ишкерлер, айдоочулар маани бербеген тобокелчиликтерге кабарчыбыз Айгерим Акылбекова токтолот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айдоочулар маани бербеген тобокелдик

Кыргызстандандагы соңку өрт кырсыктары негизинен базарларда чыкканы белгилүү. Ошондон улам жайма соода жайларындагы өрт коопсуздуктарын тыкыр текшерилүүдө. Бирок эски чыгыш тибин сактап келаткан базарларда өрттөн сактануу эрежелери сакталмак тургай, автоунаа кирчү жолдор да жок. Маселен, Ош шаарындагы борбордук базарда ыктымал өрттөн сактануу мүмкүнчүлүгүнө адистер "үч" деп баа коюшат. Толугураак Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: Базар коопсуздугу ойлондурат

Таласта электр өткөргүчтөрүн, зымдарды, жабдыктарды туура эмес пайдалануудан, туташтыруудан, кесипкөй эмес мамиледен улам өрт кырсыктары чыккан же чыгуу ыктымалдыгы бар көрүнүштөр көп байкалат. Электр жабдыктарынын коопсуздугуна байланышкан маселеге аймактагы кабарчыбыз Салика Сариева кайрылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас: Электр зымынан чыккан өрт

Жалал-Абадда быйыл эски жылдарга салыштырмалуу жайыттарда жана токойлордо өрт ыктымалдыгы көбүрөөк. Ушул айдын башында Ноокен жана Сузак райондорундагы чөп чабык аяттарында үч ирет өрт чыгып, натыйжада 40 гектарга жакын аянт күлгө айланган. Адистер жана облустук бийлик чукул арада аймактарда алдын алуу максатындагы түшүндүрүү аракеттерин көрө баштады. Аймактагы кырдаалга кабарчыбыз Руслан Калматов токтолот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: тоютту жалмаган өрт

Өрт тобокелчиликтери, кесепеттери, өрттү алдын алуу чаралары, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин, өрттүн алдын алуу жана анализ жасоо бөлүмүнүн башчысы Акжол Үсөн уулу кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева менен маектешкен эле. Ал сөзүн өрт коопсуздугу күч жерлердеги аны өчүрүүдөгү көйгөйдөн баштады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акжол Үсөн уулу: Өрт өчүрүүгө тоскоолдук көп

Бишкектеги өрт. 23-июнь, Бишкек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көп кабаттуу үйдү өрт чалды